00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Монголия президентинин сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол улам жабылып туратТашиев Тамчыда чек арачыларга үй берип, маяна өскөнүн айттыЖол эки саатка кыскарат. Төө-Ашуудагы альтернативдүү тоннелдин долбоору бекитилдиМонголиянын президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, убактылуу чектөөлөр 21-22-23-июль күндөрү киргизилет. Кайсы участоктор жабылары так айтылган эмес. Болжол менен чектөөлөр "Тамчы" аэропортунан Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүктө болушу ыктымал. Эске салсак, өлкөгө 20-июлда мамлекеттик сапар менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келет.
1-июлдан тартып Чек ара кызматынын офицерлеринин айлыгы 20 миң сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы Тамчы айылында чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.Анын айтымында, октябрь айында дагы башка категориядагы аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт. "Чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — бул кызматка жана мамлекетке болгон ишенимди бекемдөө. Биз чек ара кызматынын ардактуу гана эмес, байгер турмушта жашашын камсыздоого умтулабыз", — деди Ташиев. Бүгүн 51 чек арачы кызматтык батирдин ачкычын алды.
Төө-Ашууда салына турган ири альтернативдик тоннелдин долбоору бекитилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон. Учурдагы 2,5 чакырым тоннелге альтернатива катары курула турган жаңы курулуштун узундугу 12 чакырым болушу мүмкүн. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу курулат. Долбоорду "Тез Жол", "Кыргыз гидроатайынкурулуш", "Темирбетон Курулуш" жана "Нур Капитал" компанияларынан түзүлгөн консорциум ишке ашырат. Учурдагы тоннель деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан. Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, жаңы тоннель 1000 метрге ылдыйраак болот. Буга чейин жаңы маршрут серпантинди кыйгап өтүп, аралыкты 34 чакырымдан 11 чакырымга чейин кыскарта турганын, ал эми ашууну өтүү убактысы 2 сааттан 11 мүнөткө чейин түшөрү айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, тоннелдин курулушу 300 миллион долларга бааланууда. Акы төлөнүүчү объект 30 жыл ичинде чыгымын жапмакчы.
АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн кызматкерлерине жана дипломаттарга башка өлкөлөрдүн шайлоолоруна баа берүүгө тыюу салды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье The Wall Street Journal басылмасына таянып жазды. Мындай тескеме кечээ, 17-июлда, Кошмо Штаттардын бардык элчиликтерине жөнөтүлгөн. "Чет мамлекеттердеги шайлоолор тууралуу комментарий берүү керек болгон учурда биз эми жеңген талапкерди кыска гана куттуктоо менен чектелебиз. Шайлоо процессинин таза же ачык өткөнү, мыйзамдуулугу же тийиштүү өлкөнүн демократиялык баалуулуктары тууралуу пикирлерден оолак болуу зарыл", — деп айтылган документте. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 46 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 19-июлга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Ишембиде тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көлдө +28...+33, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +37…+39, Ош шаарында +35...+37 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0