https://sputnik.kg/20250726/1095534662.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Энергетика министрлиги кышында электр энергиясыз калбаш үчүн бул аптаптуу күндөрү электр кубатын үнөмдөөгө чакырды. Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл... 26.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-26T08:59+0600
2025-07-26T08:59+0600
2025-07-26T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095534530_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1571a11c84110b0cbf851af2f2ed51a1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Энергетика министрлиги кышында электр энергиясыз калбаш үчүн бул аптаптуу күндөрү электр кубатын үнөмдөөгө чакырды. Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Токтогул суу сактагычында өткөн жылга салыштырмалуу 700-800 миллион кубга аз экенин айтты. "Дагы бир ай убакыт бар, бирок былтыркыдай көлөмдү топтоого жетишпейбиз. Электр энергиясын үнөмдөп колдонолу", — деди ал. Соңку маалыматтарга таянсак, кечээ, 24-июлда, жайкысын электр энергиясын керектөөнүн жаңы рекорду коюлду. Сандар менен түшүндүрсөк, өлкөдө 44,7 млн кВт/саат сарпталган. Салыштыра келгенде, былтыр ушул күнү электр кубатын керектөө 38 млн кВт/саат болгонун айтышты. Ведомство муну өлкөдөгү экономиканын өсүшү менен түшүндүрдү. Тагыраагы, курулуш иштеринин, ишке берилген ишканалардын санынын өсүшү, элдин турмуш шарты жакшырып жатканы негиз деди.
Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператору алмаштырылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Документтин коомдук нааразылыкты азайтуу, тутумдун ачык-айкындыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөй турганы айтылган. Мындан улам министрлер кабинетине бир айдын ичинде байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо тартибин кайра карап чыгуу тапшырылды. Ошондой эле чет элдик операторду мамлекеттик же жергиликтүү уюмга алмаштыруу сунушталды. Бул улуттук коопсуздукту, жеке маалыматтарды коргоону жана санариптик эгемендикти камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылган. Ага чейин маалыматтык өнөктүктүн алкагында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү белгиленген. Жарлыктын аткарылышына президеттик администрация көзөмөл кыла турганы кошумчаланган.
"Кыргызалтын" ААКтын 2025-жылдын биринчи жарымындагы кирешеси рекордго жетти. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 6 айында компаниянын таза кирешеси 17 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 эсеге өскөн. "Мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын натыйжалуу башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө "Кыргызалтын" ААК бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.
Бишкек шаарында балдарды мектепке кабыл алууга дагы кошумча квоталар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева радиолордун биринин эфиринде айтты. Анын айтымында, учурда шаардагы акимчиликтер, муниципалдык аймактык башкаруу уюмдарынын башчылары биргеликте 1-2-класска кире элек балдардын санын тактоо иштерин жүргүзүүдө. “Август айында кайсы убакытта, саат канчада кошумча квота ачыла тургандыгы тууралуу маалымат Агартуу министрлиги менен такташылгандан кийин берилет. Учурда кошумча квоталарды ачуунун үстүнөн иш алып барып, даярдыктарды көрүп жатабыз. Андан тышкары, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Энергетика министрлиги кышында электр энергиясыз калбаш үчүн бул аптаптуу күндөрү электр кубатын үнөмдөөгө чакырды. Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл Токтогул суу сактагычында өткөн жылга салыштырмалуу 700-800 миллион кубга аз экенин айтты. "Дагы бир ай убакыт бар, бирок былтыркыдай көлөмдү топтоого жетишпейбиз. Электр энергиясын үнөмдөп колдонолу", — деди ал. Соңку маалыматтарга таянсак, кечээ, 24-июлда, жайкысын электр энергиясын керектөөнүн жаңы рекорду коюлду. Сандар менен түшүндүрсөк, өлкөдө 44,7 млн кВт/саат сарпталган. Салыштыра келгенде, былтыр ушул күнү электр кубатын керектөө 38 млн кВт/саат болгонун айтышты. Ведомство муну өлкөдөгү экономиканын өсүшү менен түшүндүрдү. Тагыраагы, курулуш иштеринин, ишке берилген ишканалардын санынын өсүшү, элдин турмуш шарты жакшырып жатканы негиз деди.Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператору алмаштырылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Документтин коомдук нааразылыкты азайтуу, тутумдун ачык-айкындыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөй турганы айтылган. Мындан улам министрлер кабинетине бир айдын ичинде байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо тартибин кайра карап чыгуу тапшырылды. Ошондой эле чет элдик операторду мамлекеттик же жергиликтүү уюмга алмаштыруу сунушталды. Бул улуттук коопсуздукту, жеке маалыматтарды коргоону жана санариптик эгемендикти камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылган. Ага чейин маалыматтык өнөктүктүн алкагында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү белгиленген. Жарлыктын аткарылышына президеттик администрация көзөмөл кыла турганы кошумчаланган."Кыргызалтын" ААКтын 2025-жылдын биринчи жарымындагы кирешеси рекордго жетти. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 6 айында компаниянын таза кирешеси 17 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 эсеге өскөн. "Мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын натыйжалуу башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, бүгүнкү күндө "Кыргызалтын" ААК бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.Бишкек шаарында балдарды мектепке кабыл алууга дагы кошумча квоталар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева радиолордун биринин эфиринде айтты. Анын айтымында, учурда шаардагы акимчиликтер, муниципалдык аймактык башкаруу уюмдарынын башчылары биргеликте 1-2-класска кире элек балдардын санын тактоо иштерин жүргүзүүдө. “Август айында кайсы убакытта, саат канчада кошумча квота ачыла тургандыгы тууралуу маалымат Агартуу министрлиги менен такташылгандан кийин берилет. Учурда кошумча квоталарды ачуунун үстүнөн иш алып барып, даярдыктарды көрүп жатабыз. Андан тышкары, Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/1a/1095534530_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f3b5cac2317f956c46f9813268d18d43.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио