https://sputnik.kg/20250625/1094884380.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзам долбоорлору үч окуудан кабыл алынды Тагыраагы, "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери айрым конституциялык... 25.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-25T13:00+0600
2025-06-25T13:00+0600
2025-06-25T13:50+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/19/1094884248_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e7f3ddfaf4622cc38dd7b477fb415097.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзам долбоорлору үч окуудан кабыл алынды Тагыраагы, "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык мыйзамынын долбоору жана "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору үч окууда кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Документтеги урунттуу учурлар: депутаттыкка талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, маморган жетекчилери, судьялар, Улуттук банктын кызматкерлери минкаб аныктаган деңгээлде кыргыз тилин билүүгө милдеттүү; кыргыз тили бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек; жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мыйзам талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл; көпчүлүккө айтылган бардык маалымат алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы кажет.
УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Чүй облусунун аткаминерлерине катуу талап койду. Төрага кечээ Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө УКМК башчысы Токмок шаарына былтыр бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сом натыйжасыз сарпталганына ачууланып, облус башчысын зекиди."Шаардын ар бир метр жерин жөө аралап, суу жетпеген жерине суу жеткирип, тазалап, көрктөндүргүлө. Чүйдөгү президенттин өкүлүнө, акимдер жана шаар мэрлерине үч күн убакыт берем. Ойлонгула! Иштегиси келбегендер, көзү жетпегендер, арыз жазып кеткиле. Кеткендердин ордуна иштейм деген жаңы балдар келет. Ал эми кетпей калгандарга талап катуу коюлат", — деди Ташиев.
Бишкекте 24-июндан баштап ОСАГО полисин сутканын каалаган убагында алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди. Иш күнү-түнү, дем алыш жана майрам күндөрү да жүргүзүлөт. Борбор калаанын тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге кайрыла алат. "Бул нерсе суроо-талаптын жогорулашына жана мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу жасалууда", — деди камсыздандыруу уюму. Эске салсак, 1-июлдан тарта Кыргызстанда милдеттүү түрдө ОСАГО полисин алуу тартиби күчүнө кирип, мыйзам бузган айдоочуларга үч миң сом айып салынат.
АКШ мындан ары Израилге Иран менен болгон кармашта аскердик жардам көрсөтпөйт. Бул тууралуу Ак үйдөгү жогорку даражалуу маалымат булагына таянып Washington Post гезити жазганын РИА Новости билдирди. Мындай кеп АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондо сүйлөшкөндө козголгон. "Трамп телефон чалып, АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн Израилге жардам берүү үчүн колдонбой турганын айтты", — деп жазат басылма. Маалыматка ылайык, АКШнын лидери "америкалык аскерлер өз милдетин аткарды" деп билдирген. Нетаньяху бул сөздөргө нааразы болгону менен Трамптын дипломатияга кайтуу тилегин түшүнүп, ок атууну токтотууга макул болгон.
Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзам долбоорлору үч окуудан кабыл алынды Тагыраагы, "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык мыйзамынын долбоору жана "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору үч окууда кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Документтеги урунттуу учурлар: депутаттыкка талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, маморган жетекчилери, судьялар, Улуттук банктын кызматкерлери минкаб аныктаган деңгээлде кыргыз тилин билүүгө милдеттүү; кыргыз тили бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек; жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мыйзам талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл; көпчүлүккө айтылган бардык маалымат алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы кажет.УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Чүй облусунун аткаминерлерине катуу талап койду. Төрага кечээ Токмок шаарына барып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө УКМК башчысы Токмок шаарына былтыр бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сом натыйжасыз сарпталганына ачууланып, облус башчысын зекиди."Шаардын ар бир метр жерин жөө аралап, суу жетпеген жерине суу жеткирип, тазалап, көрктөндүргүлө. Чүйдөгү президенттин өкүлүнө, акимдер жана шаар мэрлерине үч күн убакыт берем. Ойлонгула! Иштегиси келбегендер, көзү жетпегендер, арыз жазып кеткиле. Кеткендердин ордуна иштейм деген жаңы балдар келет. Ал эми кетпей калгандарга талап катуу коюлат", — деди Ташиев. Бишкекте 24-июндан баштап ОСАГО полисин сутканын каалаган убагында алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди. Иш күнү-түнү, дем алыш жана майрам күндөрү да жүргүзүлөт. Борбор калаанын тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге кайрыла алат. "Бул нерсе суроо-талаптын жогорулашына жана мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу жасалууда", — деди камсыздандыруу уюму. Эске салсак, 1-июлдан тарта Кыргызстанда милдеттүү түрдө ОСАГО полисин алуу тартиби күчүнө кирип, мыйзам бузган айдоочуларга үч миң сом айып салынат. АКШ мындан ары Израилге Иран менен болгон кармашта аскердик жардам көрсөтпөйт. Бул тууралуу Ак үйдөгү жогорку даражалуу маалымат булагына таянып Washington Post гезити жазганын РИА Новости билдирди. Мындай кеп АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондо сүйлөшкөндө козголгон. "Трамп телефон чалып, АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн Израилге жардам берүү үчүн колдонбой турганын айтты", — деп жазат басылма. Маалыматка ылайык, АКШнын лидери "америкалык аскерлер өз милдетин аткарды" деп билдирген. Нетаньяху бул сөздөргө нааразы болгону менен Трамптын дипломатияга кайтуу тилегин түшүнүп, ок атууну токтотууга макул болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/19/1094884248_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_41cd76917dcf57443f6ab996c4d91f23.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио