https://sputnik.kg/20250710/1095225545.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Криминал кайрадан баш көтөрүүгө ниеттенүүдө, андайга жол берилбейт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Ошто өткөргөн жыйында билдирди. Анын... 10.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-10T17:00+0600
2025-07-10T17:00+0600
2025-07-10T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0a/1095225413_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1ceb0e3d79d2e6f871f79a213835d07a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Криминал кайрадан баш көтөрүүгө ниеттенүүдө, андайга жол берилбейт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Ошто өткөргөн жыйында билдирди. Анын айтымында, атайын кызматта бандиттер өз убактысын күтүп жатканы боюнча маалыматтар бар."Коопсуздук кызматында бандиттер кылмыштуу жашоодон баш тартымыш болуп, бирок кайрадан баш көтөрүүгө ниет кылып жаткандары боюнча маалыматтар бар. Буга жол бербейбиз, алардын доору кайтып келбейт. Бандиттер мурдагыдай өлкөнү башкарбайт. Биздин мамлекет эркин, мыйзамдуу, демократиялуу болот. Биз мыйзам чегинде катуу жооп кайтарабыз. Биздеги тартиптер жакпаса өлкөдөн чыгып кетишсин, айтып койгула ошолорго", — деди УКМКнын төрагасы. Ошондой эле ал буга чейин Ош менен Чолпон-Ата өлкөдөгү эң криминалдуу шаарлар болгонун, ал жактарда уюшкан кылмыштуу топтордун көпчүлүгү жайгашканын кошумчалады.
Министрлер кабинети Ишкердикти өнүктүрүү фондуна 678,9 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт аталган фондго 3 пайыз үстөгү менен 20 жылга насыя берет. Анын эки жылы жеңилдетилген мөөнөт экени айтылды. Кредит мындай максатта берилет: турак жайларды жана бизнес-объектилерди жылуулоо; газга кошулуужылытуу жана муздатуу системаларын жакшыртуу; энергияны жана сууну үнөмдүү колдонгон жабдууларды сатып алуу; кайра жаралуучу энергия булактарын (КЖЭ) жана заманбап технологияларды орнотуу; электромобилдерди жана гибриддик автоунааларды сатып алуу; абаны кайра колдонуу функциясы бар желдетүү системаларын орнотуу; жылытуу жана муздатуу үчүн жылуулук насосторун орнотуу. Жарандарга 5 миллион сомго чейинки каражат 12 пайыз жылдык үстөгү менен 5 жылга чейин берилет.
Баткендин тургундары үйүндө сактап жүргөн мыйзамсыз курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө укук коргоо органдарына тапшырып беришти. Бул тууралуу облустук ИИББ билдирди. Маалыматка караганда, Баткен районунда жүргүзүлгөн "Арсенал" рейди ойлогондон дагы жакшы жыйынтык берген. "Түшүндүрүү иштери эл арасында укуктук аң-сезимдин жогорулашына түрткү берип, тургундар өз ыктыяры менен 78 даана ок атуучу курал, ондогон ок-дары жана эки даана кол гранатасын тапшырып беришти. Мындай көрсөткүч жашоочулардын коомдук коопсуздукка болгон жоопкерчилиги жогору экенин тастыктайт", — деп айтылат маалыматта. ОИИБ тапшырылган ар бир курал кылмыштарды алдын аларын белгиледи.
Батыш чагымчылыгынан улам түзүлгөн Украинадагы абал ушу тапта чыңалган бойдон калууда. Бул тууралуу ФСБ директорунун орун басары — Чек ара кызматынын директору Владимир Кулишов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйынында билдирди. Кулишов белгилегендей, учурда дүйнөлүк тартип түп-тамырынан өзгөрүп, көп уюлдуу саясий жана экономикалык мейкиндик түзүлүп жатат. Анын айтымында, Украинага аскердик-техникалык жардамдын агымы уланып, согуштун тыюу салынган ыкмалары менен каражаттары колдонулуп жатканы, ошондой эле чет элдик кеңешчилер менен жалданма жоокерлердин салгылаштарга катышуусу киевдик режимге демөөрчү болгон өлкөлөр менен аскердик кагылышуу коркунучун күчөтүүдө.
Криминал кайрадан баш көтөрүүгө ниеттенүүдө, андайга жол берилбейт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ Ошто өткөргөн жыйында билдирди. Анын айтымында, атайын кызматта бандиттер өз убактысын күтүп жатканы боюнча маалыматтар бар."Коопсуздук кызматында бандиттер кылмыштуу жашоодон баш тартымыш болуп, бирок кайрадан баш көтөрүүгө ниет кылып жаткандары боюнча маалыматтар бар. Буга жол бербейбиз, алардын доору кайтып келбейт. Бандиттер мурдагыдай өлкөнү башкарбайт. Биздин мамлекет эркин, мыйзамдуу, демократиялуу болот. Биз мыйзам чегинде катуу жооп кайтарабыз. Биздеги тартиптер жакпаса өлкөдөн чыгып кетишсин, айтып койгула ошолорго", — деди УКМКнын төрагасы. Ошондой эле ал буга чейин Ош менен Чолпон-Ата өлкөдөгү эң криминалдуу шаарлар болгонун, ал жактарда уюшкан кылмыштуу топтордун көпчүлүгү жайгашканын кошумчалады.Министрлер кабинети Ишкердикти өнүктүрүү фондуна 678,9 миллион сом бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт аталган фондго 3 пайыз үстөгү менен 20 жылга насыя берет. Анын эки жылы жеңилдетилген мөөнөт экени айтылды. Кредит мындай максатта берилет: турак жайларды жана бизнес-объектилерди жылуулоо; газга кошулуужылытуу жана муздатуу системаларын жакшыртуу; энергияны жана сууну үнөмдүү колдонгон жабдууларды сатып алуу; кайра жаралуучу энергия булактарын (КЖЭ) жана заманбап технологияларды орнотуу; электромобилдерди жана гибриддик автоунааларды сатып алуу; абаны кайра колдонуу функциясы бар желдетүү системаларын орнотуу; жылытуу жана муздатуу үчүн жылуулук насосторун орнотуу. Жарандарга 5 миллион сомго чейинки каражат 12 пайыз жылдык үстөгү менен 5 жылга чейин берилет.Баткендин тургундары үйүндө сактап жүргөн мыйзамсыз курал-жарактарын ыктыярдуу түрдө укук коргоо органдарына тапшырып беришти. Бул тууралуу облустук ИИББ билдирди. Маалыматка караганда, Баткен районунда жүргүзүлгөн "Арсенал" рейди ойлогондон дагы жакшы жыйынтык берген. "Түшүндүрүү иштери эл арасында укуктук аң-сезимдин жогорулашына түрткү берип, тургундар өз ыктыяры менен 78 даана ок атуучу курал, ондогон ок-дары жана эки даана кол гранатасын тапшырып беришти. Мындай көрсөткүч жашоочулардын коомдук коопсуздукка болгон жоопкерчилиги жогору экенин тастыктайт", — деп айтылат маалыматта. ОИИБ тапшырылган ар бир курал кылмыштарды алдын аларын белгиледи.Батыш чагымчылыгынан улам түзүлгөн Украинадагы абал ушу тапта чыңалган бойдон калууда. Бул тууралуу ФСБ директорунун орун басары — Чек ара кызматынын директору Владимир Кулишов ШКУга мүчө өлкөлөрдүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин XI жыйынында билдирди. Кулишов белгилегендей, учурда дүйнөлүк тартип түп-тамырынан өзгөрүп, көп уюлдуу саясий жана экономикалык мейкиндик түзүлүп жатат. Анын айтымында, Украинага аскердик-техникалык жардамдын агымы уланып, согуштун тыюу салынган ыкмалары менен каражаттары колдонулуп жатканы, ошондой эле чет элдик кеңешчилер менен жалданма жоокерлердин салгылаштарга катышуусу киевдик режимге демөөрчү болгон өлкөлөр менен аскердик кагылышуу коркунучун күчөтүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/0a/1095225413_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c292fe31860a340e1016ee6608c43cbb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио