00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 72 автоунаа тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Касымалиев быйыл маданият тармагына 3 миллиард сом каралганын белгилеген."Маданият тармагынын жаңы унаалуу болушу – чоң кубаныч. Айрыкча алыскы райондордун маданият кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу транспорттун жеткиликтүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Жаңы автобустар китептерди, жабдууларды, адистерди өз убагында жеткирүүгө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт деп ишенебиз", — деди минкаб төрагасы. Алынган транспорттордун 15и чоң, 57си кичи автобус экени айтылып, 359 миллион сомго сатып алынганы кошумчаланды.
Төө-Ашуудагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Подрядчы компаниянын техникасы жерди түздөп, аталган участокто аң-чɵнɵктөр жамалууда.Бишкек — Ош жолундагы тоннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда. Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында күзгө чейин тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин атын жамынып 100 миң доллар алдап алган делип, 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кармалган адам Туманбаев менен жакын мамиледе экенин айтып, "Көчмөн сити" турак жай комплексиндеги 18 блоктун курулушуна подряддык иштерге уруксат алып бере турганын убада кылып, 100 миң доллар алган.Текшерүү учурунда шектүүнүн кеңсесинен 60 миң доллар жасалма акча табылып, ошондой эле Каныбек Туманбаевдин атына жасалма кайрылуулар алынган. Иш козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды. Атайын кызмат аталган жарандан жабыркагандар болсо 0312 62-05-85 номерине кайрылууну суранат.
Россияда июнда баа мурункудай тездик менен көтөрүлбөй, ыргагы жайлады. Бул өлкөнүн Борбордук банкынын ишинин натыйжасы экенин Bloomberg жазды. "Россия экономикасы инфляцияга каршы турууда акыры жеңишке жетти" деп башталган макалада ушу тапта инфляция 9 пайыздык деңгээлде кармалып турганы айтылат. "Бул 4 пайыздык максаттуу көрсөткүчтөн кыйла жогору. Мында баанын көтөрүлүшү өткөн айга салыштырмалуу жайлап, азыркы инфляцияга туура келди", — деп жазышкан аналитиктер. Басылманын айтымында, баанын кескин көтөрүлбөй калышы — Россия банкынын катаал акча саясатынын жемиши. Башкы банк 6-июнда үч жылдан бери биринчи жолу негизги коюмду 21 пайыздан 20 пайызга чейин түшүргөн. Анткен менен мекеме ишинин нугун өзгөртпөй, чечимдерди инфляциянын төмөндөөсүнө жараша кабыл алууну улантмакчы. Россия банкыны Финансы конгрессинде Борбордук банктын башчысы Эльвира Набиуллина инфляция күтүлгөндөн тезирээк жайлап жатканын белгилеген. Ал эми өлкөнүн Статкомунун маалыматы боюнча, Россияда инфляция июлда 0,2 пайызга жайлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0