00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:09
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге автоунаа белек кылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун атынан белек Оштун жетекчилери менен болгон жыйындан соң тапшырылган. Ташиев белек Ош шаарынын жетекчисине башкаларга үлгү болгондугу үчүн берилип жаткандыгын белгиледи.
"Жунда" заводунда зыяндуу заттарды жок кылуучу технологиялык жабдуу орнотулууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агентигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Дөөлөтбек Мундузбаев билдирди. Анын айтымында, даттануулардан кийин министрлик заводду пландан тышкары текшерип, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмө берген. "Учурда "Жунда" көрсөтмөлөрдү аткарып жатат. Экологияга зыян тийгизбеген жабдыктар орнотулууда", — деди Мундузбаев. Ал ошондой эле бул жабдык 2025-жылдын октябрына чейин ишке кирерин белгиледи. Өз кезегинде министрликтин экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Гүлмира Тургунбаева адистер жер кыртышынан үлгү алып, зыяндуу заттар чектен ашкан учурларда айып салынарын кошумчалады. Эскерте кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Жунда" заводу модернизациялана турганын, иштер 2025-жылдын аягына чейин аяктаарын билдирген. Жалпысынан заводго 167 миллион доллар инвестиция салынат. Бул бензин өндүрүшүн ЕАЭБдин К-5 экологиялык стандартына ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет.
Ысык-Көлдө пирс куруп жаткандардын понтонун шамал айдап кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ сегиз жумушчу Кажы-Сайдагы пансионаттардын биринин пирсин куруп жатышкан. "Жумушчулар көл үстүндө понтон менен иштеп жатканда шамал күчөп, толкун аларды 3-4 чакырымга чейин жээктен алыстатып кеткен. Жерине барган куткаруучулар менен милиция кызматкерлери моторлуу кайыктын жардамы менен сегиз адамды аман-эсен жээкке алып чыгышкан. Баарынын тең ден соолугу жакшы, жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта. Ысык-Көл ОИИБи коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертти.
Россия Украинаны бутуна турган, өнүгүп-өскөн мамлекет катары көргүсү келет, ал эми Батыш Киевди инструмент катары пайдаланууну көздөйт. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. "Инвестициялык тобокелчиликтерди кылдат караган америкалыктар акыры жыйынтык бербей турган нерсеге күч коротпоону чечкенин көрүп турабыз. Бул бизге карап калыптанган позиция эмес. Биз, тескерисинче, Украинанын тынчтыкта өмүр сүргөн, гүлдөп-өсүп стабилдүүлүк орногон мамлекет катары көргүбүз келет. Бул биз үчүн, керек болсо, зарыл нерсе", — деген Захарова. Ал Батышта жарыяланган Украинанын милитаризацияланышы аймакта өнүккөн мамлекет куруу ниетин көздөбөй, тескерисинче, өлкөнү инструмент катары пайдалануу максатын аркалай турганын Россия жакшы түшүнөрүн белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0