“Ынтымак ордодо” мектептин 54 бүтүрүүчүсүнө алтын сертификат тапшырылды
“Ынтымак ордодо” мектептин 54 бүтүрүүчүсүнө алтын сертификат тапшырылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп... 02.07.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. "Ынтымак ордодо" өткөн сыйлоо аземине алтын сертификаттын 54 ээси жана ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты. Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды куттуктап, алар өлкөнүн сыймыгы экенин белгиледи. Касымалиев бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоону сунуштап, өлкөгө билимдүү, жоопкерчиликтүү, кесипкөй жана патриот кадрлар керектигин белгиледи. "Мекендин жаркын келечеги сиздердин билимиңиздерден жана өлкөңүздөргө болгон сүйүүңүздөрдөн көз каранды. "Билим – бул бардык байлыктын ачкычы" деген макалды эч качан унутпаңыздар. Алдыга бийик максаттарды коюу менен тырышып окуңуздар", — деди төрага.Иш-чаранын катышуучуларына ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар белекке берилди.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
"Ынтымак ордодо" өткөн сыйлоо аземине алтын сертификаттын 54 ээси жана ЖРТдан жогорку балл алган 19 окуучу катышты. Касымалиев президент Садыр Жапаровдун атынан окуучуларды куттуктап, алар өлкөнүн сыймыгы экенин белгиледи.
Адылбек Касымалиев Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшырды
"Бул ийгиликтин артында балдардын аракети гана эмес, ата-энелердин камкордугу, мугалимдердин тынымсыз эмгеги да турат. Сиздерди бул маанилүү окуя менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Быйыл жакшы балл алган бүтүрүүчүлөрдүн санынын көбөйүшү өзгөчө кубандырат. Алтын сертификат – жөн гана жогорку балл эмес, бул тырышчаактыктын, туруктуулуктун жана чечкиндүүлүктүн натыйжасы", — деди ал.
Касымалиев бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоону сунуштап, өлкөгө билимдүү, жоопкерчиликтүү, кесипкөй жана патриот кадрлар керектигин белгиледи.
"Мекендин жаркын келечеги сиздердин билимиңиздерден жана өлкөңүздөргө болгон сүйүүңүздөрдөн көз каранды. "Билим – бул бардык байлыктын ачкычы" деген макалды эч качан унутпаңыздар. Алдыга бийик максаттарды коюу менен тырышып окуңуздар", — деди төрага.
Иш-чаранын катышуучуларына ата мекендик өндүрүштөгү ноутбуктар белекке берилди.