00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына бара турганын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүдө өлкө башчынын Россия президенти Владимир Путин менен жолугары айтылды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдөгү маселелерди талкуулашат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына арналган иш-чарада аталган ведомство Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарыла турганын билдирди. Ал эми Шыкмаматов штаттын саны жана кызматтардын ыйгарым укуктары өзгөрбөй турганын айтып, башкаруунун жаңы түзүмү мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтууга багытталганын кошумчалады. "Бизге кошумча ыйгарым укуктар берилбейт. Мурда кандай болсо ошондой иштей беребиз. Болгону жоопкерчилигибиз күчөтүлүп, жумушубуздун натыйжалуулугун арттырып, чечимдерди тез кабыл алууга түрткү берет. Мунун баары президенттин мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу боюнча тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында ишке ашууда", — деди Шыкмаматов.
Бишкектин жака-белиндеги Орок айылында "Евразия" паркынын курулушу жүрүп жатат. Эс алуучу жай "Евразия" коммерциялык эмес уюмунан ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата белек болмокчу. Бүгүн аталган уюм ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур уюштурду. Парктын жалпы аянты — 10 гектар. Ал жерде 30дай аттракцион орнотулат, арасында "Улан" деп аталган Борбор Азиядагы эң ири бийиктен түшкөн жылгаяк бар. Аттракциондордун көбү Италиядан алып келинген. Мындан тышкары, динопарк, ири муз жылгаяк, мини стадион, цирк аянтчасы, көргөзмө менен жарманкелерди өткөрө турган экспозициялык зона жана тамак-аш сатуучу жери каралган. Келгендердин ыңгайлуулугу үчүн 2600 чарчы метрлик зонанын үстү жабылып, абанын нымдуулугун арттыра турган системасы болору айтылды. Жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурулган, парк аймагына 2 миңден ашуун бак отургузулуп, 60 миң чарчы метр аянтка газон түшөт. 30 топиардык фигура, 650 чырак орнотулуп, 6 чакырымга жеткен ретрогирлянда тартылууда. Паркка кирүү акысыз болот. Келгендер эс алуу жайына уюлдук тиркемеге байланган электрондук кезек менен киргизилмекчи.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучулары менен жолугушту. Минкаб башчысы Злата Аркатованы өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында булава дисциплинасы боюнча алтын медаль жеңип алуусу - бул тарыхый жеңиш экенин белгилеп, Кыргызстан биринчи жолу гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпиондук бийиктикке жеткенин билдирди. Жолугушууга гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова, машыктыруучулар – Жаныл Каймазарова жана Гүлнар Мамыркулова катышты. Минкаб башчысы Адылбек Касымалиев Злата Аркатованын жеңишке жетүүсүнө, анын машыктыруучуларынын жана гимнастика федерациясынын эмгеги зор экенин баса белгиледи. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучуларына акчалай сыйлык сертификаттарды тапшырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0