https://sputnik.kg/20250725/1095525124.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Туристтерге орой мамиле кылгандарга президенттик администрациядан эскертүү берилдиУюлдук телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператор алмаштырылатМинкаб... 25.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-25T13:00+0600
2025-07-25T13:00+0600
2025-07-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/19/1095524992_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b1fe03243a339634cbc58f9473d0d945.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Туристтерге орой мамиле кылгандарга президенттик администрациядан эскертүү берилдиУюлдук телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператор алмаштырылатМинкаб башчысы Алтайдагы эл аралык экологиялык конференцияга катышуудаАлдыда кененирээкАлтайдагы "Манжерок" эс алуу курортунда эл аралык экологиялык конференцияга бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бирге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери да чакырылган. Алар Алтайга дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн чогулган.
Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператору алмаштырылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Документтин коомдук нааразылыкты азайтуу, тутумдун ачык-айкындыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөй турганы айтылган. Мындан улам министрлер кабинетине бир айдын ичинде байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо тартибин кайра карап чыгуу тапшырылды. Ошондой эле чет элдик операторду мамлекеттик же жергиликтүү уюмга алмаштыруу сунушталды. Бул улуттук коопсуздукту, жеке маалыматтарды коргоону жана санариптик эгемендикти камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылган. Ага чейин маалыматтык өнөктүктүн алкагында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү белгиленген. Жарлыктын аткарылышына президеттик администрация көзөмөл кыла турганы кошумчаланган.
Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден "эптеп эле акчасын алып калалы" деген көз караштан алыс болсоңуздар. Мындай чакырыкты президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал жарандарга, айрыкча Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенгендерге кайрылган. "Президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Кол чатырдын кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен. Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз", — деди Орунбеков. Ал туристтерди сый, тазалык жана меймандостук менен коноктордун кийин да келишине шарт түзүү зарылдыгын белгилеген.
Франция БУУнун Башкы Ассамблеясынын сентябрдагы отурумунда Палестинаны мамлекет катары расмий тааныйт. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон социалдык тармакка жазган. "Жакынкы Чыгыштагы адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка баш койгон тарыхтан берки келе жаткан позицияга ылайык, Франция Палестина мамлекетин тааный турганын чечтим. Бул тууралуу расмий билдирүүнү быйыл сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жарыялайм", — деп жазды ал. Макрон азыркы эң башкы милдет Газадагы согушту токтотуп, карапайым элге жардам көрсөтүү экенин белгиледи.
Туристтерге орой мамиле кылгандарга президенттик администрациядан эскертүү берилдиУюлдук телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператор алмаштырылатМинкаб башчысы Алтайдагы эл аралык экологиялык конференцияга катышуудаАлдыда кененирээкАлтайдагы "Манжерок" эс алуу курортунда эл аралык экологиялык конференцияга бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бирге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Жыйынга Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын премьер-министрлери жана башка мамлекеттердин расмий кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, экология тармагынын эксперттери да чакырылган. Алар Алтайга дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүн талкуулоо үчүн чогулган.Кыргызстанда мобилдик телефондорду каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, оператору алмаштырылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Документтин коомдук нааразылыкты азайтуу, тутумдун ачык-айкындыгын жана жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатын көздөй турганы айтылган. Мындан улам министрлер кабинетине бир айдын ичинде байланыш түзүлүштөрүн идентификациялоо тартибин кайра карап чыгуу тапшырылды. Ошондой эле чет элдик операторду мамлекеттик же жергиликтүү уюмга алмаштыруу сунушталды. Бул улуттук коопсуздукту, жеке маалыматтарды коргоону жана санариптик эгемендикти камсыз кылуу үчүн зарыл экени айтылган. Ага чейин маалыматтык өнөктүктүн алкагында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү белгиленген. Жарлыктын аткарылышына президеттик администрация көзөмөл кыла турганы кошумчаланган.Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден "эптеп эле акчасын алып калалы" деген көз караштан алыс болсоңуздар. Мындай чакырыкты президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал жарандарга, айрыкча Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенгендерге кайрылган. "Президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Кол чатырдын кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен. Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз", — деди Орунбеков. Ал туристтерди сый, тазалык жана меймандостук менен коноктордун кийин да келишине шарт түзүү зарылдыгын белгилеген.Франция БУУнун Башкы Ассамблеясынын сентябрдагы отурумунда Палестинаны мамлекет катары расмий тааныйт. Бул туурасында Франциянын президенти Эммануэль Макрон социалдык тармакка жазган. "Жакынкы Чыгыштагы адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка баш койгон тарыхтан берки келе жаткан позицияга ылайык, Франция Палестина мамлекетин тааный турганын чечтим. Бул тууралуу расмий билдирүүнү быйыл сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында жарыялайм", — деп жазды ал. Макрон азыркы эң башкы милдет Газадагы согушту токтотуп, карапайым элге жардам көрсөтүү экенин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/19/1095524992_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f1e32dbb391f2a7b517229e61b3b8027.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио