00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:08
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Гипотония: что делать при низком давлении? Советы невролога
14:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. "Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы" деп аталган иш-чара Ханкенди шаарында өтөт. Тараптар уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат. "Иш сапардын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Агдам районунда кыргыз тарап курган "Айкөл Манас" мектебинин расмий ачылышы болот", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз билим берүү академиясы 12 жылдык билим берүүдө кайсы класстар секирик жасаарын түшүндүрдү. Маалыматта бир окуу жылында бир эле класс секирери айтылган. 2025-2026-окуу жылында бала бакчанын даярдоо топторунда окуган же "Наристе" мектепке даярдоо программасын өздөштүргөн балдар түз эле 2-класска өтүшөт; 2026-2027-окуу жылында 5-класстар секирип, 7-класска өтүшөт. Бул модель 2029-2030-окуу жылына чейин уланат; 2027-2028-окуу жылынан баштап 2030-2031-окуу жылына чейин 9-класстан 11-класска секирик жасоо пландалууда. Жаңы окуу жылынан тартып 5-класстар интеграцияланган программа боюнча окушат, тагыраагы, 5-6-класстын программасынын мазмуну бириктирилет.
УКМК Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан "Ак-Тилек" мамлекеттик ишканасына тиешелүү ден соолукту чыңдоочу комплекстин бүтпөй турган имаратын жери менен мамлекетке кайтарганын кабарлады. Маалыматта аталган сегиз гектардагы объект 1998-жылы "Кыргыз темир" акционердик коомунун кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени айтылат."Фиктивдүү долбоор даярдалып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен сатуу-сатып алуу жөнүндө келишим түзүлгөн. Натыйжада курулушу аягына чыга элек имарат жери менен мамлекеттик менчиктен чыгарылып кеткен. Кийин анын 2,3 гектарына пансионат курулуп, калган жери ар кимге сатылган", — деп жазылган кабарда. УКМК бир катар чаралардан кийин пансионаттын ээси өз ыктыяры менен эс алуу жайын мамлекеттин карамагына өткөрүп бергенин белгиледи.
Киев бийлиги Америкадан куралды башкача жол менен сурай турганын РИА Новости Politico басылмасына шилтеме берип кабарлады. Эми ал америкалык курал-жаракка Европа аркылуу ээ болуш үчүн Вашингтондун макулдугун алууга аракет кылып жатат. "Украина АКШдан көбүрөөк курал алуу үчүн жаңы план ойлоп тапты. Ал — Европа өлкөлөрүнө америкалык куралды Киевдин бийлиги үчүн сатып алууга уруксат берүүнү Вашингтондон өтүнүү", — деп айтылат материалда. Бул стратегиянын алкагында европалык айрым мамлекеттер аскердик бюджетинин эсебинен Украинага берүү үчүн америкалык курал-жаракты сатып алуунун жолдорун иликтеп, күнгөй-тескейин карап жатканы белгиленет. Анткен менен аталган мамлекеттердин бири да бул жаатта келишим түзө элек. Бул иштен маалыматы болгон кишилердин бири АКШнын макулдугу керектигин жана ал майда-чүйдөсүнө чейин талкууланып жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0