00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
21:05
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нөшөр, фашисттердин ыргытылган желеги. Кызыл аянттагы тарыхый параддын видеосу

Жазылуу
1945-жылдын 24-июнунда Москванын Кызыл аянтында өткөн алгачкы Жеңиш парады — бул СССРдин Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгенин тастыктап, даңазалаган тарыхый парад.
Аны Советтер Союзунун маршалы, 1-Беларусь фронтунун командачысы, жогорку башкы командачынын орун басары Георгий Жуков кабыл алган. Ал эми парадды Советтер Союзунун маршалы, 2-Беларусь фронтунун командачысы Константин Рокоссовский башкарган.
Парадды Жеңиш күнүнөн кийин дароо эле өткөрүүнү СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Иосиф Сталин чечкен.
Парадды атчан кабыл алуу керек эле, мындан улам атта жакшы жүрө албаган Сталин бул вазийпадан баш тартат да, Жуковду чакырып: "Менден жашсыз, кавалеристсиз, андыктан парадды сиз кабыл аласыз", — дейт. Кызыл армиянын Генералдык штаб жетекчисинин 1945-жылдын 24-майындагы директивасына ылайык, Жеңиш парадына катышуу үчүн согуштун акырында кандуу кармашка катышкан 10 полк, Аскер-деңиз флотунун жана СССРдин Коргоо наркоматынын полктору тартылган. Мындан тышкары, Москвада жана Москва облусунда жайгашкан академия менен училищелердин жоокерлери, Москва гарнизонунун күчтөрү катышкан. Жеңиш парадына катышуучулар атайын поезд менен Москвага 10-июндан тарта келе башташкан.

Параддын ар бир катышуучусуна жаңы форма тигилген

1945-жылдын 24-июнунда таңдан тарта күн бүркөлүп, жамгыр жаай баштайт. Эртең мененки саат сегизде парад катышуучуларынын баары тизилип бүтөт. Саат 9:00дө Кремль дубалынын трибунасы СССР менен РСФСРдин Жогорку Советинин депутаттары, наркомат кызматкерлери, маданият ишмерлери, жумушчулар, чиркөө өкүлдөрү, чет өлкөлүк дипломаттар жана чет элдик конокторго жык-жыйма толот. Саат 9.45те Владимир Лениндин Мавзолейинин трибунасына Сталин баш болгон Совет өкмөтүнүн жетекчилиги көтөрүлөт.

Жал-куйругу төгүлгөн жоргочон Георгий Жуков

Парадды башкарган Константин Рокоссовский жал-куйругу төгүлгөн жорго минип, кабыл алчу Георгий Жуковду көздөй багыт алчу ордун ээлейт. Саат туптуура 10:00дө, Кремль куранты белги бере баштаган маалда, ак боз ат минген Жуков Кызыл аянтка келет. Рокоссовский рапорт берип, экөө Куралдуу күчтөрдү айланып чыккандан кийин "Баарыңар уккула!" деген белги жаңырат да, генерал-майор Сергей Чернецкийдин башкаруусу алдында 1,4 миң кишиден турган оркестр Михаил Глинканын "Славься, русский народ!" чыгармасын аткарат. Жуков Мавзолейдин трибунасынан сөз сүйлөп, андан кийин СССРдин мамлекеттик гимни жаңырат. Ошол эле маалда 50 ирет артиллериялык салют атылып, аянттан үч жолу "Ура!" деген ураан айтылат. Ушундан соң гана салтанаттуу жүрүш башталат.

Германиялык армиянын ыргытылган 200 туусу

Парадга тартылган полктордун баары тынымсыз басып өткөндөн кийин оркестр токтоп, ошол жымжырттыкта 80 барабан ойноло баштайт. Кызыл аянтка 1-мотоаткычтар дивизиясынын жоокерлеринен турган колонна германиялык армиянын 200 туусун ылдый каратып алып чыгат. Мавзолейдин ылдый жагында эки секиче бар эле. Ошол тушка келгенде жоокерлер оңго бурулуп, душмандын жеңилишинин белгиси катары колундагы тууларын ыргытышкан. Карап турган элге бул көрүнүш аябай жаккан эле.
Андан соң оркестр кайра ойноп баштап, калган жоокерлер өтөт. Тынбай жааган жамгырга карабай эки саатка (122 мүнөт) созулган парадды оркестр жыйынтыктайт. Ага 24 маршал, 249 генерал, 2536 офицер, 31 116 сержант жана жоокер катышкан.
Тема боюнча:
84 жыл мурда түптөлгөн маалымат агенттиги. Тарыхый видео
Жаңылыктар түрмөгү
0