https://sputnik.kg/20250627/1094947551.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада эки коло медаль алдыКыргызстан менен Россия түбөлүк достук келишимин КМШда биринчилерден болуп түзгөнПрезидент... 27.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-27T15:00+0600
2025-06-27T15:00+0600
2025-06-27T15:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094947419_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fd83764fdf3e4d4a1c99306f786eb2d4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада эки коло медаль алдыКыргызстан менен Россия түбөлүк достук келишимин КМШда биринчилерден болуп түзгөнПрезидент Түптүн акими менен Караколдун мэрин дайындадыАлдыда кененирээкКаныбек Адиев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 54 жаштагы Адиев буга чейин ээлеп келген Түп районунун акимдигинен бошотулган. Анын ордуна Каракол калаасынын башчысы кызматын аркалаган 51 жаштагы Тимур Мадяров барды.Тиешелүү жалыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Кыргызстан менен Россия КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп "Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө" келишимге кол койгон. Бул тууралуу Кыргызстан ТИМинин өзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси, КРдин Россиядагы мурдагы элчиси Болот Отунбаев билдирди. Бишкектеги Дипакадемияда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы "Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө" декларацияга 25 жыл толушуна арналган эл аралык тегерек стол өттү. Отунбаевдин айтымында, СССР ыдырагандан кийин Кыргызстан менен Россия эки тараптуу мамилелерди калыптандыра баштаган. "Архивдерден "түбөлүк достук" деген формулировка боюнча демилгени Кыргызстан көтөргөнү көрүнөт. Бул эки элдин узак мөөнөттүү жана бузулгус достугу дегенди билдирген. КМШ мамлекеттеринин ичинен мындай мазмундагы биринчи келишим ушул болгон. Кийин башка мамлекеттер да ушуга окшогон документтерге кол кое баштаган", — деди Отунбаев. Ал достук тараптар бири-бирин угуп, түшүнгөн эки тараптуу процесс экенин, учурдагы Кыргызстан менен Россиянын мамилелери ушул келишимдин актуалдуулугун тастыктай турганын кошумчалады.
Кашка-Суу айылында 30 гектар жерге курула турган КРСУнун кампусунда бардык шарттар түзүлөт. Университет эскиздери менен бөлүштү.Кампуста инженердик жана медициналык кластерлер, жатаканалар, спорттук база жана студенттик бейтапкана болот. Курулуштун жалпы аянты 70,5 миң чарчы метрди түзөт. Эске салсак, кечээ Россиянын президенти Владимир Путин кампусту куруу жана өнүктүрүү боюнча сунушту жактырганы белгилүү болгон. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагалыгына бир добуштан шайланган.
Кыргызстандык окуучулар киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Сингапурда өткөн мелдешке 27 өлкөдөн 135 окуучу катышкан. Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле олжолуу болгону белгиленди.Алсак, Ысык-Көл облусундагы Зияш Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева жана Бишкектеги "Кут билим" окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу Исхак Тажибаев коло медаль алышкан. Ал эми төмөнкү окуучуларга сертификаттар тапшырылды: Али Имран Кубанов — Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу; Алинур Кадыров — "Акылман" президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу; Теңгиз Жамалов — Ысык-Көл облусундагы Х. Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.
Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада эки коло медаль алдыКыргызстан менен Россия түбөлүк достук келишимин КМШда биринчилерден болуп түзгөнПрезидент Түптүн акими менен Караколдун мэрин дайындадыАлдыда кененирээкКаныбек Адиев Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 54 жаштагы Адиев буга чейин ээлеп келген Түп районунун акимдигинен бошотулган. Анын ордуна Каракол калаасынын башчысы кызматын аркалаган 51 жаштагы Тимур Мадяров барды.Тиешелүү жалыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.Кыргызстан менен Россия КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп "Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө" келишимге кол койгон. Бул тууралуу Кыргызстан ТИМинин өзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси, КРдин Россиядагы мурдагы элчиси Болот Отунбаев билдирди. Бишкектеги Дипакадемияда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы "Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө" декларацияга 25 жыл толушуна арналган эл аралык тегерек стол өттү. Отунбаевдин айтымында, СССР ыдырагандан кийин Кыргызстан менен Россия эки тараптуу мамилелерди калыптандыра баштаган. "Архивдерден "түбөлүк достук" деген формулировка боюнча демилгени Кыргызстан көтөргөнү көрүнөт. Бул эки элдин узак мөөнөттүү жана бузулгус достугу дегенди билдирген. КМШ мамлекеттеринин ичинен мындай мазмундагы биринчи келишим ушул болгон. Кийин башка мамлекеттер да ушуга окшогон документтерге кол кое баштаган", — деди Отунбаев. Ал достук тараптар бири-бирин угуп, түшүнгөн эки тараптуу процесс экенин, учурдагы Кыргызстан менен Россиянын мамилелери ушул келишимдин актуалдуулугун тастыктай турганын кошумчалады.Кашка-Суу айылында 30 гектар жерге курула турган КРСУнун кампусунда бардык шарттар түзүлөт. Университет эскиздери менен бөлүштү.Кампуста инженердик жана медициналык кластерлер, жатаканалар, спорттук база жана студенттик бейтапкана болот. Курулуштун жалпы аянты 70,5 миң чарчы метрди түзөт. Эске салсак, кечээ Россиянын президенти Владимир Путин кампусту куруу жана өнүктүрүү боюнча сунушту жактырганы белгилүү болгон. Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев КРСУнун Камкорчулар кеңешинин төрагалыгына бир добуштан шайланган.Кыргызстандык окуучулар киберкоопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада эки коло медаль алды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Сингапурда өткөн мелдешке 27 өлкөдөн 135 окуучу катышкан. Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле олжолуу болгону белгиленди.Алсак, Ысык-Көл облусундагы Зияш Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева жана Бишкектеги "Кут билим" окуу-тарбия комплексинин 11-классынын окуучусу Исхак Тажибаев коло медаль алышкан. Ал эми төмөнкү окуучуларга сертификаттар тапшырылды: Али Имран Кубанов — Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу; Алинур Кадыров — "Акылман" президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу; Теңгиз Жамалов — Ысык-Көл облусундагы Х. Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1b/1094947419_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0998bdb5293738e735ef4ff3703ac8d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио