https://sputnik.kg/20250710/1095229419.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык... 10.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-10T19:00+0600
2025-07-10T19:00+0600
2025-07-10T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0a/1095229287_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_64593244f09f4609fad5411ae65c6220.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, тартиптик чара башкы банкирдин ишиндеги кемчиликтер үчүн колдонулган. Эске салсак, былтыр августта да Садыр Жапаров Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, эки орун басарын иштен алган. Анда акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна кептеп, экономикага терс таасирин тийгизүү менен бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлордун алдында ишенимди жоготуу коркунучу жаралганы айтылган.
УКМК инженер-программисттерди жана чет жактан билим алгандарды ишке чакырууда. Бул боюнча жарыяны мекеменин маалымат кызматы таратты. Атайын кызмат тандоо учурунда алардын өзгөчө жөндөмдөрү эске алынып, бул багыттагы адистерге техникалык бөлүмдөрдө аскердик кызмат өтөөнүн альтернативдүү формалары сунушталарын белгиледи. 28-30 жашка чейинки, жогорку техникалык билими бар, соттолбогон, ден соолугу чың жарандар бул адистиктер боюнча УКМКга ишке чакырылат. радиоэлектроника; учактарды моделдөөтоо-кен өнөр жайы физика жана математика; жок дегенде 2-3 чет тилди жакшы билгендер. Ошондой эле Япония, АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүнүн университеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилери кошумчаланды.
Ал арада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада өткөн бокс боюнча дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулуна автоунаа белек кылды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.Ташиев спортчуларга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилеген. Ал эми спортчу Нурадин Рустамбек уулу Ташиевге көрсөткөн колдоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирген. Белгилей кетсек, Нурадин Рустамбек уулу дүйнө кубогунда 75 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болгон.
Түркиянын Aydınlık басылмасы Кувейтте иштеген бир катар Батыш элчилеринин жазышкан билдирүүлөрүн ачыктап, көпчүлүккө жарыялады. Андан Европа дипломатиясы Москва менен Киевдин тирешүүсү боюнча өз көз карашын кандайча таңуулап, кантип башкарып жатканын көрүүгө болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Aydınlık басылмасы Перс булуңундагы ишенимдүү булактардан Кувейтте жүргөн Батыш элчилеринин WhatsApp жазышууларын алып чыкты. Жайылып кеткен бул жазышуулар Батыш дипломатиясынын Батыш Азиядагы кабылдоону башкаруу аракеттери жана маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү боюнча далилдерди камтыйт", — деп айтылат макалада./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 43 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 11-июлга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +27…+29 градуска көтөрүлөт.
Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Ага ылайык, тартиптик чара башкы банкирдин ишиндеги кемчиликтер үчүн колдонулган. Эске салсак, былтыр августта да Садыр Жапаров Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялап, эки орун басарын иштен алган. Анда акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна кептеп, экономикага терс таасирин тийгизүү менен бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлордун алдында ишенимди жоготуу коркунучу жаралганы айтылган.УКМК инженер-программисттерди жана чет жактан билим алгандарды ишке чакырууда. Бул боюнча жарыяны мекеменин маалымат кызматы таратты. Атайын кызмат тандоо учурунда алардын өзгөчө жөндөмдөрү эске алынып, бул багыттагы адистерге техникалык бөлүмдөрдө аскердик кызмат өтөөнүн альтернативдүү формалары сунушталарын белгиледи. 28-30 жашка чейинки, жогорку техникалык билими бар, соттолбогон, ден соолугу чың жарандар бул адистиктер боюнча УКМКга ишке чакырылат. радиоэлектроника; учактарды моделдөөтоо-кен өнөр жайы физика жана математика; жок дегенде 2-3 чет тилди жакшы билгендер. Ошондой эле Япония, АКШ, Кытай, Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүнүн университеттеринин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилери кошумчаланды.Ал арада УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада өткөн бокс боюнча дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеген кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулуна автоунаа белек кылды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.Ташиев спортчуларга мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн белгилеген. Ал эми спортчу Нурадин Рустамбек уулу Ташиевге көрсөткөн колдоосу жана белеги үчүн ыраазычылык билдирген. Белгилей кетсек, Нурадин Рустамбек уулу дүйнө кубогунда 75 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, коло медалга ээ болгон.Түркиянын Aydınlık басылмасы Кувейтте иштеген бир катар Батыш элчилеринин жазышкан билдирүүлөрүн ачыктап, көпчүлүккө жарыялады. Андан Европа дипломатиясы Москва менен Киевдин тирешүүсү боюнча өз көз карашын кандайча таңуулап, кантип башкарып жатканын көрүүгө болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Aydınlık басылмасы Перс булуңундагы ишенимдүү булактардан Кувейтте жүргөн Батыш элчилеринин WhatsApp жазышууларын алып чыкты. Жайылып кеткен бул жазышуулар Батыш дипломатиясынын Батыш Азиядагы кабылдоону башкаруу аракеттери жана маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү боюнча далилдерди камтыйт", — деп айтылат макалада./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 43 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 11-июлга караган караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26...+31, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +18...+23 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +27…+29 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0a/1095229287_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_25c3be14978dd5d8f7fe327b71d8ffe0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио