00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Гимндин жаңы текстинин беш варианты тандалып, алардын музыкасына 8-сентябрга чейин сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.Кечээ, 25-июлда, мамлекеттик гимндин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын мыкты долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отуруму өттү. Анда 16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунуш каралган.Эми сынактын экинчи этабында бул тексттерге музыка тандалат. Композитор, ырчы, музыканттар сунуштарын 8-сентябрга чейин Маданият министрлигине Пушикина, 8 дарегине жөнөтсө болот. Комиссия анын ичинен мыкты делген үч вариантты иргеп алып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджаны согуштук аракеттерден карманууга чакырды. “Биз эки тарапты тең сабырдуулукка, куралдуу кагылышуунун андан ары күчөшүнө жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон аскердик аракеттерден баш тартууга жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз”, — дешти ТИМден. Мекеме Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынан этият болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдаттык менен кулак салууну өтүнөт.
Мирлан Таалайбеков Бишкек шаардык мэриянын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон. Ал мындан ары борбор калаадагы жашылдандырууну, санитардык жана экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөйт. Таалайбеков буга чейин Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгынын маалымат кызматынын инспектору, милициянын лейтенанты болгон.
Израиль Газа секторундагы жашоо шартты адам чыдагыс абалга алып келүү менен анклавды бошотууну пландоодо. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан айтканын РИА Новости агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Израиль бийлиги ушул тапта бир катар өлкөлөрдөн палестиналык качкындарды кабыл алууну талап кылууда. "Биз Израилдин геноцид саясатын көрүп жатабыз. Бир тарабынан алар Газа секторундагы инфраструктураны жок кылып, ачарчылык жаратууда, мунун кесепетинен адамдар каза болуп жатат. Дагы башка тарабынан израилдик чалгын кызматкерлери башка өлкөлөргө барып, айрым мамлекеттерди палестиналык качкындарды кабыл алууга көндүрүүгө аракет жасашууда. Тактап айтканда, Израиль анклавдагы жашоону татаалдаштырып, башка өлкөлөр качкындарды кабыл алабыз десе жашоочуларды ошол жакка чыгарып салууну көздөшүүдө. Ошентип Газа тилкеси палестиналыктардан бошойт. Израилде ушундай долбоор бар. Мындай нерсенин алдын алуу керек, биз тиешелүү өлкөлөр менен сүйлөшүп, эскертип жатабыз", – деген Фидан NTV телеканалына курган маегинде. Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Буга жооп кылып Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0