https://sputnik.kg/20250713/1095274172.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кымбат алкоголь менен тамекинин акциздик маркасын көтөрүүнү сунуштады.Ал Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында рейд... 13.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-13T13:00+0600
2025-07-13T13:00+0600
2025-07-13T13:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0d/1095274040_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_52310cf4c8fc5cb23ddf08a2359ca674.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кымбат алкоголь менен тамекинин акциздик маркасын көтөрүүнү сунуштады.Ал Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында рейд өткөрүп, дүкөндөрдү жана май куюучу жайларды текшерди. Айрым суусундук менен ичимдиктердин акциздик маркасы жок экенин байкашкан. "Эң кымбат виски ичкен киши эң кымбат салык төлөшү керек. Алар сумманын көтөрүлгөнүнө көп деле "кейибейт", — деген Шыкмаматов. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аны колдоп, салыктан түшкөн каражат айлык акыга жана жөлөк пулга жумшаларын белгилеген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Салык кызматынын Балыкчыдагы жетекчисине жана анын орун басарына катуу сөгүш берилди. "Рейдди эч кимге айтпай баштайлы дегенбиз. Дүкөндөргө кирсек сени эскертип койгон деп жатышат", — деп нааразы болгон Шыкмаматов аймактагы салыкчыга. Аталган иш-чара туристтик сезонго байланыштуу биринчи Ысык-Көлдө башталганы, эми ал өлкө боюнча жүргүзүлө турганы кошумчаланды.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу маданият министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өтүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси саясий репрессиянын курмандыгы болгон жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн саясий жана коомдук ишмерлердин сөөгү коюлган жер. Мындан сырткары, Кыргызстандын тарыхындагы эң оор жана унутулгус окуяларга байланыштуу курман болгон инсандар эскерилген улуттук ыйык мазар.
Балыкчы гарнизонунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун ысымын алып жүргөн легендарлуу сегизинчи гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 84 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.Билдирүүгө ылайык, иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов, Панфилов дивизиясынын өздүк курамы, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жана борбордук аппараттарынын өкүлдөрү, Балыкчы шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Салтанатта коргоо министри Панфилов дивизиясынын 23- мотоаткычтар бригадасына тууну тапшырып, аскер кызматкерлерин ата-бабалардын салтын улап, Куралдуу күчтөрдүн мыкты үлгүсү болууга чакырды. Ошондой эле ийгилик жараткан аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды.
Россинын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кытайга барганын РИА Новости жазды. Буга чейин аталган жолугушуу 30-август жана 1-сентябрда Тяньцзинде өтө турган ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн негизги бөлүгү болору айтылган. Лавров Кытайга Корея Элдик Демократиялык Республикасынан ары барган. Вонсанда министр өлкө жетекчиси Ким Чен Ын, ТИМ башчысы Цой Сон Хи менен жолуккан болчу. ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө.
Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов кымбат алкоголь менен тамекинин акциздик маркасын көтөрүүнү сунуштады.Ал Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында рейд өткөрүп, дүкөндөрдү жана май куюучу жайларды текшерди. Айрым суусундук менен ичимдиктердин акциздик маркасы жок экенин байкашкан. "Эң кымбат виски ичкен киши эң кымбат салык төлөшү керек. Алар сумманын көтөрүлгөнүнө көп деле "кейибейт", — деген Шыкмаматов. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аны колдоп, салыктан түшкөн каражат айлык акыга жана жөлөк пулга жумшаларын белгилеген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Салык кызматынын Балыкчыдагы жетекчисине жана анын орун басарына катуу сөгүш берилди. "Рейдди эч кимге айтпай баштайлы дегенбиз. Дүкөндөргө кирсек сени эскертип койгон деп жатышат", — деп нааразы болгон Шыкмаматов аймактагы салыкчыга. Аталган иш-чара туристтик сезонго байланыштуу биринчи Ысык-Көлдө башталганы, эми ал өлкө боюнча жүргүзүлө турганы кошумчаланды."Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу маданият министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде өтүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси саясий репрессиянын курмандыгы болгон жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн саясий жана коомдук ишмерлердин сөөгү коюлган жер. Мындан сырткары, Кыргызстандын тарыхындагы эң оор жана унутулгус окуяларга байланыштуу курман болгон инсандар эскерилген улуттук ыйык мазар. Балыкчы гарнизонунда Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун ысымын алып жүргөн легендарлуу сегизинчи гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын түзүлгөндүгүнүн 84 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.Билдирүүгө ылайык, иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов, Панфилов дивизиясынын өздүк курамы, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жана борбордук аппараттарынын өкүлдөрү, Балыкчы шаарынын тургундары жана коноктору катышты. Салтанатта коргоо министри Панфилов дивизиясынын 23- мотоаткычтар бригадасына тууну тапшырып, аскер кызматкерлерин ата-бабалардын салтын улап, Куралдуу күчтөрдүн мыкты үлгүсү болууга чакырды. Ошондой эле ийгилик жараткан аскер кызматкерлерине сыйлык тапшырды. Россинын тышкы иштер министри Сергей Лавров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышуу үчүн Кытайга барганын РИА Новости жазды. Буга чейин аталган жолугушуу 30-август жана 1-сентябрда Тяньцзинде өтө турган ШКУ саммитине даярдык көрүүнүн негизги бөлүгү болору айтылган. Лавров Кытайга Корея Элдик Демократиялык Республикасынан ары барган. Вонсанда министр өлкө жетекчиси Ким Чен Ын, ТИМ башчысы Цой Сон Хи менен жолуккан болчу. ШКУ — 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Ага Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Пакистан жана Өзбекстан мүчө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0d/1095274040_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_028e97fc25f464997d68811c9a3ebebf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио