https://sputnik.kg/20250709/kyrgyzstan-zhunda-munay-zavod--1095197426.html
"Жунда" мунай заводуна экологияга зыян келтирбеген жабдуу орнотулууда
"Жунда" мунай заводуна экологияга зыян келтирбеген жабдуу орнотулууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Жунда" заводунда зыяндуу заттарды жок кылуучу технологиялык жабдуу орнотулууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигинин маалымат... 09.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-09T15:18+0600
2025-07-09T15:18+0600
2025-07-09T15:18+0600
кыргызстан
"жунда" мунай заводу
мунай
завод
https://sputnik.kg/img/07e8/08/1e/1088282461_0:108:2048:1260_1920x0_80_0_0_e52044396d1a7e1e87bba380c4f30011.jpg
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Жунда" заводунда зыяндуу заттарды жок кылуучу технологиялык жабдуу орнотулууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Дөөлөтбек Мундузбаев билдирди. Анын айтымында, даттануулардан кийин министрлик заводду пландан тышкары текшерип, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берген. Ал ошондой эле бул жабдык 2025-жылдын октябрына чейин ишке кирерин белгиледи. "Өндүрүш жана казып алуу иштери жүрүп жаткан жерде зыяндуу заттар чектен ашышы ыктымал. Аларды текшерүүлөрдө аныктап, кемчиликтерди жоюуга бир айлык мөөнөт беребиз", — деди ал. Өз кезегинде министрликтин экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Гүлмира Тургунбаева адистер жер кыртышынан үлгү алып, зыяндуу заттар чектен ашкан учурларда айып салынарын кошумчалады. Эскерте кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Жунда" заводу модернизациялана турганын, иштер 2025-жылдын аягына чейин аяктаарын билдирген. Жалпысынан заводго 167 миллион доллар инвестиция салынат. Бул бензин өндүрүшүн ЕАЭБдин К-5 экологиялык стандартына ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет.
https://sputnik.kg/20250705/ysyk-ata-zavod-kanattuu-took-zhumurtka-inkubator-1095125228.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/1e/1088282461_113:0:1936:1367_1920x0_80_0_0_c93356da61060ac3ab679e4aef0e1577.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "жунда" мунай заводу, мунай, завод
кыргызстан, "жунда" мунай заводу, мунай, завод
"Жунда" мунай заводуна экологияга зыян келтирбеген жабдуу орнотулууда
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. "Жунда" заводунда зыяндуу заттарды жок кылуучу технологиялык жабдуу орнотулууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Дөөлөтбек Мундузбаев билдирди.
Анын айтымында, даттануулардан кийин министрлик заводду пландан тышкары текшерип, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берген.
"Учурда "Жунда" көрсөтмөлөрдү аткарып жатат. Экологияга зыян тийгизбеген жабдыктар орнотулууда", — деди Мундузбаев.
Ал ошондой эле бул жабдык 2025-жылдын октябрына чейин ишке кирерин белгиледи.
"Өндүрүш жана казып алуу иштери жүрүп жаткан жерде зыяндуу заттар чектен ашышы ыктымал. Аларды текшерүүлөрдө аныктап, кемчиликтерди жоюуга бир айлык мөөнөт беребиз", — деди ал.
Өз кезегинде министрликтин экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Гүлмира Тургунбаева адистер жер кыртышынан үлгү алып, зыяндуу заттар чектен ашкан учурларда айып салынарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Жунда" заводу модернизациялана турганын, иштер 2025-жылдын аягына чейин аяктаарын билдирген. Жалпысынан заводго 167 миллион доллар инвестиция салынат. Бул бензин өндүрүшүн ЕАЭБдин К-5 экологиялык стандартына ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет.