00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Бишкекте үч кыздын сабалышы боюнча Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалдыКыргызстан менен Россия ветеринарияны өнүктүрүү боюнча кызматташмай болдуСадыр Жапаров эртең Тажикстанга мамлекеттик сапар менен баратАлдыда кененирээкСадыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча 8-9-июлда мамлекеттик сапары менен Душанбеге барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. "Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушууларды өткөрүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда "Түбөлүк достук" концерти өтөт. Өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, эки тараптуу документтерге кол коюлат.
Россия Федерациясынын ВОлогда облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Ветеринария, мал чарба, жайыт жана тоютту өнүктүрүү кызматынын директору Улугбек Кожобергенов менен Россия Федерациясынын айыл чарба министринин орун басары Максим Увайдов мал чарбасы жана ветеринария жаатында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөштү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар агроөнөр жай тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, анын ичинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ветеринардык көзөмөл системасын жакшыртуу, ошондой эле тармактын илимий жана билим берүү потенциалын бекемдөө маселелерин талкуулашты. Ветеринария жана мал чарбасы тармагында адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана эки өлкөнүн адистештирилген мекемелеринин ортосунда тажрыйба алмашууну уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар Кыргыз Республикасында мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, заманбап генетикалык технологияларды киргизүүгө жана туруктуу өсүш үчүн шарттарды түзүүгө жана тармакты модернизациялоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишти.
Бишкекте үч кыздын сабалышына байланыштуу бийчи Жан Воиновдун эки жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү бийчинин 25 жана 44 жаштагы жан сакчыларына "Бейбаштык" беренеси менен иш козгогон. Мейманканадагы үч кызды ур-токмокко алуу окуясы боюнча кармалган Воиновдун өзү 1-августка чейин камакка алынган. Ал 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Окуя 30-июнда Киев көчөсүндөгү мейманканалардын биринде болгон. Социалдык тармактарга жарыяланган видеодон эркек киши үч кызды бассейнге түртүп жибергенин көрүүгө болот. Милиция "Каракчылык" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында буга чейин 31 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, бир айга тергөө абагына киргизилген болчу.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 96 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 8-июлда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 8-июль, шейшембиде күндүз тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жаан жаайт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Мындай маалыматты кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Талас жергесинде +29...+31, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын аймагында +24...+29 градус ысык болот. күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +33...+35 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0