00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
ОСАГО полисин албаган айдоочуларды 1-июлдан тарта айыпка жыгуу жазасы күчүндө. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы кабарлады.Эскерте кетсек, буга чейин камсыздандыруу полисин алуунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин жылдырылып, айып салынбай турганы айтылган.Ведомство соцтармакта бул боюнча такталбаган маалыматтар тарап жатканын билдирди. 1-июлдан тарта, тагыраагы, бүгүндөн тарта ОСАГО полиси жоктор 3 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгыла баштайт.ОСАГО — ири чыгымдан коргой турган полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.
УКМК Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшеновдун кармалышы боюнча маалымат берди.Ага караганда, шаардык кеңештин кызмат адамдары Кытайдан 17 автобусту кымбат баада сатып алгандыктан бюджетке 17 миллион сом зыян келтирилген. Эске салсак, 30-июнда мэр менен кошо Жол курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалган.Кара-Балта мэриясына бөлүнгөн 1 миллиард сом кайда сарпталганына анализ жүргүзүү учурунда жол оңдогон подрядчы компаниялардын биринин жетекчиси УКМКны каралоого аракет кылганы айтылды. Атайын кызмат билдиргендей, ал мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жөнүндө чагымчыл видеолорду жарыялап, опузалоо үчүн блогерлерди жалдаган. Мындан улам эки блогер менен подрядчы УКМКнын тергөө абагына киргизилген.Учурда шаарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун мыйзамдуу пайдаланылышы текшерилип жатат.
Үч айдын ичинде 5 825 автоунаа каттоодон өткөнүн Транспорт каражаттары менен айдоочулук курамды каттоочу мамлекеттик агенттик билдирди.Мекемеден Бишкектеги мыйзамдаштыруу иштеринин алкагында 1 404, Ошто 337 автокөлүк катталган. Ал эми аймактарда төмөнкүчө:Баткен облусунда — 301; Жалал-Абадда — 807; Нарын — 140; Ошто — 792; Таласта — 286; Чүйдө — 1 540; Ысык-Көлдө — 218. Ал эми кыймылдаткычтын көлөмү боюнча алсак, эки миң сантиметр кубга чейин 3 452 автоунаа, андан өйдө болсо 2 373 машина мыйзамдаштырылган.
Түндүк Африкадан келген аптаптын толкунунан улам Европада ысык 40 градуска чейин чыгып жатканын РИА Новости Bloomberg агенттигине шилтеме кылып жазды. "Жекшемби күнү Испанияда ысык 46 градуска чейин жетип, рекорд коюлду. Жалпысынан жаратылыш кооптуулугу жаралганы, андан сырткары, шаршембиде +34 градус болору туурасында бир топ жерде, Англия, Лондондо эскертүү берилди. Элдин сак болушун Франциянын көп жерлеринде да эскертишип, күн катуу ысыганда 40 градуска чыгарын билдиришти", — деп айтылган макалада. Ысык Түштүк Европаны да каптаарын кабарлашты. Италияда термометр +42ге чейин чыгары күтүлүп жатат. Агенттик мындай аптап көп көйгөйдүн жаралышына себепкер болорун жазды.Мурдараак Франциянын бийлиги Парижде, дегеле жалпы өлкөдө аба ырайы эң жогорку чекке жетерин жар салган. Француз метеокызматынын маалыматтарына караганда, 30-июнга караган түн тарыхтагы эң ысык учур болду, тагыраагы, термометрдин көрсөткүчү 28 градустан түшпөй койду.
Жаңылыктар түрмөгү
0