00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:43
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:47
6 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
45 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
21:48
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
08:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Адвокаттар үчүн белгилүү аймакка лицензия берүү киргизилет — бул кадр жетишсиздигин чечеби?
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Блокада как геноцид: как освобождение Ленинграда повлияло на ход войны и причем здесь кыргызстанцы
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Инклюзивдик билим берүү: мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомго аралаштыруунун жолу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Баланын укугу — алимент: өндүрүү механизмдери күчөйбү?
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанга нипах вирусу келбейт — бул эмне деген жугуштуу ооруу?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кыргызскому кино - 85 лет: какие реформы и новые фильмы готовит государство
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыз-келиндер жана спорт: машыгуу эркектердикинен айырмаланышы керекпи?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Алик Акималиев — оор тагдыр, өзгөчө мүнөз жана поэзиядагы жалгыз жол
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Что скрывается за цифрами ВВП и как это касается каждого из нас
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанга нипах вирусу келбейт — бул эмне деген жугуштуу ооруу?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Путраджая шаарында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Садыр Жапаров сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарат деген ишенимин билдирди. Өлкө башчы былтыртан бери кыргыз-малайзия байланышы жигердүү өнүгүп, жаңы багыттар боюнча кызматташууга мүмкүнчүлүктөр жаралганын кошумчалады.Мындан тышкары, Кыргызстан эт, бал, жаңгак сыяктуу Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларын Малайзияга экспорттоого кызыктар экенин айтты.Ал эми премьер-министр Анвар Ибрагим түрдүү демилгелерди изилдөө жана аларды иш жүзүнө ашырууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүктөрүн кароого даяр экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн компетенттүү министрликтерине өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүнүн конкреттүү механизмдерин жана жолдорун иштеп чыгууну сунуштады. Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.
Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, кайра Токмок шаарына мэр болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө УКМК башчысы Токмок шаарына былтыр бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сом натыйжасыз сарпталганына ачууланган. Кийин анын буйругу менен Токмок шаарынын мэри,Максат Нусувалиев баштаган бир нече аткаминер жыйын учурунда кармалган. Нусувалиев бүгүн кызматынан бошотулган.
Кыргызстандагы кооптуу тилкелердин бири дагы көз жаздымда же каралбай калбайт. Бул туурасында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Ал өлкөдө кооптуу делген бардык жерлерде тийиштүү мониторинг жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Адистер катуу шамалдан, нөшөрдөн, суу ташкындарынан, жер көчкүдөн, кар көчкүдөн, таш кулоодон жана кургакчылыктан улам болгон кооптуулукту алдын алып, иликтөө иштерин жүргүзүп турат. Ал ошондой эле ӨКМ өзгөчө кырдаалдын кесепетин азайтып же жаңы кооптуулукту табуу үчүн жер-жерлерди кыдырып, мониторингди үзгүлтүксүз жасап келерин кошумчалады. "Кооптуу тилкелердин бири дагы көз жаздымда же каралбай калбашы керек. Бул — министрдин койгон талабы. Биздин адистер тобокелдик жаралган жерлерди каттап, конкреттүү сунуштарын берет", — деди Шамырканов.
Владимир Зеленский НАТОнун Гаагадагы саммитинин расмий иш-чарасына катышпайт, себеби АКШ, Түркия, Венгрия жана Словакия аны менен сүйлөшүүлөрдө бир столго отурууну каалашкан жок. Мындай билдирүүнү жасаган Венгериянын премьер-министри Виктор Орбан иш-чаранын жүрүшү өзгөчө болгонун кыйытты. "Зеленскийдин НАТО саммитинин расмий бөлүгүнүн бирөөнө да катышпай турганы башкы процесстин аяктаганынан кабар берет. Түркия, Венгрия жана Словакия жана биз кеп альянс туурасында жүрүп жатканда Зеленский мырза менен бир столго отурууну каалабай турганыбыз түшүнүктүү болду", — деген ал видеокайрылууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0