https://sputnik.kg/20250711/lavrov-ukraina-zhany-plan-tuuraluu--1095250275.html
"Азырынча айтылбайт". Лавров Россиянын Украина боюнча жаңы планы тууралуу
"Азырынча айтылбайт". Лавров Россиянын Украина боюнча жаңы планы тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Россия — АСЕАН отурумунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Украина боюнча жаңы план тууралуу суроого жооп... 11.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-11T15:06+0600
2025-07-11T15:06+0600
2025-07-11T15:06+0600
россия
малайзия
сергей лавров
марко рубио
украина
план
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0b/1095248282_0:0:3631:2042_1920x0_80_0_0_6979a791abf8d4e434806e5a71d7a229.jpg
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Россия — АСЕАН отурумунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Украина боюнча жаңы план тууралуу суроого жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Буга чейин АШ президенти Москванын кийинки кадамдарына баа берип жатып, Россияга "кичинекей сюрприз" даярдап жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал Вашингтондун кандай кадамдарга барарын ачыктаган эмес. Лавров Рубио менен жолугушууда Россиянын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча позициясын тастыктаганын билдирди. "Ооба, биз Украинаны талкууладык, Владимир Путин 3-июлда Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө айткан позицияны дагы бир ирет тастыктадык", — деди министр. Лавровдун айтымында, ал АКШнын мамлекеттик катчысына Зеленскийдин жана Киев режиминин башка өкүлдөрүнүн орустарды жок кылуу жөнүндөгү цитаталарынын жыйнагын да берген. Лавров Украина орус жана орус тилдүү калктын укугун чектеп, макул болбогондорду жок кылуу үчүн "аймактык бүтүндүккө" муктаж экенин белгиледи. Эске салсак, кечээ күнү Лавров менен Рубио Куала-Лумпурда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Буга чейин дипломаттар бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, февраль айында алгачкы ирет Эр-Риядда өткөн Россия-Америка сүйлөшүүлөрүндө жолугушкан. Анда тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү боюнча ишти баштоого макулдашышкан.
https://sputnik.kg/20250711/tramp-rossiya-tuuraluu-orchunduu-bildiree-zhasajn--1095232403.html
малайзия
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0b/1095248282_390:0:3121:2048_1920x0_80_0_0_9df28f8185765ac82632ca871b6cc06e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
россия, малайзия, сергей лавров, марко рубио, украина, план
россия, малайзия, сергей лавров, марко рубио, украина, план
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Россия — АСЕАН отурумунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Украина боюнча жаңы план тууралуу суроого жооп берди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Россиянын чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштары кандай?" деген суроого Сергей Лавров аларды ачыктабай турганын айткан.
Буга чейин АШ президенти Москванын кийинки кадамдарына баа берип жатып, Россияга "кичинекей сюрприз" даярдап
жатканын билдирген. Ошол эле учурда ал Вашингтондун кандай кадамдарга барарын ачыктаган эмес.
Лавров Рубио менен жолугушууда Россиянын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча позициясын тастыктаганын билдирди.
"Ооба, биз Украинаны талкууладык, Владимир Путин 3-июлда Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө айткан позицияны дагы бир ирет тастыктадык", — деди министр.
Лавровдун айтымында, ал АКШнын мамлекеттик катчысына Зеленскийдин жана Киев режиминин башка өкүлдөрүнүн орустарды жок кылуу жөнүндөгү цитаталарынын жыйнагын да берген.
"Мен кечээ Зеленскийдин, Шмыгалдын, Ермактын, Подоляктын цитаталарынан кыскача үзүндү бердим, анда орустарды жок кылуу зарылдыгы жөнүндө түз айтылган", — деп кошумчалады министр.
Лавров Украина орус жана орус тилдүү калктын укугун чектеп, макул болбогондорду жок кылуу үчүн "аймактык бүтүндүккө" муктаж экенин белгиледи.
Эске салсак, кечээ күнү Лавров менен Рубио Куала-Лумпурда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Буга чейин дипломаттар бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшүп, февраль айында алгачкы ирет Эр-Риядда өткөн Россия-Америка сүйлөшүүлөрүндө жолугушкан. Анда тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди калыбына келтирүү боюнча ишти баштоого макулдашышкан.