00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев алкоголдук, кант кошулган, энергетикалык суусундуктарга жана тамекиге акциздик салыкты көбөйтүү керектигин айтты. Ал Жогорку Кеңеште депутаттардын энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушуна жооп берип жатып, бул кадам, тескерисинче, контрабанданы күчөтөрүн белгиледи. "Андан көрө акциздик салыктарды көтөрүш керек. Ошондо мындай продукциялар кымбаттап, өспүрүмдөр үчүн жеткиликтүү болбой калат. Мамлекеттик бюджетке да кошумча киреше түшөт", — деди Чечейбаев. Ошондой эле бул товарларды бардык дүкөндө эмес, уруксат алгандарында гана сатууга мүмкүндүк берүү керектигин кошумчалады. Кыргызстанда энергетикалык суусундуктар зыян экени айтылып, аны сатууга, ташып келүүгө тыюу салуу сунушталып келет. Демилгени Жогорку Кеңеште ар кайсы убактарда депутаттар Бакытбек Марипов менен Улан Бакасов көтөргөн. Ал эми Алишер Козуев энергетикалык суусундуктарды жарнама кылгандарды 15 миң, юридикалык жактарды 35 миң сомго айыпка жыгууну сунуштаган. Мындан тышкары, парламентте тамекинин салыгын жыл сайын 25 пайызга көтөрүү менен 40 миң адамды өлүмдөн сактап калса болору айтылган.
Бишкекте шаардык инфраструктураны санариптештирүү долбооруна 2,2 миллион доллар бөлүнөт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү келишимге Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында кол коюлган. Ага ылайык, долбоорду "Скайнет Телеком" интернет-провайдери россиялык "Уфанет" компаниясы менен ишке ашырат. Ал эми Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2,2 миллион доллар бөлөт. Инвестиция Бишкектеги көп кабаттуу үйлөргө "акылдуу" домофондорду жана видеобайкоо системаларын орнотууга багытталары белгиленди.Пилоттук этапта мындай кызматка жогорку суроо-талап бар экени аныкталган. Бишкекте 100дөн ашуун үй азыртадан эле туташууга кезек күтүп турганы кошумчаланды.
Россия ЕАЭБдеги өнөктөштөрү менен жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүү үчүн алдыңкы технологияларды алып келүүгө өбөлгө боло турган бажы жана тариф саясатын жүргүзөт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди. Ал Петербург эл аралык эконономикалык форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып Россия өнөктөштөрү менен аскердик-өнөр жай тармагындагы алаканы өнүктүрөрүн белгиледи. “Бул техниканы жана курал-жаракты жеткирүү же жаңыртуу менен гана чектелбейт. Сөз биргелешкен өндүрүш, кадрларды даярдоо, ишканаларды жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү тууралуу болуп жатат”, — деди Путин. Белгилей кетсек, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америка сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган. Аларда санарип экономика, саламаттык сактоо, эл аралык мамилелер, экология, технологиялык инновациялар, фейктерге каршы күрөшүү сыяктуу темалар талкууланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0