https://sputnik.kg/20250704/1095111511.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев IV эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты. Жогорку соттон билдиришкендей, форумда... 04.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-04T15:00+0600
2025-07-04T15:00+0600
2025-07-04T15:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/04/1095111379_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_67a95fbe40c78c60909a4095dc9799ed.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев IV эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты. Жогорку соттон билдиришкендей, форумда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү юристтер, адвокаттар, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар "Санариптештирүү: юриспруденция жана юридикалык билим берүү практикасындагы тенденциялар жана жаңы чакырыктар" темасын талкуулашууда.Ошондой эле ал санариптештирүү – бул жөн гана технологиялар эмес, бул жаңы компетенциялар, этикалык чакырыктар, киберкоопсуздук жана адам укуктарын сактоо маселелери экенин баса белгиледи.
Бишкекте 80 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы аянты 0,11 гектар жер тилкеси жана турак эмес жай мурда мыйзам талаптарын бузуу менен бир акционердик коомдун менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 80 млн сомду түзгөн аталган мүлк кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды. Башкы прокуратура мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган объекттерди, анын ичинде социалдык багыттагы объекттерди кайтаруу багытында иш алып барууну улантууда.
"ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. "Сот мурдагы соттук чечимдерди жокко чыгарып, мамлекеттин мүлккө болгон укугун калыбына келтирди", — деп айтылат маалыматта. Ишкана 5,8 миллиард сомго бааланган.
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев Сибирь фольклорчулар форумунда көтөрүлгөн маселелерге токтолду.Россия илимдер академиясынын Новосибирск шаарында жайгашкан Сибирь бөлүмүнүн филология илимий институтунун фольклор сектору уюштурган фольклорчулардын III форуму болуп өтту.Манасчы анда Сагынбай Орозбаковдун "Манасындагы" азыркы Сибирь өрөөнүндө жайгашкан топонимикалык аталыштар тууралуу кызыктуу баяндама жасаган. Бакчиевдин айтымында, аталган форум 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет.Манасчы учурда эпосту жазуу иретинде жайылтуу, башка улуттарга ачып, таанытуу эмгектери колго алынышы керек деп эсептейт.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трамптын "көлөмдүү, кооз билль" деп көбүрөөк таанылган чыгым жана салык тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Бул тууралуу NBC жазды.Эми документ президентке жөнөтүлөт. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына 218 конгрессмен макул болсо, 214ү каршы чыккан. Буга чейин АКШ Сенаты өлкөнүн мамлекеттик карызынын чегин 5 триллион долларга көтөрүү каралган мыйзам долбоорун колдоп берген. Документте бир катар социалдык программаларды кыскартуу, аскердик чыгымды көбөйтүү каралып, Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө киргизилген салык жеңилдиктери сакталган. Май айында Конгресстин төмөнкү палатасы мыйзам долбоорунун алгачкы версиясын колдоп берген, ал эми 3-июлда өзгөртүүлөр киргизилип, жаңыртылган вариантын кабыл алган.
Бүгүн Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев IV эл аралык укуктук форумдун ачылыш аземине катышты. Жогорку соттон билдиришкендей, форумда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген белгилүү юристтер, адвокаттар, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле окумуштуулар "Санариптештирүү: юриспруденция жана юридикалык билим берүү практикасындагы тенденциялар жана жаңы чакырыктар" темасын талкуулашууда.Ошондой эле ал санариптештирүү – бул жөн гана технологиялар эмес, бул жаңы компетенциялар, этикалык чакырыктар, киберкоопсуздук жана адам укуктарын сактоо маселелери экенин баса белгиледи. Бишкекте 80 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы аянты 0,11 гектар жер тилкеси жана турак эмес жай мурда мыйзам талаптарын бузуу менен бир акционердик коомдун менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 80 млн сомду түзгөн аталган мүлк кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды. Башкы прокуратура мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган объекттерди, анын ичинде социалдык багыттагы объекттерди кайтаруу багытында иш алып барууну улантууда."ЭлКат" эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. "Сот мурдагы соттук чечимдерди жокко чыгарып, мамлекеттин мүлккө болгон укугун калыбына келтирди", — деп айтылат маалыматта. Ишкана 5,8 миллиард сомго бааланган.Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиев Сибирь фольклорчулар форумунда көтөрүлгөн маселелерге токтолду.Россия илимдер академиясынын Новосибирск шаарында жайгашкан Сибирь бөлүмүнүн филология илимий институтунун фольклор сектору уюштурган фольклорчулардын III форуму болуп өтту.Манасчы анда Сагынбай Орозбаковдун "Манасындагы" азыркы Сибирь өрөөнүндө жайгашкан топонимикалык аталыштар тууралуу кызыктуу баяндама жасаган. Бакчиевдин айтымында, аталган форум 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет.Манасчы учурда эпосту жазуу иретинде жайылтуу, башка улуттарга ачып, таанытуу эмгектери колго алынышы керек деп эсептейт.АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трамптын "көлөмдүү, кооз билль" деп көбүрөөк таанылган чыгым жана салык тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алып берди. Бул тууралуу NBC жазды.Эми документ президентке жөнөтүлөт. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышына 218 конгрессмен макул болсо, 214ү каршы чыккан. Буга чейин АКШ Сенаты өлкөнүн мамлекеттик карызынын чегин 5 триллион долларга көтөрүү каралган мыйзам долбоорун колдоп берген. Документте бир катар социалдык программаларды кыскартуу, аскердик чыгымды көбөйтүү каралып, Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө киргизилген салык жеңилдиктери сакталган. Май айында Конгресстин төмөнкү палатасы мыйзам долбоорунун алгачкы версиясын колдоп берген, ал эми 3-июлда өзгөртүүлөр киргизилип, жаңыртылган вариантын кабыл алган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/04/1095111379_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9d4acdfba79f547e9b9691adac06342f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио