00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Анын айтымында, ушул жайда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу көлөмү рекорддук деңгээлге жетти. Бул көрсөткүчтүн өсүшүнө бир нече фактор себеп болду. Бул завод-фабрикалардын иши жанданганы, көп кабаттуу үйлөрдүн саны өскөнү жана өндүрүш тармагынын кеңейүүсү. "Ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги да маанилүү. Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, ашыкча чыгымдардан алыс болуу, тартип жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу — ар бир кыргызстандыктын милдети", - деп жазган Орунбеков.
Бишкек менен Ошто мыйзамдарды одоно бузган 78 жеке клиника убактылуу жабылып, 4,5 миллион сомдон ашык айып пул салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, эки шаардагы 117 жеке медициналык борбор текшерилген. "Алардын 37си лицензиясы жок эле иштеп жүргөн болсо, иштөөгө уруксаты бар 80и лицензиянын талаптарын бузганы аныкталган. Алардын катарында лицензиясы жок, анын талаптарын жана санитардык эрежелерди бузган, дарыларды туура эмес сактаган, негизсиз медициналык процедураларды жасаган фактылар бар", — деп айтылат маалыматта. Министрлик жарандарды лицензияланган медициналык мекемелерге гана кайрылууга чакырды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча мелдеш клубдук система менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов билдирди. Анын айтымында, бул оюндарда көкпар болбойт. "Клубдар ар кайсы мамлекеттерден келген оюнчулардан түзүлөт. Чүчү кулак аркылуу ар бир өлкөдөн бирден оюнчу жаңыдан түзүлгөн командаларга бөлүштүрүлөт. Мисалы, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Венгриядан келген оюнчулар бир командада болуп калышы ыктымал", — деди ал. Абдымомунов бул ыкма аталган спорттогу ашыкча саясатташууну азайтарын, анын жайылышына өбөлгө болорун белгиледи.
"Евразия" бейөкмөт уюмунун эл аралык сыйлыгы эмнеси менен өзгөчөлөнөрүн уюштуруучулар айтып беришти. Сыйлыктын байкоочу кеңешинин мүчөсү Алина Молдокеева долбоор ишмердүүлүгү маданий, руханий баалуулуктарды сактоого, элдик дипломатияны өнүктүрүүгө жана постсоветтик өлкөлөрдүн ортосундагы маалыматтык тоскоолдуктарды жоюуга салым кошкон адамдар менен уюмдарды аныктоого жана аларды колдоого багытталганын белгиледи."Сыйлык буга чейин жасалган иштерди баалап гана койбостон, жаңы ийгиликтерди жаратууга да түрткү берет", — деди Анастасия Брайловская./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 37 тыйынга евро 102 сом 51 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 25-июлга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республиканын тоолуу райондорундо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +30...+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +36...+38 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0