https://sputnik.kg/20250627/1094955224.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ноокат районунда 2 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылдыФутбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кеттиСадыр Жапаров Кыргызстан ЕАЭБ... 27.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-27T19:00+0600
2025-06-27T19:00+0600
2025-06-27T19:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094955092_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e8464cdbd5df1b74c456820accc16799.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Ноокат районунда 2 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылдыФутбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кеттиСадыр Жапаров Кыргызстан ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледиАлдыда кененирээкСадыр Жапаров Кыргызстан соңку жылдары ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи. Президент Минскидеги IV Евразия экономикалык форумунун пленардык сессиясына катышты. Жапаровдун айтымында, ишкерлер кооперациялык долбоорлор боюнча өтүнмөлөрдү толтурууда жана талаптарды аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Буга байланыштуу тандоо шарттарын жана жабдууларды жеткирүү критерийлерин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Жапаров өндүрүштөрдү жер-жерлерде ачуу аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү, өнөр жай жана айыл чарба жаатында илимий изилдөөлөрдү күчтөндүрүүнү, илимий жана инновациялык долбоорлорду туруктуу каржылоону камсыз кылууну сунуштаган.
Ноокат районундагы «Чарвадор» асыл тукум чарбасы тарабынан мамлекетке 2,27 га жер аянтын ыктыярдуу өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндөгү «Чарвадор» асыл тукум чарбасы тарабынан 2,27 га жер аянты мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында «Чарвадор» асыл тукум чарбасынын жетекчиси аталган 2,27 га жер аянтын өз ыктыяры менен мамлекетин балансына өткөрүп берди.
Максим Лисицын футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аны менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөн. Россиялык адис менен кошо анын машыктыруучу штабы да толугу менен жумуштан кеткен. Лисицын "Ак шумкарды" бир жыл машыктырып, курама команда үчүн тарыхый учур катары эсептелинген 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундун да жетектеди.
МАГАТЭнин көзөмөлүндөгү Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган акыркы чабуулдар эл аралык укуктун эрежелерин одоно бузууда. Бул тууралуу Беларустин президенти Александр Лукашенко Минскиде өтүп жаткан ЕАЭБ саммитинде билдирди. Ал кеп өзөктүк куралды жайылтпоо келишими жана Женева конвенциясы жөнүндө болуп жатканын белгилеген. "Мындай аракеттер Чернобылдагы апааттан эң көп жапа чеккен Беларуста кандай сезимдерди туудурганын айтпай эле коёюн. Анда радиоактивдүү заттардын калдыгы Улуу Британияда, Германияда жана Швецияда да катталган. Балким, азыр аларды, айрыкча бул ишти жасаган өлкөнү каптабайт деп ойлоп жатышкандыр", — деген Лукашенко. Ал эми Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аларга агрессиялык кадамын таштаган Израилдин ишин айыптаган өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ мүчөлөрүнө ыраазылык билдирди.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 29 тыйынга евро 101 сом 37 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ28-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 28-июнь, ишембиде тоолуу райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт, дыйканкылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37 градус, Таласта +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, Нарын аймагында +23...+28 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +34...+36 градуска чейин көтөрүлөт.
Ноокат районунда 2 гектардан ашык жер мамлекетке кайтарылдыФутбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кеттиСадыр Жапаров Кыргызстан ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледиАлдыда кененирээкСадыр Жапаров Кыргызстан соңку жылдары ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи. Президент Минскидеги IV Евразия экономикалык форумунун пленардык сессиясына катышты. Жапаровдун айтымында, ишкерлер кооперациялык долбоорлор боюнча өтүнмөлөрдү толтурууда жана талаптарды аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Буга байланыштуу тандоо шарттарын жана жабдууларды жеткирүү критерийлерин кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Жапаров өндүрүштөрдү жер-жерлерде ачуу аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнү, өнөр жай жана айыл чарба жаатында илимий изилдөөлөрдү күчтөндүрүүнү, илимий жана инновациялык долбоорлорду туруктуу каржылоону камсыз кылууну сунуштаган.Ноокат районундагы «Чарвадор» асыл тукум чарбасы тарабынан мамлекетке 2,27 га жер аянтын ыктыярдуу өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик объектилерди жана жерлерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүндөгү «Чарвадор» асыл тукум чарбасы тарабынан 2,27 га жер аянты мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында «Чарвадор» асыл тукум чарбасынын жетекчиси аталган 2,27 га жер аянтын өз ыктыяры менен мамлекетин балансына өткөрүп берди.Максим Лисицын футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аны менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөн. Россиялык адис менен кошо анын машыктыруучу штабы да толугу менен жумуштан кеткен. Лисицын "Ак шумкарды" бир жыл машыктырып, курама команда үчүн тарыхый учур катары эсептелинген 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү раундун да жетектеди.МАГАТЭнин көзөмөлүндөгү Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган акыркы чабуулдар эл аралык укуктун эрежелерин одоно бузууда. Бул тууралуу Беларустин президенти Александр Лукашенко Минскиде өтүп жаткан ЕАЭБ саммитинде билдирди. Ал кеп өзөктүк куралды жайылтпоо келишими жана Женева конвенциясы жөнүндө болуп жатканын белгилеген. "Мындай аракеттер Чернобылдагы апааттан эң көп жапа чеккен Беларуста кандай сезимдерди туудурганын айтпай эле коёюн. Анда радиоактивдүү заттардын калдыгы Улуу Британияда, Германияда жана Швецияда да катталган. Балким, азыр аларды, айрыкча бул ишти жасаган өлкөнү каптабайт деп ойлоп жатышкандыр", — деген Лукашенко. Ал эми Ирандын президенти Масуд Пезешкиан аларга агрессиялык кадамын таштаган Израилдин ишин айыптаган өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБ мүчөлөрүнө ыраазылык билдирди.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 29 тыйынга евро 101 сом 37 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ28-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 28-июнь, ишембиде тоолуу райондордо күн күркүрөп, жаан жаайт, дыйканкылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37 градус, Таласта +30...+35, Ысык-Көл өрөөнүндө +22...+27, Нарын аймагында +23...+28 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте жана Ош шаарында +34...+36 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094955092_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d5ac187cf48cd7c8b29f502924b9b22a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио