https://sputnik.kg/20250704/takyr-tordo-emi-kooptuuluk-zhok-ekeni-aytyldy-1095114137.html
Кырсык кыйгап өттү. Такыр-Төр көлүндө эми кооптуулук жок экени айтылды
Кырсык кыйгап өттү. Такыр-Төр көлүндө эми кооптуулук жок экени айтылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Атадагы Такыр-Төр тоо көлүндөгү кырдаал боюнча маалымат берген ӨКМ кооптуулук жоюлганын билдирди. 04.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-04T16:01+0600
2025-07-04T16:01+0600
2025-07-04T16:01+0600
кыргызстан
ысык-ата
такыр-төр көлү
тоо
өкм
коопсуздук
https://sputnik.kg/img/07e9/07/01/1095022476_0:107:2048:1259_1920x0_80_0_0_0e36f185f318e32e941c67824b89fc64.jpg
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Атадагы Такыр-Төр тоо көлүндөгү кырдаал боюнча маалымат берген ӨКМ кооптуулук жоюлганын билдирди. Эске салсак, мындан бир нече күн мурун, тагыраагы, 27-июнда, Ысык-Ата районундагы тоолордун арасында жайгашкан Такыр-Төр көлү жырылган. Суу ташкыны этекте жаткан Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы көпүрөнү агызып, жерди жууп кеткен. Жалпысынан 950дүн тегерегиндеги киши эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Ары-бери жүргөн каттам токтогон. ӨКМдин бүгүн берген маалыматында көлдүн адаттагыдай экени, кооптуулук жоктугу кабарланды. Агып чыккан суунун көлөмү секундасына 1,5-2 метр кубдун тегерегинде болууда.
https://sputnik.kg/20250701/takyr-tordor-kajra-suu-kobojdu-1095022255.html
ысык-ата
такыр-төр көлү
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/01/1095022476_114:0:1934:1365_1920x0_80_0_0_670e81e40d2eb564595b26f19d58e473.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-ата, такыр-төр көлү, тоо, өкм, коопсуздук
кыргызстан, ысык-ата, такыр-төр көлү, тоо, өкм, коопсуздук
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Атадагы Такыр-Төр тоо көлүндөгү кырдаал боюнча маалымат берген ӨКМ кооптуулук жоюлганын билдирди.
Эске салсак, мындан бир нече күн мурун, тагыраагы, 27-июнда, Ысык-Ата районундагы тоолордун арасында жайгашкан Такыр-Төр көлү жырылган. Суу ташкыны этекте жаткан Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы көпүрөнү агызып, жерди жууп кеткен.
Жалпысынан 950дүн тегерегиндеги киши эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Ары-бери жүргөн каттам токтогон.
ӨКМдин бүгүн берген маалыматында көлдүн адаттагыдай экени, кооптуулук жоктугу кабарланды. Агып чыккан суунун көлөмү секундасына 1,5-2 метр кубдун тегерегинде болууда.