00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Алматыдан Тамчыга жаңы авиакаттам ачылдыЛавров Батыш эч качан Россияга “стратегиялык сокку” ура албастыгын айттыТакыр-Төр көлүнүн жырылышынын кесепеттери жоюлуудаАлдыда кененирээкЫсык-Ата районундагы Такыр-Төр көлүнүн жырылышынын кесепетин жоюуга 76 адам, 12 техника тартылды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.Куткаруучулар жолдорду, көпүрө, сел өтүүчү каналды калыбына келтирип жатышат. ӨКМ көлдүн абалына эки адис аэровизуалдык байкоо жүргүзүп жатканын кошумчалады. Эске салсак, өткөн жума күнү Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес. Кечээ Такыр-Төр көлүнөн коркунуч жаралган аймактарга өзгөчө кырдаал режими киргизилгени айтылган.
"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы Алматыдан Тамчыга жаңы каттам ачты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди. Авиакомпания "Компас Казакстан" туроператору менен өнөктөштүктө Алматыдан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна (Тамчы) жаңы багыт боюнча алгачкы каттамын аткарды. Каттам жайкы сезон мезгилинде жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Билеттин баасы 6 000 сомдон башталат. Жаңы каттам — Казакстандан келген коноктор үчүн Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу менен таанышууга, тоонун таза абасынан дем алып, дүйнөдөгү эң чоң жана бийик тоолуу көлдөрдүн бири - кереметүү Ысык-Көлдү көрүүгө, андан ырахат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытайдын Чунцин шаарынан келген бизнес-делегация менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. Алардын катарында инвестициялык долбоорлор, туризм тармагын өнүктүрүү, экспортту кеңейтүү жана өнөр жай менен инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери бар. Кытай тарап энергетика, айыл чарба жана өнөр жай тармактарына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдирди. Ошону менен катар туризмди өнүктүрүү жана кытайлык туристтерди тартууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси көтөрүлдү. Мындан тышкары, кыргыз продукциясынын Кытай рыногуна экспортун кеңейтүү жана энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Россияны стратегиялык жеңилүүгө тушуктурууга мүмкүн эмес экенин Батыш аңдай баштады. Бул тууралуу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштери министри Жээнбек Кулубаев менен жолугуп жатып билдирди. Лавров эки элдин бекем алакасына токтолуп, азыркы оңой эмес кырдаалда колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. “Эки өлкө бардык тармак боюнча тыгыз байланышта. Мындай мамиле өзгөчө азыркы кескин өзгөрүп кеткен эл аралык кырдаалда, Россиянын жамааттык Батыш менен тирешип турган маалында чоң мааниге ээ. Батыш Россияны стратегиялык жеңилүүгө тушуктуруу үчүн Киевди пайдаланып жатат. Бирок бул эч качан колунан келген эмес, эми да максатына жетпейт. Муну акырындап өздөрү да түшүнө башташты окшойт”, — деди россиялык министр. Эскерте кетсек, Лавров Кыргызстанга кечээ келген. Расмий сапары бүгүн Чолпон-Атада башталды. Президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу каралган. Мындан тышкары, ЖККУ мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0