https://sputnik.kg/20250703/1095094940.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Португалияга болгон иш сапарынын алкагында Порту шаарында жайгашкан футбол стадиону менен да таанышты. Бул тууралуу Жогорку... 03.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-03T19:00+0600
2025-07-03T19:00+0600
2025-07-03T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/07/03/1095094808_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_288ca75dc15e656eee37175b81c688fa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Португалияга болгон иш сапарынын алкагында Порту шаарында жайгашкан футбол стадиону менен да таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, футболчуларга жана күйөрмандарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, стадиондун жетекчилиги менен баарлашкан төрага Кыргызстанда да акыркы жылдары спорттун бул түрүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду. Муну менен катар Португалия өзүнүн мыкты футболчулары менен да таанымал экенин айтты. “Эки мамлекет бул багыттагы байланыштарга да артыкчылык берип, биргелешип иш алып баруубуз кажет. Айрыкча кыргыз футболчулары дүйнөлүк атакка ээ португалиялык футболчулардан тажрыйба алып, оюн ыкмаларын үйрөнүүгө кызыкдар”, - деп кошумчалады Төрага. Тургунбек уулу Португалияга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган.
Бокоев Бактыяр Макенович министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Аны эмгек жамаатына агенттиктин директору Айбек Абдымомунов тааныштырды. Ал жаңы дайындалган директордун алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгилеп, 2026-жылы өтүүчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты күчөтүүнү тапшырды.
Бишкекте жаңы магистралдык жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тарта Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү толук бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды. Жаңы салынган жол 1,4 чакырым аралыкты түзүп, туурасы 9 метрге жетет. Унаа жолунун эки тарабына ирригациялык тутум орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулган.
АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн "Бирдиктүү, Чоң, көрктүү" деп белгилүү болгон чыгашалар жана салыктар тууралуу мыйзам долбоорун толук кандуу түшүнө бербегендей. Бул тууралуу NOTUS порталы өз булактарына таянып жазганын Риа Новости кабарлады. Маалыматка ылайык, басылманын үч маектеши билдиргендей, Трамп партиянын ичиндеги биримдиктердин биринин мүчөлөрү менен жолугушууда, эгерде республикачыл конгрессмендер кийинки шайлоодо жеңишке жетүүнү кааласа, медициналык камсыздандыруу программаларын жана федералдык социалдык камсыздандыруу программасын каржылоону кыскартпашы керектигин айткан. “Бирок аталган мыйзам долбоорунда биз дал ушул медициналык камсыздандыруу маселесин козгоп жатабыз", - деп жолугушуунун катышуучуларынын бири каршы болгонун басылманын маектештеринин бири айтып берген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 99 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. Аба ырайы 4-июлга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +35...+40, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +36...+41, Ысык-Көлдө +25...+30, Нарын өрөөнүндө +26...+31 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +37…+39, Ош шаарында +38...+40 градуска көтөрүлөт.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Португалияга болгон иш сапарынын алкагында Порту шаарында жайгашкан футбол стадиону менен да таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, футболчуларга жана күйөрмандарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, стадиондун жетекчилиги менен баарлашкан төрага Кыргызстанда да акыркы жылдары спорттун бул түрүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканына токтолду. Муну менен катар Португалия өзүнүн мыкты футболчулары менен да таанымал экенин айтты. “Эки мамлекет бул багыттагы байланыштарга да артыкчылык берип, биргелешип иш алып баруубуз кажет. Айрыкча кыргыз футболчулары дүйнөлүк атакка ээ португалиялык футболчулардан тажрыйба алып, оюн ыкмаларын үйрөнүүгө кызыкдар”, - деп кошумчалады Төрага. Тургунбек уулу Португалияга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн барган. Бокоев Бактыяр Макенович министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти. Аны эмгек жамаатына агенттиктин директору Айбек Абдымомунов тааныштырды. Ал жаңы дайындалган директордун алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгилеп, 2026-жылы өтүүчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыкты күчөтүүнү тапшырды. Бишкекте жаңы магистралдык жол пайдаланууга берилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кара-Дарыя көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тарта Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү толук бүткөрүлүп, унаа кыймылы үчүн ачылды. Жаңы салынган жол 1,4 чакырым аралыкты түзүп, туурасы 9 метрге жетет. Унаа жолунун эки тарабына ирригациялык тутум орнотулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу тротуарлар курулган. АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн "Бирдиктүү, Чоң, көрктүү" деп белгилүү болгон чыгашалар жана салыктар тууралуу мыйзам долбоорун толук кандуу түшүнө бербегендей. Бул тууралуу NOTUS порталы өз булактарына таянып жазганын Риа Новости кабарлады. Маалыматка ылайык, басылманын үч маектеши билдиргендей, Трамп партиянын ичиндеги биримдиктердин биринин мүчөлөрү менен жолугушууда, эгерде республикачыл конгрессмендер кийинки шайлоодо жеңишке жетүүнү кааласа, медициналык камсыздандыруу программаларын жана федералдык социалдык камсыздандыруу программасын каржылоону кыскартпашы керектигин айткан. “Бирок аталган мыйзам долбоорунда биз дал ушул медициналык камсыздандыруу маселесин козгоп жатабыз", - деп жолугушуунун катышуучуларынын бири каршы болгонун басылманын маектештеринин бири айтып берген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 99 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. Аба ырайы 4-июлга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +35...+40, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +36...+41, Ысык-Көлдө +25...+30, Нарын өрөөнүндө +26...+31 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +37…+39, Ош шаарында +38...+40 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/07/03/1095094808_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d1e14d23eefb446973081e4fe7c5e151.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио