00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров КЭР парламентинин спикери Чжао Лэцзини кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда саясий-экономикалык жана гуманитардык тармактарда эки жактуу өз ара кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды."Үстүбүздөгү жылдын февралында Кытайга болгон мамлекеттик сапарымды жана июнь айында Астанада бир тууганым, урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумду жылуу сезимдер менен эстейм. Биздин жолугушууларыбыз дайыма достук маанайда өтөт", — деди Садыр Жапаров. Ал эми Чжао Лэцзи Си Цзиньпиндин саламын жолдоп, Кыргызстанда жүрүп жаткан реформаларга жогору баа берди. "Сиздин жетекчилик алдында өлкөдө олуттуу реформалар ишке ашып, Кыргызстан тездик менен социалдык-экономикалык өнүгүүгө жетишүүдө. Ынак кошуна жана ар тараптуу өнөктөш катары Кытай бул жетишкендиктерге чын жүрөктөн кубанат", — деди Чжао Лэцзи. Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров кыргыз-кытай алакалары ишенимге, түшүнүшүүгө жана колдоого негизделип, мындан ары да чыңдала берерине ишеним артарын билдирди.
Быйыл 9-августунан тартып расмий түрдө «Манас» эл аралык аэропортунун ИАТА - коду өзгөрөт. «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришкендей, азыркы FRU ордуна BSZ колдонулат. Өзгөртүү IATA 763 резолюциясына ылайык жүзөгө ашырылат жана 2025-жылдын 9-майында жөнөтүлгөн кабарлоодон тарта 90 күндүк мөөнөт аяктагандан кийин күчүнө кирет. Жаңы кодго өтүүгө байланыштуу компания бардык системалардын туруктуу иштешин жана каттамдарды туура тейлөөнү камсыз кылуу үчүн техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын комплексин ишке ашырууда.
Бишкек менен Ош шаарында мыйзамдарды одоно бузган 78 жеке клиника убактылуу жабылып, жалпы 4,5 млн сомдон ашык айып пул салынды. Саламаттык сактоо министрлиги эки шаардагы 117 жеке медициналык борборду текшерип чыккан. Алардын 37си лицензиясы жок эле иштеп жүргөн болсо, иштөөгө уруксаты болгон 80и лицензиянын талаптарын бузганы аныкталган. Эң көп мыйзам бузуулар лицензиясы жок, анын талаптарын бузган, дарыларды туура эмес сактаган, санитардык эрежелерди сактабаган, негизсиз медициналык процедураларды жасаган нерселер болгон.
Американын Украинага берген курал-жарагынын акчасын Европа үч жыл мурда эле төлөп бериши керек болчу. АКШнын президенти Дональд Трамп бул туурасында Вашингтондо жасалма интеллект боюнча конференцияда сүйлөп жатканда айтканын РИА Новости жазды. Ал Вашингтон Европа биримдиги менен согуштук жабдуулар канча турса, ошончо каражатты жүз пайыз төлөп берүү боюнча келишим түзгөнүн белгиледи. ЕБ курал-жаракты алгандан кийин анын көп бөлүгү Украинага берилмек болгонун кошумчалады. "Бирок алар бул акчаны Кошмо Штаттарда биздин коргонуу компанияларыбызга коротот. Куралды жөнөтөбүз, алар жабууларды өздөрү бөлүштүрөт. Чындыгында бул үч жыл мурда болушу керек эле", — деген Ак үйдүн башчысы. Өткөн жумада Трамп АКШ менен ЕБ Украинага курал жөнөтүү боюнча макулдашып, акчаны Европа төлөп берерин жар салган. Аскерий жүктө ракеталар эле эмес, Patriot системасынын батареялары да бар экендигин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0