Брест чебинде Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы сааттары көрсөтүлдү. Видео
Брест чебинде Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы сааттары көрсөтүлдү. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Брест чебинде Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы сааттары чагылдырылды. Бул тууралуу Sputnik Беларусь жазды. 22.06.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Брест чебинде Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы сааттары чагылдырылды. Бул тууралуу Sputnik Беларусь жазды. 22-июнга караган түнү маданий-тарыхый программа жолугушуу-реквием менен башталды. Вокалдык-театрлаштырылган шоуда беларустук, россиялык артисттер: Максим Дрозд, Зара, Денис Майданов, Владимир Гостюхин, Александра Гайдук жана “Беларусь”, “Любе” топтору болду.Өчпөс отко гүл коюу жана Брест чебине жакын жердеги талаада бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин соңку тынчтык кечиндеги жана согуштун биринчи күнүндөгү окуялар чагылдырылды. Быйыл 84 жыл мурунку окуяны кайрадан сезип-туюп, эскерүүгө Беларусь, Россия, Литва, Латвия жана Эстониядан 500дөн ашык адам келген.21-июнь, 1941-жыл. Брест гарнизонунда жашоо кадимкидей уланууда: балдар топ ойноп, жол боюнда велосипеддин дөңгөлөктөрүн тоголотуп жарышып баратышат. Чоңдор болсо бийге түшүп көңүл ачып, өз иштери менен алек. Чек арачылар дүрбү менен алысты карап, жамандык келе жатканын сезишет.Июнь айынын аптаптуу күнү аяктап баратат. Лейтенант Кижеватов чек арага кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө. Алдыда провокацияга жол бербөө, тартип бузгандарды кармоо милдети турат.Ошол эле учурда Бугдун аркы тарабында вермахттын 45-аткычтар дивизиясы чабуул коюучу позицияларды ээлеп, Германия Советтер Союзуна каршы согушка аттанат. “Карлов” массиви (немецтердин өзү жүрүүчү курчоо миномёту) позицияларды ээлейт, артиллерия күжүрмөн даярдыкта турат. Түнкүсүн Бресттин үстүнө немецтик десант түшүрүлөт.Байланыштын баары үзүлгөн. Диверсанттар иштеп жатышат. Немец офицери жана эки жоокер Тересполь темир жол көпүрөсүн кесип өтүп, советтик чек арага чейин барышат. Дагы бир көз ирмемде Кызыл Армиянын чек арачыларын пулемёт менен атышат.Немецтердин суу астында жүрүүчү танкалары дарыяга кирип, анын артынан желим кайыктары менен жөө аскерлердин экинчи толкуну келет. Чек ара бузулду.Вермахттын аскерлери басып алынган плацдармдарды кеңейтет. Советтик чек арачылар артиллериянын жана танкалардын жардамы менен немецтердин жөө аскерлерин токтото албай коюшат.Кызыл Армиянын жоокерлери артка чегинүүгө аргасыз болушат. Ал эми фашисттерге болсо чеп басып алынгандай сезилет. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин майор Гаврилов башчылык кылган Кызыл Армиянын жоокерлери чепти коргоо үчүн казематтардан чыгышат. Ошондо душман сепил кулабаганын, эч нерсеге карабастан аны коргошорун түшүнөт...Фашисттер чепти бир айга жакын ала алышпайт. Максатына жетүү үчүн ага 1800 килограммдык “Шайтан” авиабомбасын ташташкан. Немецтер аман калгандарды ошол жерден атып салып же концлагерлерге жөнөтүшкөн. Ал кезде үч жылдан кийин “Багратион” чабуул операциясынын натыйжасында Кызыл Армия Беларусту бошотуп, баскынчыларды өлкөдөн биротоло кууп чыгарын эч ким билген эмес.
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Брест чебинде Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы сааттары чагылдырылды. Бул тууралуу Sputnik Беларусь жазды.
22-июнга караган түнү маданий-тарыхый программа жолугушуу-реквием менен башталды. Вокалдык-театрлаштырылган шоуда беларустук, россиялык артисттер: Максим Дрозд, Зара, Денис Майданов, Владимир Гостюхин, Александра Гайдук жана “Беларусь”, “Любе” топтору болду.
Өчпөс отко гүл коюу жана Брест чебине жакын жердеги талаада бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин соңку тынчтык кечиндеги жана согуштун биринчи күнүндөгү окуялар чагылдырылды. Быйыл 84 жыл мурунку окуяны кайрадан сезип-туюп, эскерүүгө Беларусь, Россия, Литва, Латвия жана Эстониядан 500дөн ашык адам келген.
21-июнь, 1941-жыл. Брест гарнизонунда жашоо кадимкидей уланууда: балдар топ ойноп, жол боюнда велосипеддин дөңгөлөктөрүн тоголотуп жарышып баратышат. Чоңдор болсо бийге түшүп көңүл ачып, өз иштери менен алек. Чек арачылар дүрбү менен алысты карап, жамандык келе жатканын сезишет.
Июнь айынын аптаптуу күнү аяктап баратат. Лейтенант Кижеватов чек арага кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө. Алдыда провокацияга жол бербөө, тартип бузгандарды кармоо милдети турат.
Ошол эле учурда Бугдун аркы тарабында вермахттын 45-аткычтар дивизиясы чабуул коюучу позицияларды ээлеп, Германия Советтер Союзуна каршы согушка аттанат. “Карлов” массиви (немецтердин өзү жүрүүчү курчоо миномёту) позицияларды ээлейт, артиллерия күжүрмөн даярдыкта турат. Түнкүсүн Бресттин үстүнө немецтик десант түшүрүлөт.
Байланыштын баары үзүлгөн. Диверсанттар иштеп жатышат. Немец офицери жана эки жоокер Тересполь темир жол көпүрөсүн кесип өтүп, советтик чек арага чейин барышат. Дагы бир көз ирмемде Кызыл Армиянын чек арачыларын пулемёт менен атышат.
22-июнга караган түнү маданий-тарыхый программа жолугушуу-реквием менен башталды. Вокалдык-театрлаштырылган шоуда беларустук, россиялык артисттер: Максим Дрозд, Зара, Денис Майданов, Владимир Гостюхин, Александра Гайдук жана “Беларусь”, “Любе” топтору болду

Өчпөс отко гүл коюу жана Брест чебине жакын жердеги талаада бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин соңку тынчтык кечиндеги жана согуштун биринчи күнүндөгү окуялар чагылдырылды
Өчпөс отко гүл коюу жана Брест чебине жакын жердеги талаада бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин соңку тынчтык кечиндеги жана согуштун биринчи күнүндөгү окуялар чагылдырылды
Июнь айынын аптаптуу күнү аяктап баратат. Лейтенант Кижеватов чек арага кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө. Алдыда провокацияга жол бербөө, тартип бузгандарды кармоо милдети турат.
Июнь айынын аптаптуу күнү аяктап баратат. Лейтенант Кижеватов чек арага кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө. Алдыда провокацияга жол бербөө, тартип бузгандарды кармоо милдети турат.
22-июнга караган түнү маданий-тарыхый программа жолугушуу-реквием менен башталды. Вокалдык-театрлаштырылган шоуда беларустук, россиялык артисттер: Максим Дрозд, Зара, Денис Майданов, Владимир Гостюхин, Александра Гайдук жана “Беларусь”, “Любе” топтору болду
Өчпөс отко гүл коюу жана Брест чебине жакын жердеги талаада бир мүнөттүк аза күтүүдөн кийин соңку тынчтык кечиндеги жана согуштун биринчи күнүндөгү окуялар чагылдырылды
Июнь айынын аптаптуу күнү аяктап баратат. Лейтенант Кижеватов чек арага кошумча күчтөрдү жөнөтүүдө. Алдыда провокацияга жол бербөө, тартип бузгандарды кармоо милдети турат.
Немецтердин суу астында жүрүүчү танкалары дарыяга кирип, анын артынан желим кайыктары менен жөө аскерлердин экинчи толкуну келет. Чек ара бузулду.
Вермахттын аскерлери басып алынган плацдармдарды кеңейтет. Советтик чек арачылар артиллериянын жана танкалардын жардамы менен немецтердин жөө аскерлерин токтото албай коюшат.
Кызыл Армиянын жоокерлери артка чегинүүгө аргасыз болушат. Ал эми фашисттерге болсо чеп басып алынгандай сезилет. Бирок бир нече убакыт өткөндөн кийин майор Гаврилов башчылык кылган Кызыл Армиянын жоокерлери чепти коргоо үчүн казематтардан чыгышат. Ошондо душман сепил кулабаганын, эч нерсеге карабастан аны коргошорун түшүнөт...
Фашисттер чепти бир айга жакын ала алышпайт. Максатына жетүү үчүн ага 1800 килограммдык “Шайтан” авиабомбасын ташташкан. Немецтер аман калгандарды ошол жерден атып салып же концлагерлерге жөнөтүшкөн. Ал кезде үч жылдан кийин “Багратион” чабуул операциясынын натыйжасында Кызыл Армия Беларусту бошотуп, баскынчыларды өлкөдөн биротоло кууп чыгарын эч ким билген эмес.