00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
08:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
18,5 млн. сом сарпталат — №13 шайлоо окруry боюнча кайра шайлоого даярдык кандай жүрүүдө?
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Что говорят цифры: главные тенденции 2025 года по данным Нацстаткома КР
10:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зомбулукка каршы күрөш: 5200 ишеним телефону жана жабырлануучуларды коргоонун жаңы механизмдери
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как страховые компании делят риски и зачем это обычным людям
12:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Адвокаттар үчүн белгилүү аймакка лицензия берүү киргизилет — бул кадр жетишсиздигин чечеби?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Экономикалык панорама
Туризмде тейлөө канчалык маанилүү?
17:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ноль пошлин на фосфаты: как решение ЕЭК скажется на урожае в Кыргызстане
18:07
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз филармониясына 90 жыл!
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему в магазинах снова просят платить наличными? Ответ ГНС
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда чет элдик жарандардын жүрүүсү: мыйзам жана көзөмөл
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуусунун алкагында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолукту. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Тяньцзин шаарында “Жайкы Давостун” өтүшү Кытайдын дүйнөлүк экономикадагы жана өнүгүүнүн жаңы моделдерин калыптандырууда жана көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдөгү маанилүү ролун белгилөөгө болоорун билдирди. Кытайтын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге форумуна катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдү камтыган кеңири чөйрөдөгү кыргыз-кытай кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Бишкекте 24-июндан баштап ОСАГО полисин сутканын каалаган убагында алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди. Иш күнү-түнү, дем алыш жана майрам күндөрү да жүргүзүлөт. Борбор калаанын тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге кайрыла алат. "Бул нерсе суроо-талаптын жогорулашына жана мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу жасалууда", — деди камсыздандыруу уюму. Эске салсак, 1-июлдан тарта Кыргызстанда милдеттүү түрдө ОСАГО полисин алуу тартиби күчүнө кирип, мыйзам бузган айдоочуларга үч миң сом айып салынат.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кесипкөй адистерди даярдоону өркүндөтүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди.26–27-июнда Беларустун борбору Минск шаарында IV Евразиялык экономикалык форум өтөт.Кыргызстандын сунушу менен анда ЕАЭБ алкагында кесипкөй адистерди даярдоонун деңгээлин жогорулатуу маселеси талкууланат."Бул – квалификацияны жогорулатуу, окутуу программаларын макулдашуу. Адистер ЕАЭБге кирген кайсы гана өлкөдө болбосун, жарандыгына карабастан ар кандай тармактарда иштей алышы керек. Биздин максат — эмгек жана капиталдын эркин жүрүшүнүн негизинде бирдиктүү экономикалык майнаптуулукка жетишүү", — деди Ермолович.
Бүгүн Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Кыргыз сорт сыноо ишканасынын эгин талаасында кылкандуу дан эгиндерин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага облус башчысынын биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, райондук бийлик өкүлдөрү, айыл чарба адистери жана жергиликтүү дыйкандар катышты. Анын жүрүшүндө Курбанбек Айтибаев иш-чара айыл чарба тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтүү жана мындан аркы максаттарды аныктоо үчүн маанилүүлүгүн жана дыйкандар менен адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу, натыйжалуу агротехникалык ыкмаларды жайылтуу – түшүмдүүлүктү арттырууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0