https://sputnik.kg/20250723/1095481063.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу... 23.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-23T15:00+0600
2025-07-23T15:00+0600
2025-07-23T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/17/1095480931_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aaf971e5f24751f4e7bfb4c9422fc607.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. Агай ылайык, Кытай парламентинин спикерин "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды. Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар белгиленген. Атап айтсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.
Кыргызстанда салттуу соодага караганда электрондук соодага артыкчылык берилип жатат. Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алина Кулжанова Sputnik маалымат борборундагы брифингде билдирди. Ал белгилегендей, барган сайын көп жарандар, өзгөчө жаштар онлайн-товарларды жана кызматтарды сатып алышат, анткени бул ыңгайлуу жана жеткиликтүү. "Мамлекеттик органдардын алдында электрондук соода менен алектенгендердин баарын көзөмөлдөө милдети турат. Салык жана бажы кызматтары бул тармакты жөнгө салуучу так нормаларды иштеп чыгып, мыйзамдаштырышы керек. Бул ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга тийиш", — деди Кулжанова. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда электрондук соода менен алектенген 250гө жакын веб-сайт иштейт. Алардын 72 пайызы универсалдуу онлайн-дүкөндөр, 28%ы ишмердүүлүгүнүн тар профили бар адистештирилген дүкөндөр. Платформалардын 18 пайызга жакыны төлөмгө банктык карталарды кабыл алат. Кыргызстандагы интернет-дүкөндөр аркылуу сатылуучу товарлардын негизги категорияларына гүлдөр, белектер, тиричилик техникасы, кийим-кече жана бут кийимдер кирет. Керектөө электроникасы, техника жана автотетиктер эң популярдуу болуп саналат. Ал Кыргызстанда электрондук коммерция ийгиликтүү өнүгүп жатат жана мындан ары да өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.
Унааларына камсыздандыруу полисин албаган 1100гө жакын айдоочуга айып пул салынды. Алардын көпчүлүгү жеке жактар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, унааларга камсыздандыруу полисин албагандарга карата айып пул салуу 1-июлдан тартып расмий күчүнө кирген. Азыркы учурда массалык рейддик иш-чаралар жүргүзүлбөгөнү менен күнүмдүк иште унааларын камсыздандыруу боюнча полиси жок жеке жактарга жеринде 3000 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып салынууда.Тагыраагы жол эрежелерин бузган айдоочуларды токтотуп, тийиштүү докумменттерин текшерүү учурунда камсыздандыруу полиси кошо текшерилүүдө, ошондой эле жол кыймылынын башка эрежелерин бузуп, айып короого токтотулган унааларды кайра чыгаруу учурунда да камсыздандыруу полиси жок болсо кошумча айып пул салынууда.
Бүгүн Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. Агай ылайык, Кытай парламентинин спикерин "Манас" эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алды. Расмий сапардын алкагында бир катар иш-чаралар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар белгиленген. Атап айтсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашат.Кыргызстанда салттуу соодага караганда электрондук соодага артыкчылык берилип жатат. Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алина Кулжанова Sputnik маалымат борборундагы брифингде билдирди. Ал белгилегендей, барган сайын көп жарандар, өзгөчө жаштар онлайн-товарларды жана кызматтарды сатып алышат, анткени бул ыңгайлуу жана жеткиликтүү. "Мамлекеттик органдардын алдында электрондук соода менен алектенгендердин баарын көзөмөлдөө милдети турат. Салык жана бажы кызматтары бул тармакты жөнгө салуучу так нормаларды иштеп чыгып, мыйзамдаштырышы керек. Бул ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга тийиш", — деди Кулжанова. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда электрондук соода менен алектенген 250гө жакын веб-сайт иштейт. Алардын 72 пайызы универсалдуу онлайн-дүкөндөр, 28%ы ишмердүүлүгүнүн тар профили бар адистештирилген дүкөндөр. Платформалардын 18 пайызга жакыны төлөмгө банктык карталарды кабыл алат. Кыргызстандагы интернет-дүкөндөр аркылуу сатылуучу товарлардын негизги категорияларына гүлдөр, белектер, тиричилик техникасы, кийим-кече жана бут кийимдер кирет. Керектөө электроникасы, техника жана автотетиктер эң популярдуу болуп саналат. Ал Кыргызстанда электрондук коммерция ийгиликтүү өнүгүп жатат жана мындан ары да өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Унааларына камсыздандыруу полисин албаган 1100гө жакын айдоочуга айып пул салынды. Алардын көпчүлүгү жеке жактар. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, унааларга камсыздандыруу полисин албагандарга карата айып пул салуу 1-июлдан тартып расмий күчүнө кирген. Азыркы учурда массалык рейддик иш-чаралар жүргүзүлбөгөнү менен күнүмдүк иште унааларын камсыздандыруу боюнча полиси жок жеке жактарга жеринде 3000 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып салынууда.Тагыраагы жол эрежелерин бузган айдоочуларды токтотуп, тийиштүү докумменттерин текшерүү учурунда камсыздандыруу полиси кошо текшерилүүдө, ошондой эле жол кыймылынын башка эрежелерин бузуп, айып короого токтотулган унааларды кайра чыгаруу учурунда да камсыздандыруу полиси жок болсо кошумча айып пул салынууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/17/1095480931_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2dc88d6364b3b984e3ce7cb23902d9e2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио