https://sputnik.kg/20250723/1095485362.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Ага... 23.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-23T17:00+0600
2025-07-23T17:00+0600
2025-07-23T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/17/1095485230_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ce71c24e9dfade99dce576c643ff8a36.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Ага ылайык, тараптар кыргызстандыктардын Россиянын аймагында жүрүүсүнө байланыштуу маселелерди талкуулашып, мигранттардын алдын ала даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагында фотофиксация, дактилоскопия жана медициналык кароодон өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Кыргыз тарап ошондой эле Россиянын көзөмөл реестрине кирген жарандардын миграциялык статусун мыйзамдаштыруу маселесин көтөрдү. Чет элдиктердин миграциялык статусун мыйзамдаштырунун алкагында, миграциялык борборлорго кошумча кабыл алуу бөлүмдөрүн ачууну да суранды. Мындан тышкары, мигранттардын балдарын мектепке берүүдө орус тили боюнча тапшырыла турган тест тууралуу дагы талкууланды. Кыргыз тарап мындай сынактарды Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү өтүндү.Жыйынтыгында тараптар кыргызстандыктардын Россияда жүрүүсүн жеңилдетүү үчүн бирге иштешүүгө макулдашышты.
2026-жылы өлкөдө элдик маркетплейс ачылат. Бул тууралуу "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, демилге "Элдик банк" менен биргеликте ишке ашмакчы."Быйыл августтун ортосунда "Торугарт" өткөрмө бекетинде Кытай менен түз байланыштыруучу эл аралык почта түйүнү ачылат. Былтыртан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын почталары Оштогу пункт аркылуу жүк алмашып жатышат", — деди Масиянова. Андан тышкары, тез жеткирүүлөрдүн көлөмү өсүп жатканы белгиленди. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 38 тонна жүк жеткирилсе, быйыл жарым жылда көрсөткүч 59 тоннага жеткен. Былтыркы жылдын алты айында 25 миң почта жөнөтүү катталса, быйыл 118 миңге жеткени айтылды.
Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кыргызстанда концерт берүүнү абдан каалай турганын айтты. "Бирок азыр дүйнөлүк тур уланып жатканына байланыштуу алдыдагы бир жылдан ашык убакытка план түзүлүп калган. Балким, кийинки программага киргизебиз", — деди ырчы Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында.Ал кыргыз-казак эң жакын кошуна, бир тууган эл экенин белгиледи. Эске салсак, "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы Чолпон-Ата шаарында 20-22-июлда өтүп, ага Азия менен Европадан 25ке чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Алардын арасында AY YOLA тобу, ырчы Димаш Кудайберген жана Севак болду.
Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский кайрадан Украина менен сүйлөшүүлөрдө Москва тараптан делегацияны жетектейт. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитирий Песков билдирди.Жолугушууда жаңжалды жөнгө салуу жана туткундарды алмашуу маселелери талкууланары айтылды. Дмитирий Песков меморандумдардын долбоорлору бири-бирине каршы келгендиктен сүйлөшүүлөр оор болорун белгиледи.Маалым болгондой, Россиянын делегациясынын курамы өзгөргөн жок, ал эми Украина өз курамын 12ден 14 кишиге көбөйткөн.
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Ага ылайык, тараптар кыргызстандыктардын Россиянын аймагында жүрүүсүнө байланыштуу маселелерди талкуулашып, мигранттардын алдын ала даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Кыргызстандын аймагында фотофиксация, дактилоскопия жана медициналык кароодон өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Кыргыз тарап ошондой эле Россиянын көзөмөл реестрине кирген жарандардын миграциялык статусун мыйзамдаштыруу маселесин көтөрдү. Чет элдиктердин миграциялык статусун мыйзамдаштырунун алкагында, миграциялык борборлорго кошумча кабыл алуу бөлүмдөрүн ачууну да суранды. Мындан тышкары, мигранттардын балдарын мектепке берүүдө орус тили боюнча тапшырыла турган тест тууралуу дагы талкууланды. Кыргыз тарап мындай сынактарды Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү өтүндү.Жыйынтыгында тараптар кыргызстандыктардын Россияда жүрүүсүн жеңилдетүү үчүн бирге иштешүүгө макулдашышты.2026-жылы өлкөдө элдик маркетплейс ачылат. Бул тууралуу "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди. Анын айтымында, демилге "Элдик банк" менен биргеликте ишке ашмакчы."Быйыл августтун ортосунда "Торугарт" өткөрмө бекетинде Кытай менен түз байланыштыруучу эл аралык почта түйүнү ачылат. Былтыртан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын почталары Оштогу пункт аркылуу жүк алмашып жатышат", — деди Масиянова. Андан тышкары, тез жеткирүүлөрдүн көлөмү өсүп жатканы белгиленди. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 38 тонна жүк жеткирилсе, быйыл жарым жылда көрсөткүч 59 тоннага жеткен. Былтыркы жылдын алты айында 25 миң почта жөнөтүү катталса, быйыл 118 миңге жеткени айтылды.Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кыргызстанда концерт берүүнү абдан каалай турганын айтты. "Бирок азыр дүйнөлүк тур уланып жатканына байланыштуу алдыдагы бир жылдан ашык убакытка план түзүлүп калган. Балким, кийинки программага киргизебиз", — деди ырчы Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында.Ал кыргыз-казак эң жакын кошуна, бир тууган эл экенин белгиледи. Эске салсак, "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы Чолпон-Ата шаарында 20-22-июлда өтүп, ага Азия менен Европадан 25ке чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Алардын арасында AY YOLA тобу, ырчы Димаш Кудайберген жана Севак болду.Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский кайрадан Украина менен сүйлөшүүлөрдө Москва тараптан делегацияны жетектейт. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитирий Песков билдирди.Жолугушууда жаңжалды жөнгө салуу жана туткундарды алмашуу маселелери талкууланары айтылды. Дмитирий Песков меморандумдардын долбоорлору бири-бирине каршы келгендиктен сүйлөшүүлөр оор болорун белгиледи.Маалым болгондой, Россиянын делегациясынын курамы өзгөргөн жок, ал эми Украина өз курамын 12ден 14 кишиге көбөйткөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/17/1095485230_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_10a531b3cc8c9f485a0e3155605d1eb2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио