https://sputnik.kg/20250724/1095501023.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жарандардын кайрылууларын караган тартипти бузган мамлекеттик кызматкерлерге айып салынат. Тиешелүү өзгөртүүлөр кайрылууларды кароодо мамлекеттик жана... 24.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-24T13:00+0600
2025-07-24T13:00+0600
2025-07-24T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/18/1095500891_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a9a190048ba78f0534b8b10fb125e5f5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жарандардын кайрылууларын караган тартипти бузган мамлекеттик кызматкерлерге айып салынат. Тиешелүү өзгөртүүлөр кайрылууларды кароодо мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Мыйзамга ылайык, эгер мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери жарандардын кайрылуусун кабыл алуудан негизсиз баш тартса, белгиленген мөөнөттө жооп бербесе же укугу бузулган жаранга жардам көрсөтпөсө 10 миң сом айып салынат. Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жана электрондук форматтагы кайрылуулар менен иштөө механизмдери такталып, "кайра кайрылуу" деген түшүнүк жана аны карай турган эрежелер киргизилди.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан-Түштүк Корея достук сейил багындагы тазалык жана көрктөндүрүү иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев шаардагы бардык сейил бактар жана скверлер боюнча жоопкерчиликти тиешелүү жетекчилерге жүктөп, жашылдандыруу, чөп чабуу, дарак бутоо, сугаруу, санитардык абал жана жарыктандыруу маселелерин көзөмөлдөөнү тапшырган. “Мэриянын кызматкерлери абал менен жеринде таанышып, кемчиликтерди өз учурунда жоюу үчүн жеке жоопкерчилик тартыша турганын кошумчалады”,-деп айтылат маалыматта.
Талас облусунда уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылтууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Манас айылынын 24 жаштагы тургуну кылмыштуулуктун идеологиясын жайылтууга шектелип кармалган. Буга чейин социалдык тармакта кармалган адамдын катышуусундагы "Таластын смотрящий баласы" аттуу видео-ролик жарыяланган. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эместиги жана анын билдирүүлөрү тамаша иретинде айтылганы белгилүү болгон. Мындан улам, ага жана анын жакындарына карата мындай билдирүүлөргө жана "кылмыш дүйнөсүнүн" идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. "Бүгүнкү күндө Талас облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок. Эгерде алар аныкталса, аларга карата Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде катаал чаралар көрүлөт". - деп айтылат маалыматта.
Украинанын бир нече шаарында эл коррупцияга каршы органдардын жабылышына каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Митингдер Киев, Львов, Днепр, Одесса сыяктуу ири шаарларда болуп жатканы айтылды. Нааразылык билдиргендер Украинанын Жогорку Радасы кабыл алган мыйзамга каршы чыгууда. Ага ылайык, Коррупцияга каршы улуттук бюро менен Коррупцияга каршы атайын прокуратура өз алдынчалыгын жоготот. Парламент депутаттарынын айтымында, мыйзамга президент Владимир Зеленский кол коюп, документ күчүнө кирди. Кээ бир депутаттар бул чечимди өлкөдөгү коррупцияга каршы негизги түзүмдөрдү жок кылуу катары баалашты. Киевдеги Франко атындагы улуттук драма театрынын алдында чогулган 40тай киши ошол жерде түнөп калган. Ал эми кечинде алардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.
Жарандардын кайрылууларын караган тартипти бузган мамлекеттик кызматкерлерге айып салынат. Тиешелүү өзгөртүүлөр кайрылууларды кароодо мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган. Мыйзамга ылайык, эгер мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматкери жарандардын кайрылуусун кабыл алуудан негизсиз баш тартса, белгиленген мөөнөттө жооп бербесе же укугу бузулган жаранга жардам көрсөтпөсө 10 миң сом айып салынат. Мындан тышкары, жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жана электрондук форматтагы кайрылуулар менен иштөө механизмдери такталып, "кайра кайрылуу" деген түшүнүк жана аны карай турган эрежелер киргизилди.Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кыргызстан-Түштүк Корея достук сейил багындагы тазалык жана көрктөндүрүү иштерин текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Айбек Жунушалиев шаардагы бардык сейил бактар жана скверлер боюнча жоопкерчиликти тиешелүү жетекчилерге жүктөп, жашылдандыруу, чөп чабуу, дарак бутоо, сугаруу, санитардык абал жана жарыктандыруу маселелерин көзөмөлдөөнү тапшырган. “Мэриянын кызматкерлери абал менен жеринде таанышып, кемчиликтерди өз учурунда жоюу үчүн жеке жоопкерчилик тартыша турганын кошумчалады”,-деп айтылат маалыматта. Талас облусунда уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылтууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Манас айылынын 24 жаштагы тургуну кылмыштуулуктун идеологиясын жайылтууга шектелип кармалган. Буга чейин социалдык тармакта кармалган адамдын катышуусундагы "Таластын смотрящий баласы" аттуу видео-ролик жарыяланган. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кармалган адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эместиги жана анын билдирүүлөрү тамаша иретинде айтылганы белгилүү болгон. Мындан улам, ага жана анын жакындарына карата мындай билдирүүлөргө жана "кылмыш дүйнөсүнүн" идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. "Бүгүнкү күндө Талас облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок. Эгерде алар аныкталса, аларга карата Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде катаал чаралар көрүлөт". - деп айтылат маалыматта.Украинанын бир нече шаарында эл коррупцияга каршы органдардын жабылышына каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Митингдер Киев, Львов, Днепр, Одесса сыяктуу ири шаарларда болуп жатканы айтылды. Нааразылык билдиргендер Украинанын Жогорку Радасы кабыл алган мыйзамга каршы чыгууда. Ага ылайык, Коррупцияга каршы улуттук бюро менен Коррупцияга каршы атайын прокуратура өз алдынчалыгын жоготот. Парламент депутаттарынын айтымында, мыйзамга президент Владимир Зеленский кол коюп, документ күчүнө кирди. Кээ бир депутаттар бул чечимди өлкөдөгү коррупцияга каршы негизги түзүмдөрдү жок кылуу катары баалашты. Киевдеги Франко атындагы улуттук драма театрынын алдында чогулган 40тай киши ошол жерде түнөп калган. Ал эми кечинде алардын саны мындан да көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/18/1095500891_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a60569999514243f91b756bb70e2e0db.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио