00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргыз билим берүү академиясы 12 жылдык билим берүүдө кайсы класстар секирик жасаарын түшүндүрдү. Маалыматта бир окуу жылында бир эле класс секирери айтылган. 2025-2026-окуу жылында бала бакчанын даярдоо топторунда окуган же "Наристе" мектепке даярдоо программасын өздөштүргөн балдар түз эле 2-класска өтүшөт; 2026-2027-окуу жылында 5-класстар секирип, 7-класска өтүшөт. Бул модель 2029-2030-окуу жылына чейин уланат; 2027-2028-окуу жылынан баштап 2030-2031-окуу жылына чейин 9-класстан 11-класска секирик жасоо пландалууда. Жаңы окуу жылынан тартып 5-класстар интеграцияланган программа боюнча окушат, тагыраагы, 5-6-класстын программасынын мазмуну бириктирилет.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы түзүлдү. Бул тууралуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү Святослав Каравай Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, телефон алдамчылыгы кеңири тараган киберкылмыштуулук болуп саналат."Өткөн жылы 1600гө жакын ушундай кылмыш катталып, анын 48 пайызынын бети ачылган. Тергөөнүн татаалдашына көпчүлүк кылмышкерлердин чет өлкөдө болушу себеп болууда. Алар VPN жана башка программалык камсыздоолорду колдонгондуктан изине түшүү өтө кыйын. Алдамчылар көбүнчө УКМК же ИИМдин атынан чалып, "текшерүү жүрүп жатат", "иш козголду" деген сыяктуу шылтоолорду айтышат. Банк же уюлдук операторлордун атын жамынгандар дагы болот", — деди Каравай. Ал кошумчалагандай, чоң киреше убада кылган схемалар да кеңири тараган.
УКМК Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан "Ак-Тилек" мамлекеттик ишканасына тиешелүү ден соолукту чыңдоочу комплекстин бүтпөй турган имаратын жери менен мамлекетке кайтарганын кабарлады. Маалыматта аталган сегиз гектардагы объект 1998-жылы "Кыргыз темир" акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени айтылат."Темир жолчулардын ден соолугун чыңдоочу жай куруу боюнча фиктивдүү долбоор даярдалып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен сатуу-сатып алуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Натыйжада курулушу аягына чыга элек имарат жери менен мамлекеттик менчиктен чыгарылып кеткен. Кийин анын 2,3 гектарына пансионат курулуп, калган жери ар кимге сатылган", — деп жазылган кабарда.УКМК бир катар чаралардан кийин пансионаттын ээси өз ыктыяры менен эс алуу жайын мамлекеттин карамагына өткөрүп бергенин белгиледи.
Украинадагы баарын кыйнаган согуш Россиянынын Куралдуу күчтөрүнүн аракети менен АКШнын Patriot зениттик ракеталарын берүүнү токтотуу чечиминен тагдыр чечүүчү учурга жетти. Бул туурасында РИА Новости The Washington Post басылмасына таянып кабарлады. "Украинадагы чарчатып бүткөн согуш өзүнүн тарыхында бурулуш учурга жетти", — деп жазылган макалада. Басылма Киев бийлигине аскер, курал жетишпей, бул согуштун алдыңкы чектерине терс таасирин кадимкидей тийгизип жатканын белгилеген. "Украинанын Батыштагы колдоочулары Киевге тез арада жардам берилбесе апаатка кептелерин айтышууда", — деп басылма баса белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0