00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
15:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Когда сцена оживает: премьеры и новогодние постановки в театре Айтматова
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык дасторкон — берекенин жана ынтымактын белгиси
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Что показала евразийская интеграция в цифрах и экономике — беседа с министром ЕЭК
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
«Бессмертный полк»: как живая память объединяет поколения
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик - Ысык-Көлгө жетиштүү камкордук көрүлүп жатабы?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россияга кирүү үчүн RuID тиркемесине катталуу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовRuID тиркемеси
RuID тиркемеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.06.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Чет өлкөлүктөр Россияга чыгар алдында RuID мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу түрдө өзү жөнүндө маалымат жөнөтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.
Анын айтымында, тиркемени колдонуу чек арадан өтүүнүн жаңы эрежелерин текшерүүгө багытталган эксперименттин экинчи этабынын алкагында каралган.
"Бул талап эксперименттик мүнөзгө ээ. Аталган тиркеме аркылуу Россияга барганга чейин 72 саат мурда маалымат берүү ыктыярдуу жүргүзүлөт. Бул нерсе чет өлкөлүк жарандарга мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүү үчүн санариптик профиль түзүүгө багытталган", — деди Бөкөнтаев.
RuID тиркемесин алдын ала толтуруу Россияга барганда SIM-карта алуу, СНИЛС (жеке эсептин камсыздандыруу номери) жана башка документтерди жол-жоболоштуруу процессин жеңилдетет.
"RuID тиркемесинен катталбай коюу өлкөгө киргизбегенге негиз боло албайт. Акыркы чечим өткөрүү пунктунда кабыл алынат", — деди элчи.
Бирок чек арадан өтүүдө жарандын "кара тизмеде" же көзөмөлдөгү адамдардын реестринде бар-жогу текшерилерин эске алуу керек. Эгерде чет өлкөлүк жаран ушул тизмелердин биринде болсо, анда ал RuID аркылуу арыз берген-бербегенине карабастан Россияга кире албайт.
КР элчилигинин кызматкерлери тарабынан тиркемени тестирлөө учурунда техникалык каталар табылган. Россия муну тастыктап, продукт жаңы болгондуктан толукталып, жакын арада кемчиликтер жоюларын билдирди.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги 30-июндан тарта Россияга визасыз кирген бардык чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар чек арадан өтүүдөн 72 саат мурда RuID мобилдик тиркемесинен каттоодон өтүшү керектиги кабарланган.
Жүргүнчү аэропортто эскалатор менен көтөрүлүп баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2025
30-июндан тарта өзгөрөт. Россияга кирүү боюнча жаңы талаптардын түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0