https://sputnik.kg/20250726/1095536260.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджаны согуштук аракеттерден карманууга чакырды. Министрлик Кыргызстан чек арадагы кырдаалдын өнүгүшүнө... 26.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-26T11:00+0600
2025-07-26T11:00+0600
2025-07-26T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095536128_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_277a465c8147a466796dc1b1d702671a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджаны согуштук аракеттерден карманууга чакырды. Министрлик Кыргызстан чек арадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи. “Биз эки тарапты тең сабырдуулукка, куралдуу кагылышуунун андан ары күчөшүнө жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон аскердик аракеттерден баш тартууга жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз”, — дешти ТИМден. Мекеме Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынан этият болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдаттык менен кулак салууну өтүнөт.
Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жайнак Немат уулу дайындалды. Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.46 жаштагы Немат уулу төрт жылдан бери Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакында Жалал-Абадга барган маалында андан канчадан бери иштегенин сурап, "сиз же эптеп-септеп начар иштейсиз же колдогон жетекчиңиз жок. Сиз аким болосуз, жакшылап иштеңиз",— деген эле.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет. Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана уурдоого шектелүүдө. Курулушка 657,05 миллион сом бөлүнүп, келтирилген зыян 115,4 миллион сомду түзгөнү айтылды. "Шектүүлөр ишенимдүү адамдар аркылуу подряддык уюмдардан сый акы алышкан. Анын кесепетинен подряддык уюмдар курулушту создуктуруп, сапатсыз жасаган", — деп айтылат маалыматта. Учурда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы, башкы инженер, башкы эсепчи жана ЖЧКнын подряддык уюмунун жетекчиси камакка алынганы кошумчаланды.
Франция БУУнун Башкы Ассамблеясынын сентябрдагы отурумунда Палестинаны мамлекет катары расмий тааныйт. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон социалдык тармакка жазган. "Жакынкы Чыгыштагы адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка баш койгон тарыхтан берки келе жаткан позицияга ылайык, Франция Палестина мамлекетин тааный турганын чечтим. Бул тууралуу расмий билдирүүнү быйыл сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жарыялайм", — деп жазды ал. Макрон азыркы эң башкы милдет Газадагы согушту токтотуп, карапайым элге жардам көрсөтүү экенин белгиледи. "Биз ошондой эле ХАМАСты куралсыздандырууга кепилдик берүүгө, коопсуздукту камсыздоого жана Газаны калыбына келтирүүгө тийишпиз. Акыры, Палестина мамлекетин түзүшүбүз керек. Анын жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыздап, аны Жакынкы Чыгыштагы жалпы коопсуздукту камсыз кылууга катышууга мүмкүндүк беришибиз керек. Бул үчүн ал куралсызданууну кабыл алып, Израилди толук таанышы зарыл", — деп жазган Франция лидери. Палестина өз кезегинде мындай кадамга, Париждин аны расмий таануу ниети үчүн Макронго ыраазылык билдирди.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджаны согуштук аракеттерден карманууга чакырды. Министрлик Кыргызстан чек арадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи. “Биз эки тарапты тең сабырдуулукка, куралдуу кагылышуунун андан ары күчөшүнө жана калк арасында курмандыктарга алып келиши мүмкүн болгон аскердик аракеттерден баш тартууга жана сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечим табуу үчүн диалогго кайтууга чакырабыз”, — дешти ТИМден. Мекеме Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынан этият болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдаттык менен кулак салууну өтүнөт.Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Жайнак Немат уулу дайындалды. Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.46 жаштагы Немат уулу төрт жылдан бери Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакында Жалал-Абадга барган маалында андан канчадан бери иштегенин сурап, "сиз же эптеп-септеп начар иштейсиз же колдогон жетекчиңиз жок. Сиз аким болосуз, жакшылап иштеңиз",— деген эле.Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет. Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана уурдоого шектелүүдө. Курулушка 657,05 миллион сом бөлүнүп, келтирилген зыян 115,4 миллион сомду түзгөнү айтылды. "Шектүүлөр ишенимдүү адамдар аркылуу подряддык уюмдардан сый акы алышкан. Анын кесепетинен подряддык уюмдар курулушту создуктуруп, сапатсыз жасаган", — деп айтылат маалыматта. Учурда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы, башкы инженер, башкы эсепчи жана ЖЧКнын подряддык уюмунун жетекчиси камакка алынганы кошумчаланды. Франция БУУнун Башкы Ассамблеясынын сентябрдагы отурумунда Палестинаны мамлекет катары расмий тааныйт. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон социалдык тармакка жазган. "Жакынкы Чыгыштагы адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка баш койгон тарыхтан берки келе жаткан позицияга ылайык, Франция Палестина мамлекетин тааный турганын чечтим. Бул тууралуу расмий билдирүүнү быйыл сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жарыялайм", — деп жазды ал. Макрон азыркы эң башкы милдет Газадагы согушту токтотуп, карапайым элге жардам көрсөтүү экенин белгиледи. "Биз ошондой эле ХАМАСты куралсыздандырууга кепилдик берүүгө, коопсуздукту камсыздоого жана Газаны калыбына келтирүүгө тийишпиз. Акыры, Палестина мамлекетин түзүшүбүз керек. Анын жашоого жөндөмдүүлүгүн камсыздап, аны Жакынкы Чыгыштагы жалпы коопсуздукту камсыз кылууга катышууга мүмкүндүк беришибиз керек. Бул үчүн ал куралсызданууну кабыл алып, Израилди толук таанышы зарыл", — деп жазган Франция лидери. Палестина өз кезегинде мындай кадамга, Париждин аны расмий таануу ниети үчүн Макронго ыраазылык билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095536128_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7657495755e4c7fe8607b1c80a84245c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио