https://sputnik.kg/20250704/1095108744.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов коррупция боюнча кармалды УКМКнын айтымында, мэрия 2023-жылдан бери түрдүү товар алуу үчүн тендер өткөрүп жүргөн. Анда... 04.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-04T13:00+0600
2025-07-04T13:00+0600
2025-07-04T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/04/1095108612_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b58d377bf47bdb8fad79e79301a0960c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов коррупция боюнча кармалды УКМКнын айтымында, мэрия 2023-жылдан бери түрдүү товар алуу үчүн тендер өткөрүп жүргөн. Анда дайыма “Юниверсал сервис” жана “Матумба” ЖЧКлары утуп келген. Текшергенде компаниялар мэрдин жана мэриянын сатып алуулар боюнча башкы адиси классташтарына катталганы аныкталган. ЖЧКларды иш жүзүндө мэр менен башкы адис башкарып келгени маалым болгон. К.А.А. көрсөтмөсүндө алар товар алган маалда бюджеттик акчаны өзүлөрүнө чыгарып алып жүргөнүн, коррупциялык схема калаа башчысы Становдун буйругу менен жасалып келгенин айткан. Ал эми кылмыштын изин жабыш үчүн “Юниверсал сервис” ЖЧКсынын кагаз жүзүндө ээси болгон А.А.М.га ар бир сатып алуудан миң сомдон 5 мин сомго чейин берип турушкан. Мунун жыйынтыгында мамлекетке 9 млн сом зыян келтирилген. Мындан тышкары, Станов жакын тууганын өзүнүн айдоочусу кылып алып, ошол эле маалда “Шопоков унаа” муниципалдык мекемесине ишке киргизип койгон. Ал тууганы бир маалда эки жактан айлык алып жүргөн.
Бишкекте Шанхай кызматташтыгы уюмунун 25 жылдыгын утурлай, Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусунун жаңы шарттардагы өнүгүүсүнө арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чарага юстиция министри, президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору, минкаб төрагасынын орун басары Аяз Баетов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, дипломатиялык, илимий жана эксперттик чөйрөнүн, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык аналитиктер катышууда. Конференциянын негизги максаты - геосаясий өзгөрүүлөрдү талдоо жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Режиссер Бакыт Мукул уулу Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүнүн мышык ыйларлык абалда калганын айтып, талкаланып калган имараттын видеосун жарыялады Кадрдан имарат такыр эле каралбай калганын көрүүгө болот. Маданият министрлиги бул имаратка Курулуш министрлиги экспертизалык иштерди жүргүзүп жатканын, жакында буздуруларын билдирди. "Заманбап кинозалды, үн жаздыруучу жана дубляждык студияларды камтыган кинематографиялык борбордун долбооруна техникалык тапшырма даярдалып, сынак жарыяланат", — деген министрлик.
Көрүнүктүү демократ сенаторлор Элизабет Уоррен, Джин Шахин жана Крис Кунс АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына карата иликтөө башталганын жарыялашты. Буга Россиянын аскердик-өнөр жай тармагына каршы жаңы санкциялар менен экспорттук чектөөлөрдү киргизүү беш айга токтогону себепкер дешти. Ал нерсе Украинадагы жаңжалга байланыштуу болгон. Сенаторлордун бейшембиде жарыяланган билдирүүсүндө алардын администрацияга санкциялар менен экспорттук көзөмөлдү күчөтүү боюнча "жол картасын" жөнөтүшкөнү айтылат. Бирок Ак үй бул сунуштарды колдонгон да, ишке ашырган да эмес."Трамптын администрациясы сенаторлорго тынчтык диалогун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жогорудагы кадамдарга барганын айтышты. Бирок ошол эле учурда АКШ Иранга карата санкциялык басымды улантып келет. Эгерде көзөмөл кылчу тизмелер жаңыртылбаса, жеткиликтүү каражаттар колдонулбаса, ал Россияга болгон басымды начарлатат. Владимир Путинге согушту улантууга мүмкүнчүлүк түзүп берет", — деп алардын билдирүүсүндө айтылат.
Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов коррупция боюнча кармалды УКМКнын айтымында, мэрия 2023-жылдан бери түрдүү товар алуу үчүн тендер өткөрүп жүргөн. Анда дайыма “Юниверсал сервис” жана “Матумба” ЖЧКлары утуп келген. Текшергенде компаниялар мэрдин жана мэриянын сатып алуулар боюнча башкы адиси классташтарына катталганы аныкталган. ЖЧКларды иш жүзүндө мэр менен башкы адис башкарып келгени маалым болгон. К.А.А. көрсөтмөсүндө алар товар алган маалда бюджеттик акчаны өзүлөрүнө чыгарып алып жүргөнүн, коррупциялык схема калаа башчысы Становдун буйругу менен жасалып келгенин айткан. Ал эми кылмыштын изин жабыш үчүн “Юниверсал сервис” ЖЧКсынын кагаз жүзүндө ээси болгон А.А.М.га ар бир сатып алуудан миң сомдон 5 мин сомго чейин берип турушкан. Мунун жыйынтыгында мамлекетке 9 млн сом зыян келтирилген. Мындан тышкары, Станов жакын тууганын өзүнүн айдоочусу кылып алып, ошол эле маалда “Шопоков унаа” муниципалдык мекемесине ишке киргизип койгон. Ал тууганы бир маалда эки жактан айлык алып жүргөн.Бишкекте Шанхай кызматташтыгы уюмунун 25 жылдыгын утурлай, Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусунун жаңы шарттардагы өнүгүүсүнө арналган илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чарага юстиция министри, президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору, минкаб төрагасынын орун басары Аяз Баетов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин, дипломатиялык, илимий жана эксперттик чөйрөнүн, бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык аналитиктер катышууда. Конференциянын негизги максаты - геосаясий өзгөрүүлөрдү талдоо жана эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.Режиссер Бакыт Мукул уулу Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүнүн мышык ыйларлык абалда калганын айтып, талкаланып калган имараттын видеосун жарыялады Кадрдан имарат такыр эле каралбай калганын көрүүгө болот. Маданият министрлиги бул имаратка Курулуш министрлиги экспертизалык иштерди жүргүзүп жатканын, жакында буздуруларын билдирди. "Заманбап кинозалды, үн жаздыруучу жана дубляждык студияларды камтыган кинематографиялык борбордун долбооруна техникалык тапшырма даярдалып, сынак жарыяланат", — деген министрлик. Көрүнүктүү демократ сенаторлор Элизабет Уоррен, Джин Шахин жана Крис Кунс АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына карата иликтөө башталганын жарыялашты. Буга Россиянын аскердик-өнөр жай тармагына каршы жаңы санкциялар менен экспорттук чектөөлөрдү киргизүү беш айга токтогону себепкер дешти. Ал нерсе Украинадагы жаңжалга байланыштуу болгон. Сенаторлордун бейшембиде жарыяланган билдирүүсүндө алардын администрацияга санкциялар менен экспорттук көзөмөлдү күчөтүү боюнча "жол картасын" жөнөтүшкөнү айтылат. Бирок Ак үй бул сунуштарды колдонгон да, ишке ашырган да эмес."Трамптын администрациясы сенаторлорго тынчтык диалогун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жогорудагы кадамдарга барганын айтышты. Бирок ошол эле учурда АКШ Иранга карата санкциялык басымды улантып келет. Эгерде көзөмөл кылчу тизмелер жаңыртылбаса, жеткиликтүү каражаттар колдонулбаса, ал Россияга болгон басымды начарлатат. Владимир Путинге согушту улантууга мүмкүнчүлүк түзүп берет", — деп алардын билдирүүсүндө айтылат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/04/1095108612_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_57247b577a43394d32279276dd959177.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио