https://sputnik.kg/20250713/1095275520.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер... 13.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-13T15:00+0600
2025-07-13T15:00+0600
2025-07-13T15:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0d/1095275388_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_603644a9f6bcbfb8aa1b1c66dd4cf5fc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын консулдук тармагындагы актуалдуу маселелерин талкуулады. Айрыкча, АКШ тарабынан Кыргызстандын жарандарына карата визалык саясатына киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулган. Алмаз Имангазиев аталган өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселени талкуулоодо конструктивдүү мамиле кылууну, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты сактоо маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында кеңешмелерди улантууну макулдашты.
Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кымбат алкоголь менен тамекинин акциздик маркасын көтөрүүнү сунуштады.Ал Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында рейд өткөрүп, дүкөндөрдү жана май куюучу жайларды текшерди. Айрым суусундук менен ичимдиктердин акциздик маркасы жок экенин байкашкан. "Эң кымбат виски ичкен киши эң кымбат салык төлөшү керек. Алар сумманын көтөрүлгөнүнө көп деле "кейибейт", — деген Шыкмаматов. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аны колдоп, салыктан түшкөн каражат айлык акыга жана жөлөк пулга жумшаларын белгилеген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Салык кызматынын Балыкчыдагы жетекчисине жана анын орун басарына катуу сөгүш берилди.
ИИМ Октябрь райондук аскер комиссариатынын тосмосун сүзүп токтогон жолтандабас боюнча үн катты. Окуя кечээ, 12-июлда, болгонун Бишкек ШИИБи кабарлаган. Буга чейин ЖМКлар жол кырсыгына кабылган унаа Свердлов РИИБинин начальнигинин орун басары Замир Эргешовго таандык экенин боолголошкон. Министрлик Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын билдирди. "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилет", — деп айтылат маалыматта. Мекеме өз ишмердүүлүгүндө ачыктык жана айкындуулук принциптерин карманарын белгилеген.
Корея Элдик Демократиялык Республикасына иш сапары менен барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкө жетекчиси Ким Чен Ындын кабыл алуусунда болуп, тараптар кызматташууну, эл аралык жана регионалдык көйгөйлөрдү талкуулашкан. Бул тууралуу РФ ТИМине таянуу менен РИА Новости жазды. “Пхеньяндын атайын операцияны ырааттуу колдоп, Корей элдик армиясынын Курск облусун украин улутчулдары менен жалданма чет элдик аскерлерден бошотууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык айтылды”, — деп жазылган маалыматта. Сүйлөшүүлөрдө кызматташууга өзгөчө көңүл бурулган. Маалыматта Корей жарым аралы менен Түндүк-Чыгыш Азиядагы кырдаал талкууланганы айтылат. Тараптар аталган аймакта абалдын чыңалышына АКШ менен анын союздаштарынын аскердик активдүүлүгүнүн күчөшү, өзөктүк компоненттерди пайдалануу менен аскердик машыгуулардын өткөрүлүшү себеп экенине токтолушкан.
Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын консулдук тармагындагы актуалдуу маселелерин талкуулады. Айрыкча, АКШ тарабынан Кыргызстандын жарандарына карата визалык саясатына киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө көңүл бурулган. Алмаз Имангазиев аталган өзгөртүүлөргө байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселени талкуулоодо конструктивдүү мамиле кылууну, ошондой эле өз ара кызыкчылыкты сактоо маанилүүлүгүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу максатында кеңешмелерди улантууну макулдашты. Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кымбат алкоголь менен тамекинин акциздик маркасын көтөрүүнү сунуштады.Ал Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында рейд өткөрүп, дүкөндөрдү жана май куюучу жайларды текшерди. Айрым суусундук менен ичимдиктердин акциздик маркасы жок экенин байкашкан. "Эң кымбат виски ичкен киши эң кымбат салык төлөшү керек. Алар сумманын көтөрүлгөнүнө көп деле "кейибейт", — деген Шыкмаматов. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аны колдоп, салыктан түшкөн каражат айлык акыга жана жөлөк пулга жумшаларын белгилеген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Салык кызматынын Балыкчыдагы жетекчисине жана анын орун басарына катуу сөгүш берилди. ИИМ Октябрь райондук аскер комиссариатынын тосмосун сүзүп токтогон жолтандабас боюнча үн катты. Окуя кечээ, 12-июлда, болгонун Бишкек ШИИБи кабарлаган. Буга чейин ЖМКлар жол кырсыгына кабылган унаа Свердлов РИИБинин начальнигинин орун басары Замир Эргешовго таандык экенин боолголошкон. Министрлик Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын, окуянын бардык жагдайлары такталып жатканын билдирди. "Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилет", — деп айтылат маалыматта. Мекеме өз ишмердүүлүгүндө ачыктык жана айкындуулук принциптерин карманарын белгилеген.Корея Элдик Демократиялык Республикасына иш сапары менен барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өлкө жетекчиси Ким Чен Ындын кабыл алуусунда болуп, тараптар кызматташууну, эл аралык жана регионалдык көйгөйлөрдү талкуулашкан. Бул тууралуу РФ ТИМине таянуу менен РИА Новости жазды. “Пхеньяндын атайын операцияны ырааттуу колдоп, Корей элдик армиясынын Курск облусун украин улутчулдары менен жалданма чет элдик аскерлерден бошотууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык айтылды”, — деп жазылган маалыматта. Сүйлөшүүлөрдө кызматташууга өзгөчө көңүл бурулган. Маалыматта Корей жарым аралы менен Түндүк-Чыгыш Азиядагы кырдаал талкууланганы айтылат. Тараптар аталган аймакта абалдын чыңалышына АКШ менен анын союздаштарынын аскердик активдүүлүгүнүн күчөшү, өзөктүк компоненттерди пайдалануу менен аскердик машыгуулардын өткөрүлүшү себеп экенине токтолушкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0d/1095275388_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8e7ad261f1eb74673598fbe827726546.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио