https://sputnik.kg/20250725/1095532173.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жумуртка экспорту 8 эсеге өстүОштун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуу... 25.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-25T19:00+0600
2025-07-25T19:00+0600
2025-07-25T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/19/1095532041_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_78b165dacd24a1c6f6932090b52e01bb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жумуртка экспорту 8 эсеге өстүОштун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуу — бюджетке өтүүгө мүмкүнчүлүк дагы деле барАлдыда кененирээкАбитуриенттер үчүн өткөрүлүп жаткан кабыл алуу кампаниясынын эки айлампасынын жыйынтыгында ЖОЖдордогу конкурска катышуу үчүн 47 786 талон катталды. Бул тууралуу "Абитуриент online" порталынын ачык маалыматтарында айтылат.Анын ичинен 16,7 миңге жакын талон бюджеттик орундар үчүн берилген. Учурда 7 631 абитуриентке ЖОЖдор гранттык негизде окууга сунуш бериштиЖалпысынан Кыргызстандагы университеттерге 2025/26-окуу жылына 10 миң гранттык орун бөлүнгөн.Бүгүнкү күндө ЖОЖдорго 20,7 миң студент кабыл алынды, анын ичинен5,3 миңи бюджетке өттү,15,4 миңи контракт негизинде окуйт.Болгону 700дөн ашуун абитуриент сырттан окуу формасын тандаса, калган студенттер күндүзгү (очно) формада окушат Үчүнчү тур 28-июлда башталат. Жалпысынан 5 тур пландалган.
2025-жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш иштеринин көлөмү боюнча эң жогорку өсүштү Кыргызстан көрсөттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылган. Көрсөткүч 1,9 эсеге жогорулаган. Курулуш тармагындагы өсүш союздун башка өлкөлөрүндө дагы, тагыраагы, Арменияда (29%), Казакстанда (15,4%), Беларуста (12,3%) жана Россияда (5,5%) байкалган. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде курулуш иштеринин көлөмү январь-майда жалпысынан 6,8 пайызга өскөн.
Кыргызстан тоок жумурткасынын экспортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, республика Казакстанга 3 миллион 283 миң даана жумуртка жеткирген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге көп. Былтыр бул убакыт аралыгында 409 миң даана жумуртка экспорттолгон.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет. Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана уурдоого шектелүүдө. Курулушка 657,05 миллион сом бөлүнүп, келтирилген зыян 115,4 миллион сомду түзгөнү айтылды. "Шектүүлөр ишенимдүү адамдар аркылуу подряддык уюмдардан сый акы алышкан. Анын кесепетинен подряддык уюмдар курулушту создуктуруп, сапатсыз жасаган", — деп айтылат маалыматта. Учурда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. жана "С" ЖЧКсынын подряддык уюмунун жетекчиси А.К.Б. камакка алынганы кошумчаланды.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 30 тыйынга евро 102 сом 65 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ26-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 26-июль, ишембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй аймагында +33...+38, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +28...+33, Нарын жергесинде +27...+32 градуска көтөрүлөт. Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +36...+38 градуска жетет.
Кыргызстанда жумуртка экспорту 8 эсеге өстүОштун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жана мурдагы башчысы кармалдыКыргызстанда ЖОЖдорго кабыл алуу — бюджетке өтүүгө мүмкүнчүлүк дагы деле барАлдыда кененирээкАбитуриенттер үчүн өткөрүлүп жаткан кабыл алуу кампаниясынын эки айлампасынын жыйынтыгында ЖОЖдордогу конкурска катышуу үчүн 47 786 талон катталды. Бул тууралуу "Абитуриент online" порталынын ачык маалыматтарында айтылат.Анын ичинен 16,7 миңге жакын талон бюджеттик орундар үчүн берилген. Учурда 7 631 абитуриентке ЖОЖдор гранттык негизде окууга сунуш бериштиЖалпысынан Кыргызстандагы университеттерге 2025/26-окуу жылына 10 миң гранттык орун бөлүнгөн.Бүгүнкү күндө ЖОЖдорго 20,7 миң студент кабыл алынды, анын ичинен5,3 миңи бюджетке өттү,15,4 миңи контракт негизинде окуйт.Болгону 700дөн ашуун абитуриент сырттан окуу формасын тандаса, калган студенттер күндүзгү (очно) формада окушат Үчүнчү тур 28-июлда башталат. Жалпысынан 5 тур пландалган.2025-жылдын январь-май айларында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында курулуш иштеринин көлөмү боюнча эң жогорку өсүштү Кыргызстан көрсөттү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматында айтылган. Көрсөткүч 1,9 эсеге жогорулаган. Курулуш тармагындагы өсүш союздун башка өлкөлөрүндө дагы, тагыраагы, Арменияда (29%), Казакстанда (15,4%), Беларуста (12,3%) жана Россияда (5,5%) байкалган. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде курулуш иштеринин көлөмү январь-майда жалпысынан 6,8 пайызга өскөн.Кыргызстан тоок жумурткасынын экспортун кыйла көбөйттү. Бул тууралуу ЕЭК билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча, республика Казакстанга 3 миллион 283 миң даана жумуртка жеткирген. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчкө караганда сегиз эсеге көп. Былтыр бул убакыт аралыгында 409 миң даана жумуртка экспорттолгон.Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирет. Маалыматка ылайык, алар Кең-Сай конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү каражаттарды максатсыз пайдаланууга жана уурдоого шектелүүдө. Курулушка 657,05 миллион сом бөлүнүп, келтирилген зыян 115,4 миллион сомду түзгөнү айтылды. "Шектүүлөр ишенимдүү адамдар аркылуу подряддык уюмдардан сый акы алышкан. Анын кесепетинен подряддык уюмдар курулушту создуктуруп, сапатсыз жасаган", — деп айтылат маалыматта. Учурда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А.Ж., башкы инженер Т.Д.Ж., башкы эсепчи К.С.О. жана "С" ЖЧКсынын подряддык уюмунун жетекчиси А.К.Б. камакка алынганы кошумчаланды.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 30 тыйынга евро 102 сом 65 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ26-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 26-июль, ишембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй аймагында +33...+38, Таласта +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +28...+33, Нарын жергесинде +27...+32 градуска көтөрүлөт. Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +36...+38 градуска жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/19/1095532041_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7b2a5ca09ebf43ee31e4512fb79fa2f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио