https://sputnik.kg/20250626/1094925474.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды. Бул сессиядагы соңку жыйынды жаап жатып, парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш... 26.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-26T17:00+0600
2025-06-26T17:00+0600
2025-06-26T18:50+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094925342_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9ca4fce37eb7a6727c4046a2088b56b9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды. Бул сессиядагы соңку жыйынды жаап жатып, парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш жаңы Кыргызстанды курууда орчундуу роль ойноп жатканын белгиледи. Ал мыйзам чыгаруу органы ачыктыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда экенин айтып, айрым демократиялуу өлкөлөрдүн парламенттеринде да жыйындар түз көрсөтүлбөй турганын белгиледи. "Бийликтин тапшырмаларын аткарууда" деген сындар негизсиз. Анткени Жогорку Кеңеш — бийликтин негизги бутагы жана башка бийлик бутактары менен мыйзам чегинде иштешет. Министрлер кабинети көптөгөн мыйзам долбоорлорун алып келип жатканы — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы бир катар тарыхый маселелерди чечти", — деди Тургунбек уулу. Эл өкүлдөрү бир ай шайлоочулар менен иштеп, бир ай эмгек өргүүдө болот.
Биригүү жараяндары саясий макулдашуу, укуктук каражаттарды эле эмес, технологиялык механизмдерди дагы талап кылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева билдирди. Ал Минскиде өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык форумдагы "Бажылык жөнгө салуудагы интеграциялык процесстер: инновациялар жана экономикалык артыкчылыктар" аталышындагы талкуу болгон сессияда доклад окуган. Анын айтымында, бүгүнкү күндө автоматташтырылган маалыматтык тутумдар келишимдерди ишке ашырууда негизги орунда турат. Ал маалыматтык тутумдар товар ташуу, кызмат көрсөтүү, көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзүп, биригүү жараяндарынын негизин түзүп жатканын кошумчалады.
Бишкекте милициянын кызматкери аялды жаакка чаап жиберген видео соцтармактарга тарады. Свердлов РИИБи аял милицияга 17-июнда кайрылганын билдирди. Ал 17-май күнү саат 20:00 чамасында ГЭС-5тин аймагында мас абалындагы киши ага кол көтөргөнүн билдирген. "Факт каттоого алынып, материалдар прокуратурага териштирүү жүргүзүү үчүн өткөрүп берилген", — деп айтылат милициянын маалыматында. УКМК 38 жаштагы шектүү колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин тастыктады. Мекеме ошондой эле кармалган киши Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны экенин билдирди.Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул эле киши былтыр июнда дарыгерди чаап жиберип, кылмыш иши козголгону айтылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстеги партиялаштарына "Америка үнү" радиосун толук жабууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ак үй башчысы аталган медианы "солчул жана кыйратуучу" деп сыпаттаган. "Республикачылар эмне үчүн демократтардын куралы болгон "Америка үнүн" колдошу керек? Бир дагы республикачыл анын сакталып калышына добуш бербеши керек. Жоготкула!" — деген Трамп. Ал өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн башында бюрократияга каршы күрөшүү максатында бир катар уюмдардын кызматкерлерин кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын катарында "Эркин Европа/Азаттык радиосу" жана "Америка үнү" медиакорпорацияларын көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттиги да бар.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясы жыйынтыкталды. Бул сессиядагы соңку жыйынды жаап жатып, парламент спикери Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеш жаңы Кыргызстанды курууда орчундуу роль ойноп жатканын белгиледи. Ал мыйзам чыгаруу органы ачыктыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы катарда экенин айтып, айрым демократиялуу өлкөлөрдүн парламенттеринде да жыйындар түз көрсөтүлбөй турганын белгиледи. "Бийликтин тапшырмаларын аткарууда" деген сындар негизсиз. Анткени Жогорку Кеңеш — бийликтин негизги бутагы жана башка бийлик бутактары менен мыйзам чегинде иштешет. Министрлер кабинети көптөгөн мыйзам долбоорлорун алып келип жатканы — мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы бир катар тарыхый маселелерди чечти", — деди Тургунбек уулу. Эл өкүлдөрү бир ай шайлоочулар менен иштеп, бир ай эмгек өргүүдө болот. Биригүү жараяндары саясий макулдашуу, укуктук каражаттарды эле эмес, технологиялык механизмдерди дагы талап кылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева билдирди. Ал Минскиде өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык форумдагы "Бажылык жөнгө салуудагы интеграциялык процесстер: инновациялар жана экономикалык артыкчылыктар" аталышындагы талкуу болгон сессияда доклад окуган. Анын айтымында, бүгүнкү күндө автоматташтырылган маалыматтык тутумдар келишимдерди ишке ашырууда негизги орунда турат. Ал маалыматтык тутумдар товар ташуу, кызмат көрсөтүү, көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзүп, биригүү жараяндарынын негизин түзүп жатканын кошумчалады.Бишкекте милициянын кызматкери аялды жаакка чаап жиберген видео соцтармактарга тарады. Свердлов РИИБи аял милицияга 17-июнда кайрылганын билдирди. Ал 17-май күнү саат 20:00 чамасында ГЭС-5тин аймагында мас абалындагы киши ага кол көтөргөнүн билдирген. "Факт каттоого алынып, материалдар прокуратурага териштирүү жүргүзүү үчүн өткөрүп берилген", — деп айтылат милициянын маалыматында. УКМК 38 жаштагы шектүү колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин тастыктады. Мекеме ошондой эле кармалган киши Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны экенин билдирди.Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул эле киши былтыр июнда дарыгерди чаап жиберип, кылмыш иши козголгону айтылды.АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстеги партиялаштарына "Америка үнү" радиосун толук жабууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Ак үй башчысы аталган медианы "солчул жана кыйратуучу" деп сыпаттаган. "Республикачылар эмне үчүн демократтардын куралы болгон "Америка үнүн" колдошу керек? Бир дагы республикачыл анын сакталып калышына добуш бербеши керек. Жоготкула!" — деген Трамп. Ал өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн башында бюрократияга каршы күрөшүү максатында бир катар уюмдардын кызматкерлерин кыскартуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Алардын катарында "Эркин Европа/Азаттык радиосу" жана "Америка үнү" медиакорпорацияларын көзөмөлдөгөн АКШнын Глобалдык медиа агенттиги да бар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/1a/1094925342_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_33269389050a4188be05a924ac14daa4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио