https://sputnik.kg/20250620/1094793020.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
ТИМ Америкадагы кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакыратБишкекте Эскерүү күнүнө карата митинг-реквием өттү.Амангелдиев ПЭЭФте ЕАЭБдин... 20.06.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-06-20T17:00+0600
2025-06-20T17:00+0600
2025-06-20T17:20+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/06/14/1094792888_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e8483c0afdd8f2b7245fe3c22790af71.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
ТИМ Америкадагы кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакыратБишкекте Эскерүү күнүнө карата митинг-реквием өттү.Амангелдиев ПЭЭФте ЕАЭБдин илимий-техникалык потенциалын пайдаланууга чакырдыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЕАЭБдин илимий-техникалык потенциалын пайдаланууга чакырды. Ал Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып, 10 жыл ичинде Евразия экономикалык биримдиги олуттуу натыйжаларга жетишкенин билдирди. Айтымында, бул мезгил аралыгында өнөр жай өндүрүшү 29,1 пайызга, айыл чарба өндүрүшү 25,5 пайызга өскөн. Амангелдиев мындан аркы тең салмактуу өнүгүү үчүн кооперациялык долбоорлор зарыл экенин, Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиянын бул багыттагы аракетин колдой турганын белгиледи. "Өндүрүштө гана эмес, илимий-техникалык чөйрөдө да кызматташуу зарыл. Бул жагынан союздун потенциалы чоң, мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарыл", — деген ал. Белгилей кетсек, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган.
20-22-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясына катышуу үчүн Стамбул шаарына менен барат. ТИМден билдиришкендей, жолугушууларда саясий кызматташтык, мусулман өлкөлөрүндөгү кагылышуулар жана жаңжалдан кийинки кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы абал, исламофобия менен күрөшүү, мусулман азчылыктарынын абалы жана ИКУнун ишинин башка актуалдуу багыттары талкууланат. Иш сапардын алкагында ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев ИКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде БУУ, ИКУ жана башка эл аралык аянтчалар алкагындагы өз ара кызматташтык маселелери каралат.
Тышкы иштер министрлиги Американын аймагында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө сапарга чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктарды жашаган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырды. АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары тарабынан виза режиминин бузулушу, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалары боюнча мыйзам бузуу учурлары көбөйгөн. "Айрым жарандар тарабынан мындай визалык режимдин бузулушу жалпы Кыргызстандын жарандарына карата терс таасир тийгизип, бардык мекендештерге карата чектөө чараларынын киргизилишине алып келиши мүмкүн болгон тобокелдик фактору катары каралышы мүмкүн", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Бүгүн, 20-июнда, Дайыр Асанов атындагы парктагы баатырлардын элесине арналган мемориалдын жанында Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы — Эскерүү күнүнө арналган митинг-реквием өттү. Согушта курман болгон баатырлардын эрдигин ардагерлер, аскерлер жана студенттер эскеришти. Митинг аза күтүүдөн башталды. Иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүл коюп, "ГАЛА" жаштар театры совет элинин эрдигин даңазалаган сценкаларды тартуулашты. Митинг-рекциемди Ардагерлердин республикалык кеңеши, КРСУ "ГАЛА" жаштар театрынын жардамы менен уюштурган.
ТИМ Америкадагы кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакыратБишкекте Эскерүү күнүнө карата митинг-реквием өттү.Амангелдиев ПЭЭФте ЕАЭБдин илимий-техникалык потенциалын пайдаланууга чакырдыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЕАЭБдин илимий-техникалык потенциалын пайдаланууга чакырды. Ал Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып, 10 жыл ичинде Евразия экономикалык биримдиги олуттуу натыйжаларга жетишкенин билдирди. Айтымында, бул мезгил аралыгында өнөр жай өндүрүшү 29,1 пайызга, айыл чарба өндүрүшү 25,5 пайызга өскөн. Амангелдиев мындан аркы тең салмактуу өнүгүү үчүн кооперациялык долбоорлор зарыл экенин, Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиянын бул багыттагы аракетин колдой турганын белгиледи. "Өндүрүштө гана эмес, илимий-техникалык чөйрөдө да кызматташуу зарыл. Бул жагынан союздун потенциалы чоң, мүмкүнчүлүктү пайдалануу зарыл", — деген ал. Белгилей кетсек, 18-июнда башталган Петербург эл аралык экономикалык форуму эртең жыйынтыкталат. Иш-чарага ЕАЭБ, КМШ, БРИКС, АСЕАН, Африка, Жакынкы Чыгыш, Латын Америкасы сыяктуу 140 мамлекет менен уюмдардан 20 миңден ашуун өкүл келди. Программада 150дөй иш-чара каралган.20-22-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясына катышуу үчүн Стамбул шаарына менен барат. ТИМден билдиришкендей, жолугушууларда саясий кызматташтык, мусулман өлкөлөрүндөгү кагылышуулар жана жаңжалдан кийинки кырдаал, Жакынкы Чыгыштагы учурдагы абал, исламофобия менен күрөшүү, мусулман азчылыктарынын абалы жана ИКУнун ишинин башка актуалдуу багыттары талкууланат. Иш сапардын алкагында ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев ИКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде БУУ, ИКУ жана башка эл аралык аянтчалар алкагындагы өз ара кызматташтык маселелери каралат.Тышкы иштер министрлиги Американын аймагында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө сапарга чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктарды жашаган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырды. АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары тарабынан виза режиминин бузулушу, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалары боюнча мыйзам бузуу учурлары көбөйгөн. "Айрым жарандар тарабынан мындай визалык режимдин бузулушу жалпы Кыргызстандын жарандарына карата терс таасир тийгизип, бардык мекендештерге карата чектөө чараларынын киргизилишине алып келиши мүмкүн болгон тобокелдик фактору катары каралышы мүмкүн", - деп айтылат ТИМдин маалыматында.Бүгүн, 20-июнда, Дайыр Асанов атындагы парктагы баатырлардын элесине арналган мемориалдын жанында Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы — Эскерүү күнүнө арналган митинг-реквием өттү. Согушта курман болгон баатырлардын эрдигин ардагерлер, аскерлер жана студенттер эскеришти. Митинг аза күтүүдөн башталды. Иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүл коюп, "ГАЛА" жаштар театры совет элинин эрдигин даңазалаган сценкаларды тартуулашты. Митинг-рекциемди Ардагерлердин республикалык кеңеши, КРСУ "ГАЛА" жаштар театрынын жардамы менен уюштурган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/06/14/1094792888_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a299d322ecb1d464a903d32adea31b0c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио