00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстан ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү катары Монголияга Евразия экономикалык биримдигине интеграциялануусуна жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди. Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.Жапаров ушул жылдын июнь айында кол коюлган ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы келишимдин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал документ өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын айтты.Тараптар, мындан тышкары, саясат, соода, экономика, транспорт жана айыл чарба тармактарын талкуулашкан. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын тарыхый достук байланышы бар экенин белгиледи.Жапаров мамлекеттик сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө катуу түрткү берерине ишене турганын кошумчалаган.
Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземинин алкагында Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Монголиянын "Монцамэ" улуттук агенттиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, тараптар эки өлкөнүн ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү жана үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жолго коюуну көздөйт. Анын ичинде, тараптар социалдык-экономикалык абал, бизнес, туризм, маданият, искусство жана тарых жаатындагы жаңылыктарды акысыз негизде бөлүшүшөт. Меморандум ошондой эле журналисттердин өз ара иш сапарларын жана алмашуу программаларын уюштурууга шарт түзөт. Меморандумга Кыргыз улуттук «Кабар» агенттигинин директору Медербек Шерметалиев жана «Монцамэ» агенттигинин башкы директору Энх-Орших Хурлээ кол коюшту.
Бишкекте ЖЭБдин жанында жаңы жол пайда болот. Муниципалитеттен билдиришкендей, жолдун жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат. Калаа башчысы Айбек Жунушалиев курулушу пландалган участок менен таанышып, бир катар тапшырмаларды берди. Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды. Жунушалиев жол боюна унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, жолду курууга бардык даярдык иштерин баштоо милдетин койду.
АКШ президенти Дональд Трамптын койгон шартына Россия конфронтациялык мүнөздөгү жооп кайтарды. Бул тууралуу Telegraph жазды. Мындан тышкары, баяндамачылар Трамптын санкция киргизүү опузасына Москва фондунун оң динамика менен жооп беришине жана рублдин бекемделип жатканына нааразы болгон. Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Трамптын россиялык товарларга бажы алымын киргизүү ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсүн театралдык ультиматум деп атап, ал “согушка ыктаган Европанын” көңүлүн калтырганын кошумчалаган. Дүйшөмбү күнү АКШ президенти Москвага Киев менен эпке келүүсү үчүн 50 күн убакыт берерин жар салган. Эгер шарты аткарылбаса россиялык импортко 100 пайыздык тариф бекитип, Россиядан нефть, газ жана уран сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын киргизерин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0