00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Особый акцент
Лук, сабля и конь: оружие, создавшее военную мощь тюрков
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
18:08
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Легендарлуу футболчу Азамат Байматовдун спорттогу жолу — лидерлик, машыктыруучулук, максаттар
19:07
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда жарандык авиация кийинки деңгээлге көтөрүлдү — Өлкө “кара тизмеден” качан чыгат?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстан менен Татарстан кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алыштыДүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик инвестициялык форуму өтөтРоссия менен бирге мектептерде баңгизат аныктачу долбоор киргизүү каралуудаАлдыда кененирээкСанкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Документке Кыргызстандын өкмөтүнүн делегациясын жетектеп барган минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Татарстан раиси Рустам Минниханов кол коюшкан. Амангелдиев Кыргызстан инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде өнөр жай кооперациясын түзүүгө багытталган долбоорлор боюнча кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдирген. Ал эми Минниханов жакынкы аралыкта Кыргызстанга жана Татарстанга өз ара бизнес миссияларын уюштурууну, санариптик жана финансылык кооперацияны ишке ашырууда биргелешкен долбоорлорду сунуштаган.
Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын инвестиция чөйрөсүндөгү кызматташтыгын бекемдөө маселелерин Тажикстан Республикасынын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Султон Рахимзода жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрлан Абдылдаев талкуулады. Тажик-кыргыз инвестициялык форумун өткөрүү тууралуу белгилүү болду. Кыргызстандын экспортту колдоо борбору өз кезегинде 7-8-июлда Дүйшөмбү шаарында өтөөрүн билдирди. Иш-чара ишкердик байланыштарды орнотуу, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн экспорттук продукциясын илгерилетүү, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизги аянтча болоору белгиленген. Кыргыз Республикасынын компаниялары жана бизнес-ассоциациялары форумга катышууга жана эл аралык бизнес аренада өз сунуштарын жана продукцияларын көрсөтүүгө чакырылат.
Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын өсүшү 13,1 пайызды түздү. Мындай маалыматтар КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин материалдарында камтылган. Маалым болгондой, биринчи кварталда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүндө ИДП орточо 2,3 пайызга өскөн. Эң жогорку көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасында катталган.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Россия менен бирге мектептерде синтетикалык баңгизатты аныктай турчу долбоор даярдалып жатканын билдирди. ЖК жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев ар бир жаранды, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерди да баңгизатка текшерүү керектигин айткан. Саламаттык сактоо министри окуучуларды, студенттерди же жарандардын баарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү мүмкүн эмес экенин айтып, бирок саркынды суу аркылуу синтетикалык баңгизаттын калдыктарын аныктоо мүмкүн экенин белгилеген. "Долбоордун алкагында өлкөдөгү ар бир мектептин саркынды сууларынан анализ алуу каралууда. Эгер ошол анализден синтетикалык баңгизаттардын калдыктары табылса, ИИМ ошол мектепке барып, кошумча иликтөө жүргүзө алат. Ушул ыкма аркылуу абалы оор мектептерди аныктап, ошол жерге өзгөчө көңүл бурууга шарт түзүлөт. Саркынды суулар аркылуу синтетикалык баңгизаттын калдыгын аныктоо мүмкүн экен. Азыр ушул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Чечейбаев.
Жаңылыктар түрмөгү
0