00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Трамп АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусунан кийин элге кайрылды

© AP Photo / Carlos BarriaАКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.06.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк объектилерине каршы операциялардын жыйынтыгы боюнча Ак үйдөн элге кайрылуу жасады.
Америка лидеринин айткандарынын урунттуу учурлары:
Соккунун максаты Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектөө болду;
Ирандын уранды байытуу боюнча негизги объектилери толугу менен жок кылынды;
Эми Тегеран тынчтык келишимин түзүшү керек;
Иранга жасалган кийинки чабуул мындан бир кыйла катуу болушу мүмкүн;
Ирандын Кошмо Штаттарга каршы бардык аракеттерине олуттуу жооп болот.
"Же тынчтык орнойт, же Иран биз сегиз күндө күбө болгондон бир топ олуттуу трагедияга туш болот. Дагы көп объектилер бар экенин унутпагыла", – деген Трамп.
Ошондой эле ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга ыраазычылык билдирип, алар ишти буга чейинки эч бир командага окшошпогондой аткарышканын айткан.
22-июнда эртең менен Трамп АКШнын аскердик аба күчтөрү Ирандын үч өзөктүк объектиси – Фордо, Натанз жана Исфаханга жасаган операциялары ийгиликтүү аяктаганын билдирди.
Axios порталы израилдик аткаминердин айтканына таянып, Трамптын администрациясы Израилге жана Иранга чабуулга даярдыктар тууралуу алдын ала эскерткенин жарыялады.
Fars агенттиги Ирандын бийлиги Исфахан жана Фордодогу өзөктүк объектилерге абадан сокку урулганын билдиришкенин маалымдады. Ирандын кабыл алына турган чечимдердин саясий максаттуулугун аныктоо боюнча кеңешинин мүчөсү Мохсен Резаи буга чейин Иран бардык байытылган уран материалдарын коопсуз жайга жеткирип койгонун билдирген.
Израиль Иранды жашыруун түрдө аскердик-өзөктүк программаны ишке ашырууда деп айыптап, 13-июнга караган түнү ага каршы операция баштаган. Абадан бомбалоонун жана диверсиялык топтордун көздөгөн буталары өзөктүк объектилер, генералитет, көрүнүктүү өзөктүк-физиктер, авиабазалар, абадан коргонуу күчтөрү жана “жер – жер” ракеталары болду.
Иран өзөктүк долбоорунун аскердик багытын жокко чыгарууда. 18-июнда МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси агенттиктин инспекторлору Ирандан өзөктүк курал жасоо боюнча конкреттүү далилдерди көрүшпөгөнүн айткан. АКШнын чалгындоо бирикмеси Трамп менен Израилдин билдирүүлөрүнө каршы пикирин билдирип, CNN телеканалы маалымдагандай, Иран өзөктүк курал чыгарууну көздөгөн эмес деп белгилеген. Британиянын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Крейг Мюррей РИА Новостиге Иран Израилдин соңку бир нече жылдардагы аракеттерине болуп көрбөгөндөй чыдамкайлык көрсөткөнүн айткан.
Иран Израилдин аракеттерине карата ракета жана учкучсуз аппараттар менен жооп кылып, алар аскердик объектилерге чабуул жасаганын билдирүүдө. Эки тараптан тең соккулар калк жашаган аймактарга тийген учурлар болуп, жашоочулар арасында каза болгондордун саны көбөйүүдө.
Ирандын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, чабуулдардан өлкөдө 400дөн ашык адам каза болуп, 3000дей киши жаракат алган. Израиль болсо Ирандын соккулары 20дан ашык кишинин өмүрүн алып, 1200дөн ашуун киши жаракат алганын билдирген.
Израиль менен Иран күнүнө бири-бирине бир нече сокку урууда. Изариль бийлиги Ирандын өзөктүк программасын жок кылуу кампаниясын жүргүзөрүн айтып коркутууда. Тегеран өз учурунда Израиль бомбалоону токтотмоюнча ага карата аткылоолор токтобой турганын кабарлады.
АКШ президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2025
АКШ президенти Иранга өзөктүк куралдар жаатында келишим түзүү үчүн эки жума берди
Жаңылыктар түрмөгү
0