00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Өлкөдө жайкысын электр энергияны керектөөнүн жаңы рекорду коюлду Кыргызстан менен Өзбекстандын Улуттук китепканалары кызматташууну күчөтөтКасымалиев Кыргызстанда соңку үч жылда 29 млн. көчөт отургузулганын айттыАлдыда кененирээкКыргызстанда соңку үч жылда 29 миллион көчөт отургузулду. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Алтайдагы эл аралык экологиялык конференцияда билдирди. Ал 2050-жылга чейин Борбор Азияда суунун таңсыктыгы 30 пайызга жетиши мүмкүн экенин айтып, Кыргызстан 2030-жылга чейин парник газдарын өз күчү менен 16 пайызга, донорлордун жардамы менен 44 пайызга кыскартууга белсенгенин эске салды. Ошондой эле Касымалиев Кыргызстанда 2 миллион гектардан ашык жерде 96 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы иштеп жатканын билдирди. "Жашыл мурас" акциясы ишке ашырылууда. Үч жылдын ичинде 29 миллиондон ашык көчөт отургузулду. Жалпысынан кампаниянын алкагында 70 миллиондон ашык көчөт отургузуу пландалууда. Жыйынтыктап айтканда, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча күч-аракеттерди бириктирүү биздин элдерибиздин туруктуу өнүгүшүнүн жана бакубаттуулугунун негизи экенин белгилегим келет", — деди Касымалиев. Мындан тышкары, минкаб башчысы коңшу мамлекеттерге биологиялык ар түрдүүлүктү жана экотуризмди өнүктүрүү үчүн транс чек аралык экологиялык коридорлорду түзүүнү сунуштады.
Кыргызстанда жайкысын электр энергияны керектөөнүн жаңы рекорду коюлду Энергетика министрлиги 24-июлда өлкөдө 44,7 млн кВт/саат сарпталганын маалымдады. Болбосо, 22-июлда эле суткасына 44,1 млн кВт/саат сарпталып, рекорд коюлган болчу. Ведомство муну өлкөдөгү экономиканын өсүшү менен түшүндүрдү. “Атургай айылдагы үйлөрдө аристон, кир жуучу машина сымал тиричилик техникалары кошулуп жатат. Азыр ар бир үй кеминде 5 кВт/сааттан кем эмес электр энергиясын колдонот”, — деди энергетика министри. Ал быйыл ысык катуу болгондуктан, рекорддук керектөө жалпысынан эле Орто Азияда байкалып жатканын кошумчалады.
Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Алишер Навои атындагы Улуттук китепканасынын жетекчиси Умида Тешабаева менен жолукту, деп билдирет элчиликтин басма сөз кызматы. Жолугушууда эки өлкөнүн улуттук китепканаларынын ортосундагы кызматташуунун багыттары жана алдыдагы пландар кеңири талкууланды. Айрыкча тажрыйба алмашуу программаларын түзүүгө жана кызматташууну жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн меморандумга кол коюу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, кыргыз жана өзбек элдеринин маданий мурастарын жайылтуу жана таанытуу максатында биргелешкен иш-чараларды — адабий кечелерди, китеп көргөзмөлөрүн жана маданий жолугушууларды өткөрүү сунушталды. Ошондой эле чек арага жакын жайгашкан аймактардагы китепканалардын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү.
Тышкы иштер министрлиги Таиланд менен Камбоджада жүргөн жана ал жакка бара турган кыргызстандыктарга кайрылды. Ведомство жогорудагы эки өлкөнүн чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу мекендештерди ал жактагы жаңжал чыккан жерлерден алыс болууну эскертти. Ал эми аталган эки өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктарды коопсуздуктун эрежелерин сактап, сак болууну өтүнөт. Маселе жаралса Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине +996 500 244610 (WhatsApp) номери аркылуу кайрылса болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0