https://sputnik.kg/20250713/1095279451.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасын текшерди. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы... 13.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-13T17:00+0600
2025-07-13T17:00+0600
2025-07-13T18:00+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0d/1095279319_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0146e0c4fa7d285acd2d20f7c959bf55.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасын текшерди. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасынын абалы менен таанышты. Жыйынтыгында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү маанилүү экени аныкталган. Ошондой эле жакынкы аралыкта бул маселенин үстүндө тийиштүү иш алып баруу пландалган.
Сибир мамлекеттик медициналык университети кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик орундарды сунуштоодо. Кыргызстандын Агартуу министрлигинен билдиришкендей, аталган окуу жай 2025-жылдын 20-июлуна чейин абитуриенттерди онлайн кабыл алат. Бюджеттик орундарга кирүү сынактары ушул жылдын 25-июлуна чейин өткөрүлөт, 4-августка чейин окууга кабыл алууга макулдук берүү жүргүзүлөт. Билим берүү жөнүндө документтердин түп нускасын берүүнүн кажети жок, Россиянын бир университетине гана бериле турган кабыл алууга макулдук арызы жетиштүү.
Казак кыздарынын намысына шек келтирди деген интернет-колдонуучу кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.Милициянын маалыматында, 38 жаштагы киши 7-июлда баракчасына казак кыздарга уят сөздөр менен кайрылган видео жарыялаган. Бул чоң талкуу жаратып, улут боюнча кемсинткен сөздөр камтылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси менен иш козголду. Шектүү камакка алынып, тергөө уланып жатат.
Германиянын агрессивдүү риторикасы жана Украинага курал-жарак жөнөтүүгө ыктаганы өлкө канцлери Фридрих Мерц маселени күч менен чечүүгө далалаттанып жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис YouTube каналдарынын бирине маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. “Россияга карата эми эч кандай дипломатия колдонулбайт. Ал Россия менен тирешүүнү тандады же жок эле дегенде колунда согуша турган эч нерсеси калбай калганга чейин Украинаны колдонууну чечти”, — деген эксперт. Меркуристин айтымында, дипломатиядан атайылап баш тартуу Украинанын Берлинге таянып алып чагым жасоосун шарттайт. “Алар Украинаны колдоону улантып, Киевдин Москва менен каршылашуусун болушунча созууга аракет кылышат”, — деди аналитик. Эскерте кетсек, шаршемби күнү Германия канцлери Фридрих Мерц АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө Америка Украинага аскердик да, жарандык да жардамын улантуусу керек деп айтканын билдирген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 16 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 14-июлга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. дүйшөмбүдө тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +23...+28, градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +32…+34, Ош шаарында +33...+35 градуска көтөрүлөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасын текшерди. Бул туураулуу мекеменин басмса сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасынын абалы менен таанышты. Жыйынтыгында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү маанилүү экени аныкталган. Ошондой эле жакынкы аралыкта бул маселенин үстүндө тийиштүү иш алып баруу пландалган. Сибир мамлекеттик медициналык университети кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик орундарды сунуштоодо. Кыргызстандын Агартуу министрлигинен билдиришкендей, аталган окуу жай 2025-жылдын 20-июлуна чейин абитуриенттерди онлайн кабыл алат. Бюджеттик орундарга кирүү сынактары ушул жылдын 25-июлуна чейин өткөрүлөт, 4-августка чейин окууга кабыл алууга макулдук берүү жүргүзүлөт. Билим берүү жөнүндө документтердин түп нускасын берүүнүн кажети жок, Россиянын бир университетине гана бериле турган кабыл алууга макулдук арызы жетиштүү. Казак кыздарынын намысына шек келтирди деген интернет-колдонуучу кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.Милициянын маалыматында, 38 жаштагы киши 7-июлда баракчасына казак кыздарга уят сөздөр менен кайрылган видео жарыялаган. Бул чоң талкуу жаратып, улут боюнча кемсинткен сөздөр камтылган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу" беренеси менен иш козголду. Шектүү камакка алынып, тергөө уланып жатат.Германиянын агрессивдүү риторикасы жана Украинага курал-жарак жөнөтүүгө ыктаганы өлкө канцлери Фридрих Мерц маселени күч менен чечүүгө далалаттанып жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис YouTube каналдарынын бирине маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды. “Россияга карата эми эч кандай дипломатия колдонулбайт. Ал Россия менен тирешүүнү тандады же жок эле дегенде колунда согуша турган эч нерсеси калбай калганга чейин Украинаны колдонууну чечти”, — деген эксперт. Меркуристин айтымында, дипломатиядан атайылап баш тартуу Украинанын Берлинге таянып алып чагым жасоосун шарттайт. “Алар Украинаны колдоону улантып, Киевдин Москва менен каршылашуусун болушунча созууга аракет кылышат”, — деди аналитик. Эскерте кетсек, шаршемби күнү Германия канцлери Фридрих Мерц АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө Америка Украинага аскердик да, жарандык да жардамын улантуусу керек деп айтканын билдирген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 16 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 14-июлга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. дүйшөмбүдө тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +32...+37, Талас аймагында +29...+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +23...+28, градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +32…+34, Ош шаарында +33...+35 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0d/1095279319_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f113d0e18bd8977c2bdb972e0fbed98f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио