00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
ОМС и лечение в стационаре: за что платит государство, а за что - пациент?
08:04
44 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Альтернативдик кызмат кимдер үчүн? Жол-жобо, шарт жана баа маселеси
09:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Из чего формируется столичный смог и как с ним бороться
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет — максаты кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
15:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Санариптешүү доорунда жакындарга кантип сапаттуу көңүл бура алабыз?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Көлөкө»: кыз-жигит мамилесиндеги кооптуу чек кайда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Трамп АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине жасаган соккусунан кийин элге кайрылдыКыргыз тасмасы Шанхай кинофестивалында баш байгени жеңип алдыАстанада “Кытай – Борбор Азия” маалымат агенттиктеринин форуму өтүүдөАлдыда кененирээк20-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) учурдагы төрагалык кылуучу тарап катары Стамбулдагы ТМУ катчылыгынын кеңсесине барды. ТИМден билдиришкендей, сапардын алкагында ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле катчылыктын кызматкерлери менен Түрк мамлекеттер уюмунун алдында турган актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүлдү. Жээнбек Кулубаев уюмдун максаттарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ТМУнун туруктуу аткаруучу органынын негизги маанисин белгилеп, ТМУ мамлекет башчыларынын чечимдерин, анын ичинде Бишкек декларациясын өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууга чакырды. Башкы катчы Кубанычбек Өмүралиев министрге катчылыктын учурдагы ишмердүүлүгү жана ТМУнун алдыдагы иш-чараларына даярдыктар тууралуу кеңири маалымат берди.
Казакстандын борбору Астана шаарында “Кытай – Борбор Азия” маалымат агенттиктеринин форуму өтүп жатат. Бул иш-чара Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги жана Казакстандын президентинин Телерадиокомплекси тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Форумдун алкагында төмөнкү темалар талкууланууда: Жибек жолу боюнча медиа кызматташтыкты тереңдетүү, эл аралык коммуникациянын жаңы форматтарын өнүктүрүү, маданий мурастарды сактоо, “Жашыл Жибек жолу” концепциясын ишке ашыруу, энергетикалык коопсуздук жана Евразиялык байланыштарды чыңдоо.Форумдун ачылышында Казакстандын президентинин жардамчысы Арман Кырыкбаев президент Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катын окуду. Ал өз сөзүндө медиа кызматташтыгы мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоодо маанилүү ролду ойноорун белгилеп, форумдун катышуучуларына ийгилик каалады.
Кыргызстандын "Кара. Кызыл. Сары" көркөм тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалынан "Эң мыкты тасма" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы билдирди. Маалыматка ылайык, толук метраждуу фильм "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан тартылган. Режиссёру Актан Арым Кубат. Тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн. Ал эми сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылган. Тасмада кыргыздын, анын ичинде каармандын килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган. XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалы 13-июндан 22-июнга чейин Шанхай шаарында өттү. Анда 71 өлкөдөн 400дөн ашык фильм көрсөтүлгөн.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк объектилерине каршы операциялардын жыйынтыгы боюнча Ак үйдөн элге кайрылуу жасады. Америка лидеринин айткандарынын урунттуу учурлары: Соккунун максаты Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн чектөө болду; Эми Тегеран тынчтык келишимин түзүшү керек; Иранга жасалган кийинки чабуул мындан бир кыйла катуу болушу мүмкүн; "Же тынчтык орнойт, же Иран биз сегиз күндө күбө болгондон бир топ олуттуу трагедияга туш болот. Дагы көп объектилер бар экенин унутпагыла", – деген Трамп. Ошондой эле ал Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга ыраазычылык билдирип, алар ишти буга чейинки эч бир командага окшошпогондой аткарышканын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0