00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл шайлоо форумуна катышканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Ал Кыргызстан эл аралык деңгээлде таанылган эркин жана адилеттүү шайлоолорду камсыз кылууда жетишкен ийгиликтери менен сыймыктанарын белгиледи. Байсалов 2021-жылы атаандаштыкка жөндөмдүү шайлоодо президент Садыр Жапаров, кийин парламенттин азыркы курамы шайланганын эске салды. "Эл тарабынан шайланган президенттин жетекчилиги астында өлкө тездик менен өнүгүүдө. Бюджеттин кирешеси үч, экономика эки эсеге көбөйдү. Ал эми ИДПнын өсүшү үч жылдан бери 9 пайыздан ашык болууда. Быйыл биз 10,5 пайыздык өсүшкө жетүүнү пландоодобуз", — деди Байсалов. Ошондой эле минкаб башчысынын орун басары 2030-жылга чейинки улуттук өнүгүү программасы, көп мандаттуу округдарга өтүүнү жана аялдар үчүн милдеттүү 30 пайыздык квотаны карай турган жаңы шайлоо реформасы бекитилгенин эске салды.
Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору "Мадина" базарындагы коомдук тамактануучу жайларга 277 миң 500 сом айып салды. Бул тууралуу Санэпид көзөмөл департаментинин маалымат кызматы билдирди.Мекеме текшерүү учурунда мыйзам бузуулар боюнча 24 протокол түзүлүп, 10 коомдук тамактануучу жайдын иши токтотулганын кабарлады.
Ноокат райондук сотунун судьясына иш козголгондугун УКМКдан билдиришти. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана адилетсиз чечим чыгарууга айыпталууда. "Ноокат РИИБдин кызматкерлери 707 грамм баңгизат сатып жаткан адамды кармаган. Анын үйүнөн эки килограмм нашаа табылган. Бирок сот анын ишин жеңилирээк беренеге такап, далилдерге карабастан шектүүнү пробацияга чыгарган. Андан кийин шектүү качып кеткен", — деп айтылат маалыматта. 13-июнда Соттор кеңеши судьяны жоопкерчиликке тартууга макулдук берген. 21-июнда ал оорусуна байланыштуу тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин үй камагына алынган.
ЕАЭБ аймагында дары-дармек өндүрүү өсүп жатканына карабай импортко көз карандылык жогору болууда. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович Минскидеги IV Евразиялык экономикалык форумда билдирди. "Фармацевтикалык продукциянын өндүрүшүнүн көлөмү 10 миллиард долларга жакындады. Ошентсе дагы рыноктун 50 пайыздан ашыгы, тагыраагы, болжол менен 16 миллиард долларлык товар — импорттук", — деди ал. IV форумдун жүрүшүндө министр дары-дармек өндүрүшүндө колдонулган химиялык заттардын 80 пайызы үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинери түйшөлтө турганын айтты. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 23 тыйынга евро 101 сом 27 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 27-июнга караган караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 27-июнь, жума күнү республиканын айрым аймагында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +27...+32, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +30…+32, Ош шаарында +31...+33 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0