00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Садыр Жапаров "Тамчы" инвестициялык аймагы жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Документ өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү, инвестиция тартуу жана жалпы инвестициялык климатты жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Мыйзамда белгиленгендей, "Тамчы" атайын аймагында иш алып барган инвесторлор үчүн өзгөчө укуктук шарттар түзүлүп, ал инвестиция тартуу боюнча эл аралык деңгээлдеги аянтча болот. Аймактын өзгөчөлүгү — жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салууда англис укугунун нормалары колдонулат. Ошондой эле эл аралык талаш маселелерди кароо үчүн өзүнчө борбор түзүлөт.
2025-26-окуу жылына карата Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 10 миң билим берүү гранты, ал эми орто кесиптик билим берүү мекемелерине 4 миң 131 грант каралды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим жана инновация министрлиги билдирди.Анын ичинде 2 586 грант ваучердик каржылоо механизми аркылуу бөлүштүрүлөт. Мындан тышкары ЖОЖдорго бөлүнгөн гранттык орундардын жалпы санынан өзүнчө квоталар пландаштырылган:Алсак, 50 орун — республикалык тестирлөөнүн эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрүнө;550 орун — өкмөттөр аралык макулдашуулар боюнча;75 орун — чет өлкөдөгү этникалык кыргыздар үчүн;500 орун — майыптар, жетимдер жана кароосуз калган балдар үчүн;20 орун — Аксы, Апрель, Июнь окуяларынан каза болгондордун балдары жана кайрылман макамындагы жарандар үчүн.Гранттык орундар билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана социалдык теңдикти колдоого багытталган.
Евразиялык экономикалык комиссиясында ЕАЭБдин жарандык авиациядагы учкучсуз авиациялык системалары тууралуу маселе талкууланды Анда учкучсуз авиация системаларын колдонуу, коопсуздугун жогорулатуу, чыгымын азайтып, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл бурулду. Жыйынтыгында санарип технология, жасалма интелллектини колдонуу боюнча берилген сунуштар камтылган резолюция кабыл алынды.
Россиянын ТИМ башчысы Россия — АСЕАН отурумунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында Украина боюнча жаңы план тууралуу суроого жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Россиянын чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштары кандай?" деген суроого Сергей Лавров аларды ачыктабай турганын айткан. Ал Рубио менен жолугушууда Россиянын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча позициясын тастыктаганын билдирди. "Ооба, биз Украинаны талкууладык, Владимир Путин 3-июлда Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө айткан позицияны дагы бир ирет тастыктадык", — деди министр. Лавровдун айтымында, ал АКШнын мамлекеттик катчысына Зеленскийдин жана Киев режиминин башка өкүлдөрүнүн орустарды жок кылуу жөнүндөгү цитаталарынын жыйнагын да берген. Лавров Украина орус жана орус тилдүү калктын укугун чектеп, макул болбогондорду жок кылуу үчүн "аймактык бүтүндүккө" муктаж экенин белгиледи. Эске салсак, кечээ күнү Лавров менен Рубио Куала-Лумпурда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0