00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Будь в курсе
Сколько будет стоить патент для торговцев в КР ? ГНС о разработанных ставках
08:04
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

IBC Global: Кыргызстандын кампалар рыногу 2030-жылга чейин алты эсе өсөт

© Photo / IBC GlobalКөп функционалдуу Global Hub бажы-логистикалык борбору
Көп функционалдуу Global Hub бажы-логистикалык борбору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2025
Жазылуу
Компания жаңылыктары
IBC Global эл аралык консалтингдик компаниясынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын кампа жаатындагы кыймылсыз мүлк рыногу бир топ кеңеет: 2025-жылдын соңуна чейин А жана В классындагы сапаттуу кампалардын жалпы көлөмү 108 миң чарчы метрден 400 миң чарчы метрге чейин жетип, 2026-жылдын аягында 0,55 миллион чарчы метрди камтыса, 2027-2028-жылдар аралыгында 1,3 миллион чарчы метрден ашары болжолдонгон.
Компаниянын консультанттары 2030-жылга карата сапаттуу кампалардын (А жана А+) рыногу азыркыга салыштырмалуу 12-15 эсе өсүп, Кыргызстанды Борбордук Азияда тездик менен өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошорун айтып келишет.
© Photo / IBC GlobalIBC Global компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Станислав Ахмедзянов
Управляющий партнер IBC Global Станислав Ахмедзянов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2025
IBC Global компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Станислав Ахмедзянов
"Ушу тапта Кыргызстандын кампа рыногу чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат: сактоочу жайлардын аздыгы жана ага болгон өтө чоң суроо-талап сапаттуу долбоорлорго жаңы инвестицияларды тартууга катализатор болууда. Жаңы логистикалык хабдардын өнүгүшү сактоо жана жеткирүү тармагын модернизациялоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачып берип, өлкө экономиканын өсүүсүн шарттайт деген ишенимдебиз", — дейт IBC Global компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Станислав Ахмедзянов.
2025-жылдын башына карата А жана В классындагы заманбап сактоочу жайлардын жалпы аянты 108 миң чарчы метрди түздү, анын 36 миң чарчы метри А классындагы кампалар болуп саналат. Мында сактоочу жайлардын 90 пайызы Бишкек менен Чүй облусунда жайгашкан. Өлкөнүн калган аймагында А классындагы кампалар дээрлик жокко эсе.
Кыргызстанда А классындагы объектилердин ижара акысы (бир чарчы метри үчүн) жылына 142 долларды түзөт, бул — кошумча нарк салыгын кошпогондогу баа. Бош кампа жок. 2025-жылдын июнуна карата 250 миң чарчы метр аянтка таңсыктык бар, бул болсо рыноктун ушу таптагы мүмкүнчүлүгүнөн кыйла жогорку көрсөткүч, анткени пландалган объектилерди тигил же бул компания өзү үчүн курууда (Wildberries), болбосо келишим жаңыдан түзүлгөн баскычта. Башкача айтканда, ачык рынокко сактоочу жайлардын анча көп эмес бөлүгү гана чыгат.
© Photo / IBC GlobalКөп функционалдуу Global Hub бажы-логистикалык борбору
Многофункциональный таможенно-логистический центр Global Hub - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2025
Көп функционалдуу Global Hub бажы-логистикалык борбору
Бишкектин айланасында кампалардын көбүрөөк түшүшүнө төрт маанилүү кластер негиз болуп берет, аларга салына турчу жалпы көлөмдүн 80 пайызы туура келүүдө. Бул — жыл соңунда ишке кире турган 300 миң чарчы метрлик Wildberries логистика борбору, былтыр башталып 2028-жылы бүтө турган түндүк-батыш "Манас", 12 миллион долларлык инвестиция салына турган TLC "Атбашы" жана 2025-2026-жылдары ишке бериле турган, 17 гектарды ээлеген "Көкчө-Көз" логистикалык базасы. Мындан тышкары, Бишкек — Ош трассасын бойлой кеткен түштүк кластери бар, бул жерде 137 миң чарчы метрди ээлей турган көп функционалдуу Global Hub бажы-логистикалык борбору салынууда. Объектинин 57 миң чарчы метри 2026-жылы бүтсө, дагы 75 миң чарчы метри 2027-жылга пландалган. Долбоордун девелопери — Кыргызстандагы ири оюнчулардын бири Alkanov Group. Бул долбоор кампалык блоктор жайгашкан заманбап, ар түрдүү форматтагы маанилүү логистикалык борбор болуп калмакчы.
© Photo / IBC GlobalAlkanov Group компаниясынын ээси Чыңгыз Алканов
Владелец Alkanov Group Чынгыз Алканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2025
Alkanov Group компаниясынын ээси Чыңгыз Алканов
"Көп функционалдуу Global Hub бажы-логистикалык борбору маанилүү инфраструктуралык долбоор жана региондун ишкерлик чөйрөсүн түзүүчү этап болуп саналат. Заманбап логистикалык борбор жүздөгөн жумушчу орундарды түзүп, жергиликтүү экспортерлордун маанисин жогорулатып, инвестициялардын туруктуу агымын шарттай турганын көрүп жатабыз. Биздин максат — бизнес менен рынокко эл аралык соода чынжырчасына интеграциялануу үчүн e-commerce платформасын түзүп берүү. Мындай кадам өлкөнүн транспорттук-логистикалык потенциалын толук ачууга мүмкүнчүлүк берип, Евразиянын азыркы күндөгү транспорттук коридорлорунун картасында Кыргызстандын ордун бекемдээрине ишенем", — дейт Alkanov Group компаниясынын ээси Чыңгыз Алканов.
Бишкек шаарынын өзүндө А классындагы заманбап кампалар көп эмес, эң көрүнүктүүсү 2024-жылы ишке кирген 12 миң чарчы метр аянттагы "Неман-Фарм" компаниясынын кампа комплекси. Анткен менен Бишкекте да сактоочу жайлар көбөйөрү күтүлүп жатат.
"Кампа комплекстерин долбоорлоо техникалык компетенттүүлүктү, логистикалык процесстерди жана территориянын мүмкүнчүлүгүн тереңден билүүнү талап кылат. Кыргызстанда биз суроо-талап менен сапаттуу сактоочу жайлардын таңсыктыгынын жана өзгөчө инфраструктуралык чакырыктардын айкашуусуна күбө болдук. Ар кыл табиттеги ижарачылардын, ар түрдүү бизнестин талабына туура келген заманбап, ийкемдүү кампалар рыноктун келечеги экенине бекем ишенем. Стандартка төп келген, кесипөйлүк менен долбоорлонгон комплекстер гана өлкөнүн транзиттик жана логистикалык потенциалын күчөтө алат", — деди USMANOV Architects компаниясынын башкы директору Бахром Усманов.
Материал коммерциялык шартта жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0